Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Улуу Окутуучу Жараткан тууралуу билимибизди арттырат

Улуу Окутуучу Жараткан тууралуу билимибизди арттырат

Тогузунчу бөлүм

Улуу Окутуучу Жараткан тууралуу билимибизди арттырат

БИРИНЧИ кылымда Палестинада жашаган эл бир нерсени «күтүп жүргөн». Эмнени? Пайгамбарлар бир нече кылым мурун алдын ала айткан Машайактын — Мессиянын — келишин. Эл Ыйык Китептин Кудайдын жетекчилиги менен жазылганына жана анда келечек тууралуу пайгамбарлыктар камтылганына бекем ишенген. Ошондой пайгамбарлыктардын бири Даниел китебинде жазылган, анда Мессиянын биринчи кылымдын башында келери айтылган (Лука 3:15; Даниел 9:24—26).

Бирок адамдар сак болууга тийиш эле, себеби жалган мессиялар чыга баштаган (Матай 24:5). Алардын кээ бирлери жөнүндө эврей тарыхчысы Иосиф Флавий айтып өткөн. Алар төмөнкүлөр: өзүнө ишенгендерди Иордан дарыясына алып барып, дарыянын суусу экиге бөлүнөт деген Теда; адамдарды Зайтун тоосуна алып барып, анын буйругу боюнча Иерусалимдин дубалдары кулайт деп ишендирген мисирлик бирөө; башкаруучу Фесттин тушунда пайда болуп, кырсыктардын баарынан куткарууну убада кылган бир калпычы. (Салыштыргыла: Элчилер 5:36; 21:38.)

Ошо жалган мессияларга алданган адамдардан айырмаланып, Ыйсанын жолдоочулары деп аталган топ назареттик Ыйсанын улуу окутуучу жана чыныгы Мессия экенин аныктап билген (Элчилер 11:26; Марк 10:47). Ыйса алдамчы болгон эмес, анын Мессия экенине орчундуу далилдер бар болчу. Муну Инжил деп аталган төрт тарыхый китеп ырастап турат *. Мисалы, эврейлер Мессиянын Бейт-Лехемде төрөлүп, Дөөттүн тукумунан келиши керек экенин жана кереметтерди жасай турганын билишкен. Ыйса келгенде мунун баары аткарылган, муну атүгүл анын душмандары да четке каккан эмес. Ооба, Ыйык Китептеги Мессияга берилген мүнөздөмө Ыйсага туура келген (Матай 2:3—6; 22:41—45; Жакан 7:31, 42).

Көп адамдар Ыйсанын накыл сөздөрүн угуп, укмуштуудай иштерди жасаганын жана алдыны билүүгө жөндөмдүү экенин көрүп, анын Мессия экенине ынанышкан. Ыйса кызмат кылып жүргөн убакта (б.з. 29—33-жылдары) анын Мессия экени башка дагы көп далилдер менен бышыкталган. Бирок ал өзүнүн Мессия эле эмес экенин далилдеген. Фактыларга таянып, Ыйсанын бир окуучусу «Ыйса Кудайдын Уулу, Машайак» деген тыянак чыгарган * (Жакан 20:31).

Ыйса Кудай менен абдан жакын мамиледе болгондуктан, адамдардын Жараткан тууралуу билимин арттыра алган (Лука 10:22; Жакан 1:18). Ал Атасы менен болгон тыгыз кызматташтыгы асманда башталганын күбөлөндүргөн. Ыйса Кудай менен бирге эмгектенип, жандуу-жансыздын баарын жаратууга катышкан (Жакан 3:13; 6:38; 8:23, 42; 13:3; Колосалыктарга 1:15, 16).

Ыйык Китепте ошол Уул рухий чөйрөдөн жерге келип, «адамга окшош болуп» калганы айтылат (Филипиликтерге 2:5—8). Бул адаттан тыш көрүнүштөрдөн, бирок мындай өзгөрүү болушу мүмкүнбү? Окумуштуулар уран сыяктуу химиялык элементти башка элементке айлантууга болот деп ырасташат; алар массаны энергияга айлантканда кандай натыйжа болорун да эсептеп чыгара алышат (E=mc2). Андай болсо, Ыйык Китепте айтылгандай рухий жаратуунун адам болуп жашай алгыдай өзгөргөнүнө эмне үчүн күмөн санашыбыз керек?

