Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиричилик кантип пайда болгон?

Тиричилик кантип пайда болгон?

Үчүнчү бөлүм

Тиричилик кантип пайда болгон?

ПЛАНЕТАБЫЗДА тиричилик кездешпеген жер жок. Кар баскан Арктикадан Амазонка дарыясынын айланасындагы нымдуу тропиктик токоюна, Сахара чөлүнөн Эверглейдс сазына дейре, океандын караңгы тереңдигинен ак мөңгү баскан тоолордун чокусуна чейин тиричилик бар. Ушунун өзү бизди таң калтырбай койбойт.

Тирүү жандардын түрлөрү, көлөмдөрү жана саны да таңыркатат. Планетабызда ызылдаган чымын-чиркейлердин, сойлогон курт-кумурскалардын миллиондогон түрү бар. Бизди курчап турган сууларда балыктын 20 000ден ашык түрү сүзүп жүрөт; кай бирлери күрүч данындай, башкалары килейген машинедей. Планетабызга өсүмдүктөрдүн 350 000дей түрү көрк берип турат; алардын кээ бири кызыктай көрүнсө, көбү укмуштуудай кооз. Көктө канаттуу-куштардын 9 000ден ашык түрү учуп жүрөт. Ушу жаратуулардын баары, алар менен бирге адам да биз тиричилик деп атап жаткан шартты жана шайкештикти түзөт.

Бирок тиричилик формаларынын ар түрдүүлүгүнөн да бизди алардын ортосундагы тыгыз байланыш таңдандырат. Биохимиктер, жердеги тирүү организмдерди терең изилдешкен адамдар, тиричиликтин бардык формалары: амёба болобу же адам болобу, укмуштуудай өз ара аракеттеништерден — нуклеин кислоталарынын (ДНК менен РНК) жана белок молекулаларынын бирдиктүү иш аткарышынан — көзкаранды деп түшүндүрүшөт. Ушул компоненттер катышкан татаал процесстер денебиздин дээрлик бардык клеткаларында, ал гана эмес, колибринин, арстандын жана киттин денесинде да жүрөт. Мына ошо жалпы өз ара аракеттениш тиричиликтин кереметтүү түрлөрүн жаратат. Мындай шайкештик кайдан келген? Тиричилик кантип пайда болгон?

Жер бетинде ар дайым эле тиричилик болуп келген эмес деген ойго силер да кошулат болушуңар керек. Аны окумуштуулар да жакташат, ошондой эле ал көптөгөн диний китептерде да айтылат. Ошондой болсо да, тиричиликтин жерде кантип пайда болгонун ушу эки булак — илим менен дин — эки башка түшүндүрөрү өзүңөргө деле белгилүүдүр.

Ар кайсы даражадагы билими бар миллиондогон адамдар жер бетиндеги тиричиликти акылдуу Жараткан, биринчи Долбоорчу, жараткан деп ишенишет. Көптөгөн окумуштуулар болсо тиричиликти акырындык менен жүрүп олтурган химиялык реакциялардан улам жансыз материядан кокус эле пайда болуп калган деп эсептешет. Ушул эки көзкараштын кайсынысы туура?

Булардын бизге тиешеси жок жана биз издеген маңыздуураак жашоо менен эч кандай байланышы жок деп ойлобойлу. Буга чейин белгиленип кеткендей эле, адамдын кандайча пайда болгондугу — адамдар жооп табууга аракеттенип жатышкан негизги суроолордун бири.

Илимий курстардын көбүндө тиричиликтин пайда болушуна байланышкан маанилүү маселеге эмес, түрлөрдүн чөйрөгө ыңгайланышы жана аман калышы жөнүндөгү маселеге көңүл бурулат. Тиричиликтин кантип пайда болгонун түшүндүрүп берүүгө жасалган аракеттер эмне деген корутундуларга барып такаларын байкагандырсыңар. Алардын бири — миллиондогон жылдар бою молекулалар кагылышып олтуруп, кандайдыр бир жол менен тиричиликти жараткан деген божомолдоо. Мындай жооп чындап эле канааттандырарлыкпы? Бул жооп Күндүн энергиясынын, электр разряддарынын же вулкандардын таасири астында кандайдыр бир жансыз материя кыймылдай баштаган, анан органикалык материяга айланып, акыр-аягы тирүү организм болуп калган, ошол эле учурда ал ошол баскычтардан эч кандай жетекчиликсиз өткөн дегенди билдирет. Кандай гана чукул өзгөрүш! Жансыз материя жандуу болуп калган! Ошондой болушу мүмкүнбү?

