Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Түбөлүккө маңыздуу жашоо өткөрүүгө умтулгула

Түбөлүккө маңыздуу жашоо өткөрүүгө умтулгула

Он биринчи бөлүм

Түбөлүккө маңыздуу жашоо өткөрүүгө умтулгула

КАЙ ЖЕРДЕ жашабайлы, илимий ачылыштар жөнүндө кабардар болуп турабыз. Биологдор, океанографтар жана илимдин башка тармактарында эмгектенген окумуштуулар планетабыз жана андагы тиричилик жөнүндөгү билимди ар дайым толуктап турушат. Ал эми астрономдор менен физиктер Күн системабыз, жылдыздар жана атүгүл алыскы галактикалар жөнүндө барган сайын көбүрөөк билип жатышат. Булардын баары эмнени көрсөтүп турат?

Көптөгөн кыраакы адамдар мурун жашап өткөн Дөөт падышанын: «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат»,— деген сөзүнө кошулушат (Забур 18:2). Кээ бирөөлөр буга кошулбашы же күмөн санаарын билдириши мүмкүн. Бирок ушул китепте келтирилген далилдер Жараткандын бар экенине жана анын биздин Ааламды жана андагы тиричиликти жаратканына ишенүүгө жетиштүү негиз берген жокпу?

Элчи Пабыл минтип жазган: «Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар актана алышпайт» (Римдиктерге 1:20). Буга чейинки бөлүмдөрдө берилген маалыматтарды карап чыгуудан кийин, Кудайдын «көрүнбөгөн табиятын» түшүнүү оңоюраак болууда. Бирок Жараткандын сапаттары көзгө көрүнгөн жаратылышта кантип чагылдырыларына байкоо жүргүзүүнү гана максат кылып алуу туура эмес. Эмне үчүн?

Көптөгөн окумуштуулар Ааламды абдан берилип изилдешет, бирок андан канааттануу алышпайт, жашоолору чыныгы маңызга толбойт. Мисалы, физик Стивен Вайнберг: «Аалам түшүнүктүүдөй көрүнгөн сайын, анын бар болушу маңызсыздай көрүнөт»,— деп жазган. «Сайенс» журналында астроном Алан Дресслер төмөнкүдөй көзкарашын билдирген: «Космология Кудайдын „акылын“ же „кол эмгектерин“ ачат дешкен изилдөөчүлөр, акыр-аягы, Ааламдын анчейин маанилүү болбогон жагын, анын түзүлүшүн гана, Кудай күчүнө ыйгарышат». Дресслер адамдардын эмне үчүн жашаарын түшүнүү алда канча маанилүү экенин көрсөткөн. Ал: «Адамдар Ааламдын кадимки [физикалык] борборунда жашайбыз деген байыркы ишенимден баш тартышты, бирок алар жашоонун маңызы адамдар деген ишенимге кайрылып келиши зарыл»,— деген.

Ооба, баарыбызды жашообуздун маңызы эмнеде экени абдан кызыктырышы керек. Жашообузду маңыздуураак кылуу үчүн, Жараткан же Улуу Долбоорчу бар экенин, биздин андан көзкаранды экенибизди моюнга алып коюу жетишсиз. Анын үстүнө, өмүр өтө эле кыскадай көрүнөт да эмеспи. Көптөр Уильям Шекспирдин пьесасындагы Макбеттикиндей сезимде болушкан:

«Өмүр — бул жөн гана көлөкө,

Жарым саат кылжаңдаган маскарапоз,

Кеткен соң, эч кимиси эстеп койбос;

Өмүр — бул макоонун жомогу

Сөз менен кумарга жык толгон,

Бирок маңызы жок болгону.

(«Макбет», V көшөгө, 5-көрүнүш.)

Жер жүзүндөгү адамдар ушул сөздөргө кошулушат. Ал эми өз башына кырсык түшкөндө Кудайдан жардам сурап «боздошоттур». Байыркы убакта Элийу аттуу акылман адам мындай деген: «Эзүүчүлөр көп болсо, эзилгендер онтошот, күчтүүлөрдүн колунан ыйлашат. Бирок бир да киши: „Менин... Жаратуучум кайда... асмандагы куштарга караганда бизге көбүрөөк акыл-эс берген Теңир кайда?“ — деп айтпайт» (Аюб 35:9—11).

Элийунун сөздөрү жашоонун чыныгы маңызы бизге, адамдарга, байланыштуу эмес экенин баса көрсөтүүдө. Бардыгынын маңызы Улуу Жаратканыбызда, демек, биздин жашообуздун чыныгы маңызы ар дайым Жаратканыбызга байланыштуу жана андан көзкаранды. Жашоонун маңызын түшүнүп, андан канааттануу алуу үчүн, Жаратканды жакшылап билүү жана анын эркине жараша жашоо зарыл.