Дагы бир көрсөтмөлүү мисал карап көрөлү: кээ бир врачтардын пробиркада уруктандыруу процессин жүргүзгөндө эмне кылышарын ойлоп көрсөңөр. Пробиркада өрчүй баштаган түйүлдүктү эненин жатынына которушат, анан ал ымыркай болуп төрөлөт. Ыйык Китепте Ыйсанын өмүрү Мариям аттуу кыздын боюна «Бардыгынан Жогору Тургандын күчү» менен көчүрүлгөндүгү айтылат. Ал кыз Дөөттүн урпактарынан болчу, ошондуктан Ыйса Дөөткө убадаланган мессиялык Падышалыктын түбөлүктүү мурасчысы боло алмак (Лука 1:26—38; 3:23—38; Матай 1:23).

Ыйса Жараткан менен тыгыз мамиледе болуп, ага окшош болгондуктан: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жакан 14:9). Андан тышкары, ал: «Атасынын ким экенин Уулу жана Уулу кимге ачып бергиси келсе, ошол адамдардан башка эч ким билбейт»,— деген (Лука 10:22). Демек, Ыйсанын жерде эмнеге үйрөтүп, эмне кылганын билүү менен биз Жараткан тууралуу билимибизди кеңейте алабыз. Келгиле, муну Ыйса менен сүйлөшкөн же аны менен жакын мамиледе болгон адамдардын мисалы аркылуу карап көрөлү.

Самариялык аял

Самариялык бир аял Ыйса менен бир аз сүйлөшкөндөн кийин: «Ал Машайак эмеспи?» — деп сураган (Жакан 4:29). Аял атүгүл жакын жерде жайгашкан Шекем шаарынын тургундарына Ыйса менен жолугууга түрткү берген. Анын Ыйсаны Мессия катары кабыл алышына эмне себеп болгон?

Ал аял Ыйсаны көргөн кезде, ал тоолуу Самариянын чаңдуу жолун басып келип, эс алып отурган. Чарчап турганына карабастан Ыйса аял менен сүйлөшкөн. Анын рухий темаларга абдан кызыгарын көрүп, Ыйса Атасына сыйынгандар «рух менен, чындык боюнча» сыйынышы зарыл экенин баса белгилеген да, терең чындыктар менен бөлүшкөн. Бир аз убакыт өткөндөн кийин өзүнүн чын эле Мессия экенин айткан; буга чейин бул жөнүндө эч кимге ачык айта элек болчу (Жакан 4:3—26).

Самариялык аял Ыйса менен болгон жолугушуусунун чоң мааниге ээ экенин түшүнгөн. Мурун ал Ыйык Жазманын биринчи беш китебине гана негизделген динди тутуп, Гаризим тоосуна барып сыйынган адамдардан болчу. Эврейлер самариялыктардан оолак жүрчү, анткени алардын көбү Ысрайылдын он уруусунун жана башка элдердин ортосундагы аралаш никелерден төрөлгөн болчу. Бирок Ыйса аларга такыр башкача мамиле жасаган. Ал «Ысрайыл элинин гана жоголгон койлоруна» жиберилсе да, самариялык аялды окутууга даяр экенин көрсөткөн (Матай 15:24). Муну менен Ыйса Жахабанын бардык элдердин арасындагы акниет адамдарды кабыл алууга даяр экенин айгинелеген (1 Падышалар 8:41—43). Ооба, Ыйса да, Жахаба да азыркы дүйнөгө кеңири тараган диний кастыктан алыс. Муну билүү бизге Жаратканга жана анын Уулуна жакындоого түрткү берет.

Ыйсанын ошол аялды окутууга даярдуулук көрсөткөнүнөн дагы бир нерсеге үйрөнүүгө болот. Ошо кезде ал аял күйөөсү болбогон бир эркек менен жашап жүргөн (Жакан 4:16—19). Бирок ушундан улам Ыйса аны менен сүйлөшпөй койгон эмес. Анын сылык мамилеси самариялык аялга жакшы таасир эткени шексиз. Мындай учурлар Ыйса жерде жүргөндө көп болгон. Кээ бир эврей жетекчилери (фарисейлер) Ыйсаны өкүнгөн күнөөкөрлөр менен тамактанып отургандыгы үчүн айыпташканда, ал: «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек. Баргыла да, „Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм“ деген сөздүн мааниси эмне экенин билип алгыла. Анткени Мен тобо кылууга адилеттүүлөрдү эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деп жооп берген (Матай 9:10—13). Кудайдын мыйзамдары менен нормаларын бузганы үчүн өкүнүп кыйналган адамдарга Ыйса жардам берген. Өзүлөрүнүн мурдагы жүрүм-туруму үчүн бушайман болгондорго Кудайдын жана анын Уулунун жардам берүүгө даяр экени кандай гана жубатат! (Матай 11:28—30) *.