Орто кылымдарда мындай түшүнүктөр одоно көрүнгөн эмес, себеби ал кезде тиричиликтин өзүнөн өзү жаралуусу жөнүндөгү түшүнүк — жансыз материядан өзүнөн өзү эле тирүү организмдер пайда болот деген көзкараш — кеңири таралган болчу. Бирок XVII кылымда жашаган италиялык врач Франческо Реди бузулган этте личинкалар чымындар жумуртка таштагандан кийин гана пайда болорун далилдеген. Чымындар жолобогон этте личинкалар пайда болбойт. Чымын көлөмүндөгү тирүү организмдер өзүнөн өзү пайда болбосо, анда тамакта (бети жабык турабы же ачык турабы) микробдор өзүнөн өзү пайда боло алабы? Кийинчерээк жүргүзүлгөн эксперименттер микробдордун өзүнөн өзү пайда болбостугун көрсөтсө да, маселе талаш бойдон калды. Кийин Луи Пастердин эмгеги пайда болду.

Пастердин ачытуу табиятына жана жугуштуу ооруларга байланышкан кыйынчылыктарды чечүүгө кошкон салымы көптөрдүн эсинде бар. Ал тиричиликтин майда формалары өзүнөн өзү пайда боло аларын аныктоо максаты менен да эксперименттерди жүргүзгөн. Пастердин стерилденген, булганбаган сууда эң майда бактериялар да пайда болбой тургандыгын иш жүзүндө көрсөтүп бергенин окуган чыгарсыңар. Пастер 1864-жылы: «Өзүнөн өзү жаралуу доктринасы ушул жөнөкөй эксперименттин натыйжасында пайда болгон айыкпас жарадан эч качан сакайбайт»,— деп жарыялаган. Пастердин ырастоосу ушул убакка чейин калетсиз. Эксперимент жүргүзгөндөрдүн бири да жансыздан жандууну жарата алышкан жок.

Анда жердеги тиричилик кантип пайда болгон? Заманыбыздын ушул суроого жооп берүүгө жасаган аракеттеринин башталышы деп орус биохимиги Александр Иванович Опариндин эмгеги жарык көргөн 1920-жылдарды эсептөөгө болот. Адегенде Опарин, анан башка окумуштуулар Жер планетасынын сахнасында болуп өткөн деп ырасташкан үч көшөгөлүү драманын сценарийине окшогон эмгекти иштеп чыгышкан. Биринчи көшөгөсүндө жердин элементтери делген чийкизат молекулалардын топторуна айланган. Кийинки көшөгөсүндө макромолекулаларга чукул өзгөрүлгөн. Драманын акыркы көшөгөсүндө молекулалар биринчи тирүү клеткага чукул жерден өзгөргөн. Бирок чынында бардыгы ошондой болуп өттү беле?

Жердин алгачкы атмосферасы бүгүнкүдөн таптакыр башкача болгон деген божомолдоо бул драма үчүн абдан маанилүү. Бир теория боюнча, ошол атмосферада негизи бош кычкылтек жок эле, ал эми азот, суутек жана көмүртек болсо аммиак менен метанды түзгөн. Ага ылайык ошо газдардан жана суу буусунан турган атмосферадан өткөн электр разряддарынын жана ультракызгылт көк нурлардын таасири астында канттар жана аминокислоталар пайда болгон. Бирок мунун баары теория гана экенин эсибизден чыгарбайлы.

Бул теориялык драманын сценарийи боюнча, мындай молекулалык бирикмелер океандарга же суу чогулган башка жерлерге агып барган. Канттар, кислоталар жана башка бирикмелер убакыттын өтүшү менен коюу «баштапкы сорпо» болуп уюган, анын ичинде, мисалы, аминокислоталар кошулуп, белокторду түзгөн. Бул теориянын ыраатын улантып, нуклеотиддер деп аталган башка бирикмелер чынжыр түзүп, нуклеин кислоталарына, мисалы, ДНКга айланган. Мунун баары молекулалык драманын акыркы көшөгөсүнө даярдык болгон деп божомолдошот.

Бул драманын документ менен далилденбеген акыркы көшөгөсүн «махабат окуясы» деп атап койсо болот. Белок молекулалары жана ДНК кокустан эле жолугуп, бири-бири менен таанышып, кучакташып калышат, анан көшөгөнүн артынан биринчи тирүү клетка төрөлөт. Бул драманы «көрүп чыккандан кийин» силер: «Бул эмне, чындыкпы же жомокпу?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Жердеги тиричилик чын эле ушинтип пайда болгонбу?