Жаратканга кайрылгыла

Муса ошенткен. Ал: «Биздин өмүр жашыбыз — жетимиш жыл, ал эми күч-кубаттуу болсок — сексен жыл. Анын эң сонун учуру — эмгек жана оору»,— деген. Бирок Муса буга кайгырган эмес жана алдыга үмүтсүздүк менен караган эмес, тескерисинче, Жаратканга кайрылуунун канчалык маанилүү экенин аңдаган. Ал: «Акылдуу болушубуз үчүн, өлө тургандыгыбыз жөнүндө ойлоно жүргөндү үйрөт. Бизди Өзүңдүн ырайымыңа эртерээк тойгуз, ошондо биз өмүрүбүз өткөнчө кубанычка, шаттыкка бөлөнөбүз. Кудай-Теңирибиздин ырайымы биздин үстүбүздө болсун»,— деп тиленген (Забур 90:10, 12, 14, 17).

«Эртерээк тойгуз». «Өмүрүбүз өткөнчө кубанычка, шаттыкка бөлөнөбүз». «Кудай-Теңирибиздин ырайымы биздин үстүбүздө болсун». Бул сөздөрдү жазган адам жашоонун, адатта, адамдарга карматпаган маңызын түшүнгөн көрүнөт деген ой туулган жокпу?

Кудайдын алдындагы абалыбызды түшүнө билсек, жашоонун маңызын изилдөөдө маанилүү кадам жасаган болобуз. Аалам жөнүндөгү ар дайым толуктала турган билимдин да кандайдыр бир деңгээлде пайдасы тиет. Дөөт: «Сенин колуң жасаган асманыңды, Өзүң коюп койгон ай менен жылдыздарыңды карап туруп: „Сен унутпагыдай, адам ким? Өзүң келип тургудай, адам баласы ким?“ — деп ойлойм»,— деген (Забур 8:4, 5).

Бирок Жахабанын Күндү, Айды жана жылдыздарды, анан жердеги тиричиликтин албан түрүн жаратканына ишенүү аздык кылат (Некемия 9:6; Забур 23:2; Ышайа 40:26; Жеремия 10:10, 12). Жахабанын кайталангыс ысмы анын ой-ниеттердин Кудайы экенин жана өз эркин акырына чейин аткара аларын көрсөтөрүн билдик.

Ышайа: «Жерди жараткан, аны жасаган, аны орноткон, аны бекер эмес, жашоо үчүн жараткан Кудай-Теңир»,— деп жазган. Анан: «Мен Теңирмин, менден башка Теңир жок»,— деп Жахабанын сөзүн келтирген (Ышайа 45:18). Кийинчерээк Пабыл ишенимдештери жөнүндө: «Жакшы иштерди аткарышыбыз үчүн, биз Машайак Ыйса аркылуу жаратылганбыз»,— деген. Бул «жакшы иштердин» негизгиси — «Кудайдын ар тараптуу акылмандуулугу... аркылуу... эзелтеден берки максатын» жарыялоо (Эфестиктерге 2:10; 3:8—11). Кудайдын ой-ниетин билүүгө умтулуп жана ал билимибизге ылайык иш кылып, Жараткан менен өз ара мамиле өрчүтө алабыз жана өрчүтүүгө тийишпиз (Забур 94:3—6).

Бизди жакшы көргөн камкор Жараткан бар экенин түшүнүү бизге күч-аракет жумшоого дем бериши керек. Мисалы, ошондой түшүнүк башка адамдарга жасаган мамилебиз менен кандайча байланышарын карап көрөлү. «Жакырды кордогон адам анын Жаратканына акарат келтирет, ал эми Аны урматтаган адам муктаж болуп турган адамга жакшылык кылат». «Бардыгыбызды бир эле Кудай жараткан эмеспи? Анда эмне үчүн... бири-бирибизге ишенимсиз болуп жатабыз?» (Накыл сөздөр 14:31; Малахия 2:10). Демек, камкор Жараткан бар экенин аңдоо анын башка жараткан нерселерине көбүрөөк кам көрүүгө түрткү бериши керек.

Бул жагынан бизге Жараткандын өзү жардам берет. Жахаба азыр жерде жаңы эч нерсе жаратпаса да, ал башкача мааниде жаратып жатат десек болот. Ал анын жетекчилигин издеген адамдарга зор жардам берип келет. Күнөө кылгандан кийин Дөөт: «Кудайым, таза жүрөк жарат, рухумду жаңыла»,— деп сураган (Забур 50:12; 123:8). Ыйык Китепте да Кудайдын кызматчыларына курчап турган дүйнөнүн таасири менен калыптанган «эски адамдын мурдагы жүрүм-турумун таштоо керек экендиги», акыл-ойду жаңыртып туруу керек экендиги, «чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүү керек экендиги» айтылат (Эфестиктерге 4:22—24). Жахаба адамдарга Өзүнүкүндөй сапаттарды өрчүтүүгө жардам берүү менен, каймана мааниде, жаңы жүрөк жасап бере алат.

Бирок бул — биринчи эле кадамдар. Андан ары да кадам жасоо зарыл. Пабыл афиндиктердин билимдүүлөрүнө: «Дүйнөнү жана анын ичинде эмне болсо, ошонун бардыгын жараткан Кудай... мезгилдерди жана жашай турган жерлерди белгиледи. Адамдар Кудайды издешсин деп, Аны сезишер бекен, табышар бекен деп, Ал ушундай кылды. Бирок Ал ар бирибизге жакын»,— деген (Элчилер 17:24—27).