Ыйсанын самариялык аял менен жылуу-жумшак сүйлөшкөнү эмне үчүн өзгөчө көңүл бурууга татыйт? Себеби ошол кезде эврей эркектери элдин көзүнчө аялдар менен, атүгүл өз зайыбы менен да сүйлөшүүгө болбойт деп үйрөтүлчү. Эврей раввиндери аялдарды терең рухий акыл-насааттарды түшүнө алышпайт жана алардын «акыл жөндөмдүүлүктөрү тайыз» деп эсептешкен. Кээ бирлери: «Мыйзам сөздөрүн аялдарга берүүдөн көрө өрттөп салган жакшы»,— дешкен. Ыйсанын окуучулары да ошондой чөйрөдө тарбияланышкан, ошондуктан Ыйсанын «аял менен сүйлөшүп жатканын көргөндө» таң калышкан (Жакан 4:27). Көптөгөн башка окуялардай эле, бул окуя Ыйсанын эркекке да, аялга да өмүр берип, экөөнү тең урмат-сыйга татыктуу деп эсептеген Атасынын сапаттарын чагылдырганын көрсөтүп турат (Башталыш 2:18).

Самариялык аял ошол маектешүүдөн кийин шаардагы башка адамдарды да Ыйсаны угуп көрүүгө көндүргөн. Алардын көбү фактыларды таразалап көргөн соң: «Анын, чын эле, дүйнөнүн Куткаруучусу, Машайак экенин билдик» — деп, Ыйсага ишенип калышкан (Жакан 4:39—42). Адамзат «дүйнөсүнө» биз да киргендиктен, Ыйсанын биздин да келечегибизге тийгизген таасири зор.

Балыкчынын пикири

Эми Ыйса жөнүндө анын эки жакын досу, Петир менен Жакан, кандай ойдо болгонун карап көрөлү. Бул жөнөкөй балыкчылар анын биринчи жолдоочуларынан болушкан (Матай 4:13—22; Жакан 1:35—42). Алар раввиндик билим алышпагандыктан, фарисейлер аларга бой көтөрүп караган. Фарисейлердин ою боюнча, алар «караңгы элдин» (амхаа́рец) арасынан чыккан «окубаган, жөнөкөй адамдар» болушкан (Жакан 7:49; Элчилер 4:13). Ошондой жөнөкөй адамдардын көбү, диний каада-салттарга бекем кармангандардын эзүүсүнөн «чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар», рухий билимге чаңкап жүрүшкөн. Париждеги Сорбонна университетинин профессору Шарль Гиньебер: «Алардын жүрөгү бүт бойдон Яхвеге [Жахабага] берилген болчу»,— деп айткан. Ыйса ошол жөнөкөй адамдарга аркасын салып, ал эми бай, абройлуу адамдарга жагынган эмес. Тескерисинче, ал өзүнүн окуулары жана адамдарга жасаган мамилеси менен Атасынын кандай экенин көрсөткөн (Матай 11:25—28).

Ыйсанын адамдарга кантип боор ооруганын Петир өз тажрыйбасынан билген. Ал Ыйсаны жолдогондон көп өтпөй, кайненеси ысытма менен ооруп калат. Ыйса Петирдикине келип, аялды колунан кармаганда, ал айыгып кетет! Бүгүнкү күндө дарыгерлер кээ бир оорулуулардын кантип айыкканын түшүндүрүп бере албагандай эле, Петирдин кайненесинин кандайча сакайганын так билбейбиз. Кандай болбосун, анын ысытмасы кайтып, айыгып кеткен. Оорулууларды кандай жол менен айыктырганын билүүдөн Ыйсанын аларга жардам берүүдө боорукердик көрсөткөнүн түшүнүү маанилүүрөөк. Ал, Атасына окшоп, адамдарга жардам берүүнү чын жүрөктөн каалайт (Марк 1:29—31, 40—43; 6:34). Ыйсанын иштерин көрүп, Петир Жараткандын ар бир адамды Өзүнүн камкордугуна татыктуу деп эсептээрин түшүнө алган (1 Петир 5:7).