Тиричилик лабораторияда пайда болгонбу?

Окумуштуулар 1950-жылдардын башында А. И. Опариндин теориясын эксперимент жүзүндө текшерип көрүүнү чечишкен. Тирүү материя тирүү материядан гана келери эчак эле такталган, бирок окумуштуулар жердеги шарт таптакыр башкача болгон болсо, анда тиричилик жансыз материядан акырындык менен пайда болушу мүмкүн эле деген гипотезаны айтышкан. Аны иш жүзүндө көрсөтүп берүүгө болот беле? Окумуштуу Гарольд Юринин лабораториясында иштеген Стенли Миллер суутек, аммиак, метан жана суу буусун (анын ою боюнча, жердин алгачкы атмосферасы ушул заттардан турган) аралаштырып, жылчыксыз идишке бекиткен. Ал идиштин ылдыйкы бөлүгүндө суу кайнап турган (ал океанды көрсөтүп турган), анан буу аркылуу электр разряддары (ал чагылгандын кызматын аткарган) өткөрүлгөн. Бир жума өтүп-өтпөй идиште кызарган илээшкек заттын тактары пайда болгон, Миллер аны изилдеп көргөндө, ал зат аминокислотага бай болуп чыгат; бул — белоктордун түзүлүүсүнө негиз. Бул эксперимент тууралуу силер жакшы билет чыгарсыңар, анткени аны бир канча жылдардан бери илимий эмгектерде жана мектеп китептеринде жер бетиндеги тиричиликтин кантип пайда болгонун түшүндүргөн эксперимент катарында айтып келишкен. Ал чын эле ошондой экспериментпи?

Бүгүн Миллердин экспериментинин маанилүүлүгү чындап эле шекке алынып жатат. («Мыкты, бирок шектүү тажрыйба» деген кутучаны карагыла, 36, 37-беттер.) А бирок, эксперименттин ийгиликтүү сыяктанышы окумуштууларга башка эксперименттерди жүргүзүүгө түрткү берген, эксперименттердин жүрүшүндө нуклеин кислоталарында (ДНК же РНКда) кездешүүчү компоненттер да алынган. Бул натыйжа ошол тармакта иштеген адистерге (аларды кээде тиричиликтин пайда болушун изилдеген адистер деп да аташат) дем берди, анткени аларга молекулалык драманын биринчи көшөгөсүн жасашкандай сезилген болчу. Көп өтпөй кийинки эки көшөгө да лабораториялык шарттарда көрсөтүлө тургандай сезилген. Бир профессор-химик: «Эволюциялык механизмдердин жардамы менен эң жөнөкөй тирүү организмдин пайда болушу көп өтпөй эле түшүндүрүлүп берилет»,— деп ырастаган. Ал эми бир автор: «Көптөр жазуучу Мэри Шелли оюнан чыгарган каарман д-р Франкенштейн жасагандай жакында „пробиркада“ жасалма жол менен тирүү жандыктарды жаратуу мүмкүн болот да, организмдин жаралышынын жана өрчүшүнүн процесси баштан-аяк ачылат деген ойдо болушкан»,— деген. Көптөр өзүнөн өзү жаралуунун сыры чечилди деп ойлошкон. («Оңдор, солдор» деген кутучаны карагыла, 38-бет.)

Көзкараштар өзгөрүүдө — суроолор жоопсуз калууда

Кийинчерээк оптимисттик көзкарашта болууга негиз жоюлду. Ондогон жылдар өтсө да, тиричиликтин пайда болушунун сыры ошо бойдон чечилген жок. Эксперимент жүргүзгөнүнөн 40 жылдай өткөн соң профессор Миллер «Сайентифик америкэн» журналына берген дилмаегинде: «Тиричиликтин келип чыгыш маселеси баштагыдан бир кыйла татаал болуп чыкты»,— деген. Башка окумуштуулардын да көзкараштары өзгөрүүдө. Мисалы, биология илиминин профессору Дин Кеньон 1969-жылдагы «Биохимиялык тагдыр» («Biochemical Predestination») деп аталган эмгектин авторлорунун бири болгон. Бирок кийинчерээк ал «материя менен энергия тирүү организмге өзүнөн өзү, эч кандай жардамсыз айланышы мүмкүн эмес» деген жыйынтыкка келген.