Билим жашоонун маңызын табууга жардам берет

Буга чейин талкууланган нерселерден көрүнүп тургандай, Жараткан өзү жөнүндө бизди курчап турган жаратылыш жана шыктандырылган Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу жетишерлик маалымат берген. Ал бизди билимибизди жана түшүнүгүбүздү тереңдетүүгө чакырат, атүгүл «деңиз сууга толгонсуп, жер Кудайдын билимине толгон» убак келерин алдын ала айтат (Ышайа 11:9; 40:13, 14).

Жараткан биздин 70 же 80 эле жыл эмес, андан да узак окуп, билимибизди кеңейтишибизди каалайт. Буга Ыйсанын: «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген белгилүү сөзү далил (Жакан 3:16).

«Түбөлүк өмүр». Бул жомок эмес. Тескерисинче, түбөлүк өмүр жөнүндөгү ой Кудай биринчи ата-энебизге, Адам ата менен Обо энеге, сунуш кылган келечекке шайкеш келет. Бул ой мээбиздин түзүлүшү жана жөндөмдүүлүктөрү жөнүндөгү илимий маалыматтарга да, Ыйсанын окууларына да төп келет. Түбөлүк өмүр Ыйсанын жарыялаган кабарында негизги орунду ээлеген. Элчилери менен өткөргөн акыркы түнү Ыйса: «Ал түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу»,— деген (Жакан 17:3).

Мурунку бөлүмдө айтылгандай, Ыйсанын түбөлүк өмүр жөнүндөгү убадасы миллиондогон адамдар үчүн мына ушу жакта, жер бетинде, аткарылат. Мындай үмүт адамдын жашоосун чыныгы маңызга толтурары күмөнсүз. Ал Жараткан менен болгон өз ара мамиленин өсүшүнө байланыштуу. Кудай менен болгон өз ара мамиле түбөлүк өмүр алуу үчүн азыртадан негиз салат. Бул силерге эмне деген келечекке жол ачарын элестетсеңер! Билим алууга, дүйнөнү таанууга, жаңы сезимдерди баштан кечирүүгө оору менен өлүм азыркыдай тоскоолдук кылбайт. (Салыштыргыла: Ышайа 40:28.) Ал кезде силер эмне кылат элеңер? Силерди эмне кызыктырарын, эмнени үйрөнүүнү жана кайсы суроолорго жооп табууну каалаарыңарды өзүңөр жакшы билесиңер. Ошолордун баарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу жашооңорду маңыздуураак кылат!

Пабылдын «жаратылгандын бардыгынын жок болуу кулдугунан чыгып, Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине ээ боло» турган убакты күткөнү бардык жактан негиздүү болгон (Римдиктерге 8:21). Бул эркиндикке ээ болгондор азыртадан эле жашоонун чыныгы маңызын билишет жана маңыздуу жашоо өткөрүп, Кудайды да даңкташат (Аян 4:11).

Бүт жер жүзүндө Жахабанын Күбөлөрү жашоонун маңызына байланыштуу суроону эчактан бери эле изилдеп келатышат. Алар адамдарга кам көргөн Жараткандын барына толук ишенишет жана башкаларга жашоонун чыныгы маңызын табууга кубаныч менен жардам беришүүдө. Силер да алар менен чогуу ой жүгүртсөңөр болот. Мындай ой жүгүртүү жашооңорду чыныгы маңызга толтурат!

[185-беттеги кутуча]

Кудай — кандай мааниде?

Фундаменталдуу өз ара аракеттешүү жөнүндөгү эмгегинде: «Окумуштуулар жана башка адамдар кээде „Кудай“ деген сөздү ушунчалык абстрактуу жана алыс бир нерсени белгилөө үчүн колдонушкандыктан, Ал жаратылыш мыйзамдары менен бирдей көрүлөт»,— деп жазган Нобель сыйлыгынын ээси Стивен Вайнберг. Ал мындай деп кошумчалайт:

«Менимче, „Кудай“ деген сөз, бери дегенде, анча-мынча түшүнүк бериши үчүн, анын табияттын жана Ааламдын мыйзамдарын гана эмес, жакшылык менен жамандыктын нормаларын орноткон, кайдыгер эмес Кудай, Жараткан, Мыйзам Чыгаруучу экенин жана анын биздин иш-аракеттерибизге көңүлкош карабаган, тактап айтканда, сыйынуубузга татыктуу Бирөө экенин билүү зарыл... Адамдар кылымдар бою дал ушундай Кудайга муктаж болуп келишкен» («Dreams of a Final Theory»).

[187-беттеги сүрөт]

Муса канчалык узак жашабайлы, жашообуздун чыныгы маңызы Жаратканга байланыштуу экенин түшүнгөн.

[190-беттеги сүрөт]

Жашоонун чыныгы маңызын аңдоо кең келечекке жол ачат.