Бир жолу Ыйса Иерусалим ийбадатканасынын аялдар короосунда адамдардын тартуулар салына турган кутуга акча салып жатканын карап турган. Байлар көп акча салып жатышкан. Көңүл коюп байкап турган Ыйса бир жесир аялдын казынага эки жез тыйын салганын көрүп, Петир, Жакан жана башкаларга мындай деген: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жарды жесир аял акча салгандардын бардыгынан көп салды. Анткени бардыгы өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды» (Марк 12:41—44).

Ыйсанын адамдардын жакшы жактарын издегенин жана ар бир кишинин аракетин баалаганын байкоого болот. Силердин оюңарча, бул Петирге жана башка элчилерге кандай таасир эткен? Ыйсанын үлгүсүнөн Жахабанын кандай экенин түшүнүп, Петир кийинирээк: «Теңир адил адамдарга назарын салат, алардын сыйынууларына кулак төшөйт» — деп, забурдан үзүндү келтирген (1 Петир 3:12; Забур 33:16, 17). Анда жакшы жактарыбызды табууга аракеттенген жана жалыныч-жалбарууларыбызды уккан Жаратканга жана анын Уулуна жакындагыбыз келбейби?

Петир Ыйса менен эки жылча чогуу жүргөндөн кийин, анын Мессия экенине көзү жеткен. Ыйса бир жолу шакирттеринен: «Эл Мени ким деп эсептейт?» — деп сураган. Ал ар кандай жооп алган. Анан: «Ал эми силер Мени ким деп эсептейсиңер?» — деп сураган. Буга Петир ишенимдүү түрдө: «Сен Машайаксың»,— деп жооп берген. Ошондо Ыйса окуучуларына «Өзү жөнүндө эч кимге айтпоону эскерткен». Бул көптөрдү таң калтырышы мүмкүн эле (Марк 8:27—30; 9:30; Матай 12:16). Ал эмне үчүн ошентип айткан? Өзү адамдардын арасында жүргөн соң, алардын ушак-айыңдардын негизинде жыйынтык чыгарышын каалаган эмес. Бул жүйөлүү эмеспи? (Жакан 10:24—26). Жараткан да биздин ал тууралуу негиздүү далилдерди жекече изилдеп билишибизди жана ишенимибиздин фактыларга негизделишин каалайт (Элчилер 17:27).

Ыйсаны Кудай колдоп жүргөнүнө көптөгөн далилдерди көрүшсө да, мекендештеринин кээ бирлери аны кабыл албай коюшкан. Өздөрүнүн коомдогу ордун же саясий максаттарын гана ойлогон көп адамдар акниет, момун Мессияны жактырган эмес. Кызматынын акырында Ыйса: «Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүргөн, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим... Канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуң. Мына, үйүң ээн калат!» — деген (Матай 23:37, 38). Бул элдин абалынын ошондой болуп өзгөргөндүгү Кудайдын бардык элдерге бата берүүгө байланышкан ой-ниетинин аткарылышына карата жасалган маанилүү кадам болгон.

Көп өтпөй Петир жана башка үч элчи Ыйсадан «дүйнөнүн акыры» жөнүндө пайгамбарлыкты угушат *. Ыйсанын алдын ала айткандары б.з. 66—70-жылдары римдиктер Иерусалимге кол салып, аны талкалаганда биринчи жолу аткарылган. Тарых далилдеп тургандай, Ыйса алдын ала айткандын баары аткарылган. Петир анын пайгамбарлыктарынын көбүнүн аткарылышына күбө болгон, алар жөнүндө Ыйык Жазмадагы Петирдин биринчи жана экинчи каттарында жазылган (1 Петир 1:13; 4:7; 5:7, 8; 2 Петир 3:1—3, 11, 12).

Кызмат кылып жүргөндө Ыйса айланасындагы эврейлерге чыдамкайлык жана боорукердик менен мамиле кылган. Ал туура эмес иш кылган адамдарды ашкерелөөдөн корккон эмес. Бул да Петирге Жаратканды жакшыраак билүүгө жардам берген, бизге да жардам берүүгө тийиш. Петир Ыйсанын пайгамбарлыгынын андан аркы аткарылышын көрүп, анын жолдоочулары «Кудайдын күнүнүн келишин» эстен чыгарбоого тийиш экенин жазган. Ошону менен бирге Петир: «„Кечигип жатат“,— деп, кээ бирөөлөр ойлошсо да, Теңир Өзүнүн убадасын кечиктирбей аткарат. Бирок Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы тобо кылышы үчүн, бизге көпкө чыдайт»,— деген. Анан «адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асман жана жаңы жер» тууралуу жубатарлык сөздөрдү жазган (2 Петир 3:3—13). Кудайдын Ыйса чагылдырган сапаттарын, Петирге окшоп, баалайбызбы жана Кудайдын убадаларына ишенебизби?