Чын эле, лабораториялык изилдөөлөр «тиричиликтин химиялык негиздери жөнүндөгү азыркы теориялардын түпкүрүндө кандайдыр бир кемчилик бар» деген Кеньондун оюн айгинелеп турат. Миллер жана башкалар аминокислоталарды синтездешкенден кийин окумуштуулар белоктор менен ДНКны алуу максатын коюшкан: аларсыз жерде тиричилик болмок эмес. Лабораторияларда жердеги алгачкы шарт делип коюлган шарттарды түзүп өткөргөн көптөгөн эксперименттер эмнени көрсөттү? Бир эмгекте: «Аминокислоталардын синтезделишиндеги бир топ эле ийгиликтүүлүктүн жана белок менен ДНКны синтездөө аракеттеринин эч натыйжасыздыгынын ортосунда таңдандырарлык карама-каршылык байкалып турат»,— деп айтылат («The Mystery of Life’s Origin: Reassessing Current Theories»). Белок менен ДНКны синтездөө аракеттери «дайыма натыйжасыздыгы» менен айырмаланып келет.

Табышмактуу болуп жаткан нерсе белоктун жана нуклеин кислоталарынын (ДНК же РНКнын) биринчи молекулаларынын кантип пайда болушу гана эмес. Алардын эмгектештиги да табышмактуу. Бир энциклопедияда: «Ушул эки молекуланын эмгектештигинен гана улам бүгүнкү күндө жер бетинде тиричилик бар»,— деп айтылат («The New Encyclopadia Britannica»). Анда мындай эмгектештик «тиричиликтин пайда болушундагы эң маанилүү жана чечилбеген маселелердин бири» бойдон калып жаткандыгы да белгиленген. Бул маселе, чынында эле, чечилбей келет.

«Тиричилик үчүн ырааттуу аракеттениш» деген А тиркемесинде (45—47-беттер) биздин клеткаларыбыздагы белоктор менен нуклеин кислоталарынын укмуштуудай өз ара аракеттеништери тууралуу негизги фактылар келтирилет. Денебиздин клеткаларынын дүйнөсү менен кыскача таанышуунун өзү эле ушул тармакта иштеген окумуштуулардын жетишкендиктерине суктандырат. Алар ар бир секунд сайын жүрүп жаткан жана дээрлик эч кимибиз ойлоп да койбогон абдан татаал процесстерди ачып беришти. Бирок, бир жагынан, бул процесстер ушунчалык татаал жана так болгондуктан, биз: «Мунун баары кантип жаралган?» — деген суроого кайрылып келебиз.

Тиричиликтин пайда болушун изилдеген адистердин жаралуу драмасынын чындыкка окшогон сценарийин түзүү аракетинен жазбай жатышканы силерге белгилүүдүр. А бирок алардын жаңы сценарийлеринин ишендирерлик далилдери жок. («„РНК дүйнөсүнөнбү“ же башка дүйнөдөнбү?» деген Б тиркемесин карагыла, 48-бет.) Мисалы, Майнц шаарынын (Германия) биохимия институтундагы окумуштуу Клаус Дозе: «Бул тармактагы негизги теориялардын жана эксперименттерге байланышкан азыркы талкуулашуулардын баарынын аягы туңгуюк менен же ката экенин моюнга алуу менен бүтөт»,— деп белгилеп кетет.

Тиричиликтин келип чыгышы жөнүндөгү маселе 1996-жылы өткөрүлгөн Эларалык конференцияда да чечилген эмес. «Сайенс» журналында билдирилип кеткендей, конференцияга чогулган 300 окумуштуу «биринчи молекулалардын [ДНК менен РНКнын] кантип пайда болгонунун жана кантип өзүн өзү өндүрө турган клеткаларга эволюцияланганынын сырын чечүү аракетин жасашкан».

Клеткаларыбыздын молекулалык деңгээлинде эмне болуп жатканын изилдөө үчүн же эң жок дегенде, түшүндүрүүгө аракеттенүү үчүн, акыл жана өзгөчө билим керек. Андай болсо «баштапкы сорподогу» татаал өрчүүлөр эч кандай жетектөөсүз, өзүнөн өзү жана кокустан эле жүрө баштаган деп ойлоо туурабы? Же ан үчүн көбүрөөк бир нерсе талап кылынды беле?

Табышмактар — эмне себептен?

Бүгүнкү күндө адам тиричилик өзүнөн өзү пайда болгон деген ойго негизделген гипотезалардын жарым кылымга жакын созулган тарыхынын үстүнөн жана ошолорду далилдеп берүү үчүн жасалган сан жетпеген аракеттердин үстүнөн ой жүгүртө алат. Бирок ойлонуп олтуруп, Нобель сыйлыгынын лауреаты Фрэнсис Криктин оюна кошулбай коюу кыйын. Тиричиликтин келип чыгышы жөнүндөгү теориялар тууралуу кеп салып, Крик «божомолдоолор абдан көп, фактылар өтө эле аз» экенин белгилеп кеткен. Жер бетиндеги тиричилик көп түрдүү жана татаал болгондуктан, ал атайлап жабдылган лабораторияда да (башкарылбаган чөйрөнү айтпай эле коёлу) өзүнөн өзү жарала калбайт деген жыйынтыкка фактыларды изилдеген кээ бир окумуштуулардын эмне себептен келип жатканы түшүнүктүү.

Эгерде бүгүнкү илим тиричиликтин өзүнөн өзү жаралышы мүмкүн экендигин далилдей албаса, анда кээ бир окумуштуулар эмненин негизинде андай теорияларды жактап жатышат? Ондогон жылдар мурун бул суроого профессор Жон Бернал «Тиричиликтин пайда болушу» деген китепте учкай жооп берген. «Бул маселеге [тиричиликтин өзүнөн өзү жаралуусуна] илимий ыкманын катуу талаптарын коюп, тиричиликтин эмне үчүн пайда боло алмак эместигин так көрсөтүүгө болот; биопоэздин кээ бир баскычтарынын болушунун ыктымалдыгы абдан эле аз, ал эми тиричиликтин пайда болушу өтө эле күмөндүү». Бернал: «Жер бетиндеги тиричилик түрлөрүнүн жана иш-аракеттеринин албан түрдүүлүгү эчактан бери эле бар, андыктан бул көзкарашты колдоо үчүн, тилекке каршы, фактыларды тиричиликтин бар экенин түшүндүргүдөй ыңгайлаштырууга туура келет»,— деп кошумчалаган. Андан бери жагдай өзгөргөн жок.

Ушундай пикирлердин артында кандай маани жатканын карап көрөлү. Алар мындай дегенге тете: «Илимий көзкараш боюнча, тиричилик өзүнөн өзү пайда боло алмак эмес деп ырастоо туура. Бирок биз жашоонун өзүнөн өзү жаралганына гана токтолобуз. Демек, далилдерди тиричиликтин өзүнөн өзү жаралганы тууралуу гипотезаны колдогудай кылып ыңгайлаштыруу зарыл». Мындай логика силерди канааттандырабы? Анда, ушу сыяктуу пикирлерди колдош үчүн, бардык эле фактыларды ыңгайлаштыра берүүгө туура келбейби?

Бирок фактыларды тиричиликтин пайда болушу жөнүндөгү үстөм көзкарашка ылайыкташтыруу максатында аларды бурмалоонун кереги жоктугун билген кадырлуу окумуштуулар бар. Андай окумуштуулар ошол фактылардын негизинде акылга сыярлык жыйынтыкка келишет. Алар кайсы фактылар жана кандай жыйынтыкка алып келет?

Маалымат жана акыл

Польша илимдер академиясынын дендрология институтунун белгилүү генетиги Мачей Гиертих документалдуу фильмде берген дилмаегинде мындай деген:

«Гендер канчалык көп маалыматтарды камтый тургандыгы бизге белгилүү болду. Ал маалыматтардын кантип өзүнөн өзү жаралып калганын илим түшүндүрүп бере албайт. Ан үчүн акыл керек, маалымат өзүнөн өзү пайда болбойт. Башаламан аралашып турган тамгалардан сөз түзүлө калбайт да». Ал: «Мисалы, өтө татаал ДНК, РНК жана клеткадагы белоктордун калыбына келтирүү системасы башынан эле жеткилең болууга тийиш эле. Антпесе, тирүү организмдер жашамак эмес. Чеги жок маалыматтын булагы акыл десек гана түзүк түшүндүрмө болот»,— деп кошумчалаган.

Тиричиликтин кереметтери тууралуу көбүрөөк билинген сайын, анын пайда болушуна акыл-эстүү булак талап кылынат деген жыйынтыкка келүү туурадай сезилет. Ал эмне болгон булак?

Буга чейин айтылып кеткендей, миллиондогон илим-билимдүү адамдар жердеги тиричиликти жогорку акыл, долбоорчу жараткан деген жыйынтыкка келишүүдө. Бул суроону калыстык менен изилдеп чыккандан кийин алар жадагалса азыркы илимий доордо забурчунун тээ мурун Кудай жөнүндө: «Өмүрдүн булагы Сенде»,— деп айткан сөздөрүнө кошулууну эп көрүшөт (Забур 35:10).

Белгилүү бир жыйынтыкка келген-келбегениңерге карабастан, жеке өзүңөргө тийиштүү болгон кереметтердин кээ бирлерин карап чыгалы. Бул силерди көбүрөөк канааттандырат, биздин жашообузга байланышкан суроо да бир топ түшүнүктүүрөөк болот.

[30-беттеги кутуча]

Кокустук ыктымалдыгы канчалык чоң?

Нобель сыйлыгынын лауреаты Христиан де Дюве тиричиликтин келип чыгышы жөнүндө кеп салып: «Дагы бир жолу айта кетсек, бардыгынын — баштапкы сорподон адамга чейинкилердин — баштапкы себеби кокустук болгон»,— деп айткан. А бирок кокустук тиричиликтин келип чыгышынын жөндүү түшүндүрмөсү боло алабы?

Кокустук деген эмне? Кээ бирөөлөр аны, мисалы, чүкө өкчөгөндөгү ыктымалдуулукка окшогон математикалык ыктымалдыкка теңдешет. Бирок көптөгөн окумуштуулар тиричиликтин пайда болушуна келгенде «кокустук» деген сөздү таптакыр башкача түшүнүшөт. Так аныкталбаган «кокустук» деген сөздү мааниси тагыраак «себеп» деген сөзгө алмаштырып коюшат, айрыкча, эгер себеп белгисиз болсо.

«„Кокустукту“ себептик фактор катары элестеткенибиз,— дейт биофизик Дональд Макай,— илимий түшүнүктөн анча-мынча диний мифологиялык түшүнүккө мыйзамченемдүүлүккө жатпаган жол менен өтүп кеткендикке тете». Роберт Спроул дагы ошол сыяктуу эле оюн айтат: «Белгисиз себепти узактан бери кокустук деп атап келатышкандыктан, жасалган алмаштыруу адамдардын эсинен чыгып баратат... „Кокустук белгисиз себепке барабар болсо керек“ деген болжолдоо көптөр үчүн „кокустук себепке барабар“ дегенди билдирип калды».

«Кокустук себепке барабар» деген багыттагы ойду Нобель сыйлыгынын лауреаты Жак Моно да колдонду. Ал мындай деп жазат: «Эволюциянын зор түзүлүшүнө кокустук — эч нерсеге көзкаранды болбогон сокур кокустук гана — баштапкы негиз болгон. Адам Ааламдын чексиз мейкиндигинде өзүнүн жалгыз экенин жана жөн эле бир кокустуктун натыйжасында жаралып калганын эми билип жатат». Мононун «кокустуктун натыйжасында» дегенине көңүл бурсаңар. Ал көптөр жасаганды жасап жатат, башкача айтканда, кокустукту тиричиликтин пайда болушуна себеп болгон күч менен бир даражага коюуда. Кокустук жердеги тиричиликтин пайда болушуна шарт түзгөн нерсе катары көрсөтүлүп жатат.

Кокустукка сөздүктөрдө «түшүндүрүлгүс окуяларды аныктоочу, болжолдуу, жаксыз, эч максатты көздөбөгөн фактор» деген түшүндүрмө берилет. Демек, кимдир бирөө тиричилик кокус эле жаралып калды деп айтса, ал тиричиликти белгисиз себептүү фактордон улам пайда болду деген болот. Кээ бирөөлөр «улуу урматтуу Кокустук» дегени менен, чынында, «Жараткан» деп жатышы мүмкүнбү?

[36-беттеги кутуча]

Мыкты, бирок шектүү тажрыйба

Стенли Миллер тарабынан 1953-жылы жүргүзүлгөн тажрыйба тиричиликтин өзүнөн өзү жаралышы мурда мүмкүн болгонуна далил катары көп келтирилет. А бирок Миллердин берген түшүндүрмөлөрүнүн баары жердеги алгачкы атмосфера «калыбына келүүчү» болгон деген болжолдоого негизделген. Бул ошол атмосферада эркин (химиялык жактан бирикпеген) кычкылтек абдан аз болгон дегенди билдирет. Эмнеликтен?

Эркин кычкылтек көп болсо, «бир да аминокислота пайда боло алмак эместиги, эптеп пайда болсо да, бат эле ажырап кетмектиги» * айтылат бир эмгекте («The Mystery of Life’s Origin: Reassessing Current Theories»). Алгачкы атмосфера деп атап коюшкан атмосфера жөнүндөгү Миллердин болжолдоосу эмнеге негизделген?

Тажрыйба жүргүзүлгөнүнөн эки жыл өткөндөн кийин жарыяланган докладында Миллер: «Бул ойлор, албетте, тек гана божомолдоо, себеби Жер оболу өнүгүп жаткан маалда атмосферанын калыбына келүүчү болгон-болбогонун биз билбейбиз... Буга таасын далилдер али табыла элек»,— деп жазган («Journal of the American Chemical Society», 1955-жыл, 12-май).

Деги кандайдыр бир далилдер табылды беле? Арадан 25 жылдай өткөн соң илимий публицист Роберт Кауэн: «Окумуштууларга божомолдоолорунун кээ бирлерин кайрадан карап чыгууга туура келип жатат... Суутекке бай, калыбына келүүчү атмосфера жөнүндөгү ойду коргоорлук далил жокко эсе; кээ бир далилдер болсо кайра ошол ойго каршы „сүйлөп жатат“»,— деп жазган («Technology Review», 1981-жыл, апрель).

Андан бери далилдер табылдыбы? Жон Хорген 1991-жылы «Сайентифик америкенде» мындай деп жазган: «Азыркы убакта Миллердин жана Юринин алгачкы атмосферага байланыштуу көзкарашына болгон шектенүүлөр көбөйдү. Эксперименттердин жана байыркы жер атмосферасын компьютер менен моделдөөнүн натыйжалары... окумуштууларга Күндүн азыркы кезде атмосферанын азону менен бир кыйла даражада тосулуп турган ультракызгылт көк нурлары атмосферадагы газдын суутектүү молекулаларын жоюп салмак деген жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет... Көмүр кычкыл газы менен азоттон турган андай атмосфера аминокислоталардын синтезделишине жарабайт болчу».

Анда эмне үчүн көптөр жердин алгачкы атмосферасы кычкылтеги аз, калыбына келүүчү болгон деп алигиче эсептешет? Сидней Фокс жана Клаус Дозе «Молекулярдуу эволюция жана тиричиликтин пайда болушу» деген китепте атмосферада мол кычкылтек боло алмак эместигин айтышат. Себеби, биринчиден, «лабораториялык тажрыйбалар атмосферада кычкылтектин болушу химиялык эволюцияга кыйла тоскоолдук кылмак экендигин көрсөтүп турат»; экинчиден, аминокислотага окшогон бирикмелер «кычкылтек бар болсо, геологиялык доорлор бою сактала алмак эмес».

Өзүнчө эле айлампа болуп жаткан жокпу? Алгачкы атмосфера калыбына келүүчү болгон деп эсептелет, антпесе тиричилик өзүнөн өзү жаралмак эмес. Бирок алгачкы атмосферанын калыбына келүүчү болгондугуна эч кандай кепилдик жок.

Дагы бир көңүлгө алчу нерсе, тажрыйба жүргүзүлүп жатканда газдардын аралашмасы — атмосфераны, электр разряды — чагылганды, ал эми кайнап жаткан суу океанды билдирсе, анда ал экспериментти даярдап жана жүргүзүп жаткан окумуштуу эмнени же кимди билдирет?

[Шилтемелер]

^ 48-абз. Кычкылтек — бул химиялык активдүүлүгү чоң элемент. Мисалы, ал темир менен бириксе, дат пайда болот, же суутек менен кошулса, суу пайда болот. Аминокислоталар түзүлүп жатканда абада эркин кычкылтек көп болсо, бул органикалык молекулалар пайда болор замат кычкылтек дароо аларга кошулмак да, аларды бузуп коймок.

[38-беттеги кутуча]

Оңдор, солдор

Белгилүү 100гө жакын аминокислотадан 20сы гана белокту түзүүдө катышат — алардын баары тең солдор. Окумуштуулар лабораторияда, алардын ою боюнча, баштапкы сорпонун шартына окшогон шарт түзүп, аминокислоталарды алышканда, оң жана сол молекулалардын саны бирдей болуп чыккан. «Мындай теңме-тең сандагы ажыроо жалаң гана сол аминокислоталардан көзкаранды болгон тиричиликти мүнөздөбөйт»,— деп жазылган «Нью-Йорк таймста». Тирүү организмдердин баары эмне себептен жалаң гана сол аминокислоталардан турары «чоң табышмак». Жадесе метеориттерден табылган аминокислоталарда да «солдор арбындык кылары көрүнүп турат». Тиричиликтин пайда болушун изилдеген д-р Жефри Бэйдэ мындай деген: «Биологиялык аминокислоталардын оң же сол экендигин аныктоодо, мүмкүн, жерден башка жактан келген кандайдыр бир таасир роль ойногон».

[40-беттеги кутуча]

«Чынында, жогорку билими бар жана өзүнүн идеяларына берилип, аларды коргоого аракеттенген кыйла биостук адамдын жараткан жана ойлоп чыгарган нерсесин бул эксперименттер биологиялык эмес синтездин иш-аракетине ыйгарат» («Origin and Development of Living Systems»).

[41-беттеги кутуча]

«Ойлонуштурулуп... жасалган иш-аракет»

Англис астроному Фред Хойл Ааламды жана андагы тиричиликти ондогон жылдар бою изилдеп келген, атүгүл жердеги тиричилик космостон кирген деген көзкарашты жактаган. Ал Калифорниядагы технология институтунда окуган дарсында аминокислоталардын белоктордогу жайгашуу тартибин баяндаган.

Хойл мындай деген: «Белоктун белгилүү бир ырааттуулукта бириккен аминокислота звенолорунун чынжырынан тургандыгы гана эмес, ошол ырааттуулуктун чынжырга өзгөчө касиет береринин өзү биологияда чоң кыйынчылык туудурат... Аминокислота звенолору кокустуктан улам байланышып калса, тирүү клетканын керегине жарабаган көп бирикмелер пайда болмок. Кадимки ферменттин чынжырында 200 звено болушу мүмкүн экени жана ар бир звенонун биригүүгө 20 мүмкүнчүлүгү бар экени эске алынса, анда пайдасы жок биригүүлөрдүн саны канчалык көп болмок экенин элестетүү кыйынга турбайт, ал сан эң чоң телескоптордон көрүнгөн галактикалардын баарындагы атомдордун санынан ашып түшөт. Бул жерде сөз бир эле фермент жөнүндө жүрүп жатат, ал эми андай ферменттердин саны 2000ден ашат жана алардын ар биринин өзүнүн аткарган функциясы бар. Канткенде ошондой байланыш түзүлүп калган?»

«Табигаттын сокур күчтөрүнүн таасири аркылуу тиричиликтин жаралышынын чексиз кичинекей ыктымалдыгына таянгандан көрө, тиричилик ойлонуштурулуп, максаттуу жасалган иш-аракеттин натыйжасында пайда болду деп болжолдоо дурусураак көрүнөт»,— деп кошумчалаган Хойл.

[35-беттеги кутуча]

«Стенли Миллер аркылуу алынган химикаттардын аралашмасынан көрө [эң эле кичине бактерия] адамдарга окшошуп турат, себеби бактерияда биологиялык системанын касиеттери башынан эле бар эмеспи. Ошондуктан аминокислоталардын аралашмасынын бактерияга айлануусунан ошо бактериянын адамга айлануусу оңоюраак» (биология илиминин профессору Линн Маргулис).

[44-беттеги кутуча]

Профессор Майкл Бихи мындай деген: «Өзүн акыл-эс катышпаган себептерди издөө менен чектелүүгө милдеттүүмүн деп эсептебеген адам биохимиялык системалардын көбү ойлонуштурулуп жаратылган деген тыянакка келбей койбойт. Алар табияттын мыйзамдарынан же кокустук менен айласыздыктан улам эмес, долбоордон улам жаралган... Жердеги тиричилик — анын негиз болгон деңгээлинде, анын эң керектүү кошундуларында ойлонуштурулуп жасалган иш-аракеттин жыйынтыгы».

[33-беттеги сүрөт]

Азыр көптөгөн окумуштуулар тиричилик үчүн зарыл болгон татаал молекулалардын өзүнөн өзү кандайдыр бир «баштапкы сорподо» жаралып кала алмак эместигин билишет.

[42-беттеги схема/сүрөт]

Денебиздин ар бир клеткасынын татаал дүйнөсүнө жана процесстерине кичине эле көз жүгүртсөк, мындай суроо туулат: мунун баары кантип пайда болгон?

Рибосомалар

Бул жерден белок синтезделет

Ядро

Клетканы башкаруучу борбор

Клетка мембранасы

Клеткага эмне кирип, эмне чыгып жатканын текшерип турат

Митохондрий

Клетканы энергия менен камсыз кылган молекулаларды жасоо борбору

Хромосомалар

Негизги генетикалык планга — ДНКга — ээ

Ядрочо

Бул жерден рибосомалар түзүлөт