Ыйса эмне үчүн өлгөн?

Өлөрүнүн алдындагы түнү Ыйса элчилери менен чогуу тамактанган. Андай тамактын учурунда, адатта, эврей үй ээси ачык бут кийим менен чаңдуу жолду басып келген коноктордун бутун жууп, меймандостук көрсөтчү. Бирок элчилердин эч кимиси Ыйсага бутун жууп берүүнү сунуштаган эмес. Ошондуктан ал момундук көрсөтүп, сүлгү менен чылапчын алып, элчилердин буттарын жууй баштаган. Кезек Петирге келгенде, ал бутун Ыйсага жуудургандан уялып: «Мен бутумду Сага эч качан жуудуртпайм!» — деп жиберген. Буга Ыйса: «Эгерде Мен сенин бутуңду жуубасам, анда сен Мени менен үлүштөш болбойсуң»,— деген. Өлөрүнө аз калганын билгендиктен Ыйса андан ары: «Мен Теңир [«Эге», «ЖД»] жана Устат болуп туруп, бутуңарды жуудум. Демек, силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Анткени Мен силерге үлгү көрсөттүм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла»,— деп айткан (Жакан 13:5—17).

Ондогон жылдар өткөндөн кийин, Петир Ыйсанын жолдоочуларын, бут жууп эмес, башкаларга «үстөмдүк кылуу менен эмес», аларга момундук менен кызмат кылып, Ыйсаны тууроого чакырган. Ошондой эле Петир Ыйсанын үлгүсүнөн «Кудайдын текеберлерге каршы [экенин], ал эми момундарга ырайым кыларын» түшүнгөн. Бул Жараткандын кандай сонун сапаты бар экенин көрсөтүп турат! (1 Петир 5:1—5; Забур 17:36). Бирок Петир андан да көп нерсеге үйрөнгөн.

Ошол кечки тамактан кийин Жүйүт Искариот — ууру болуп калган элчи — Ыйсаны каматуу үчүн, куралдуу адамдарды ээрчитип келген. Петир аларга каршылык көрсөтүү аракетинде кылыч алып чыгып, жыйылган топтун арасынан бирөөнү жарадар кылып коёт. Ыйса Петирге: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт»,— деп эскертүү берет. Анан Ыйса Петирдин көзүнчө жарадарга колун тийгизип, аны айыктырып коёт (Матай 26:47—52; Лука 22:49—51). Ырас, «Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырган» Атасын туурап, Ыйса өзүнүн «душманыңарды сүйгүлө» деген окуусуна ылайык жашаган (Матай 5:44, 45).

Ошол беймазалуу түндө жүйүттөрдүн жогорку сотунда Ыйсанын иши шашылыш түрдө каралган. Аны Кудайга акарат келтирди деп ак жерден күнөөлөшүп, Рим башчысына алып барышкан да, адилетсиз түрдө өлүм жазасына өкүм кылышкан. Ыйсаны эврейлер да, римдиктер да шылдыңдашкан. Аны кордошуп, акыр-аягы асып өлтүрүшкөн. Мындай ырайымсыз мамиле кылымдар мурун жазылган пайгамбарлыктардын аткарылышынан кабар берген. Атүгүл Ыйсаны кыйноо мамысынан көргөн аскерлер да: «Бул чын эле Кудайдын Уулу болчу»,— дешкен (Матай 26:57—27:54; Жакан 18:12—19:37).

Сыягы, ошол окуялар Петирге жана башкаларга: «Ыйса эмне үчүн өлүшү керек эле?» — деген суроонун үстүнөн ойлонууга түрткү берген. Бул суроого алар кийинчерээк гана жооп алышкан. Баарынан мурда, ал окуялар аркылуу Машайак эврейлерге эле эмес, бүт адамзатка боштондук берери алдын ала айтылган Ышайа китебинин 53-бөлүмүндөгү пайгамбарлыктар аткарылган. Петир: «Күнөөдөн арылып, адил жашашыбыз үчүн, Ал биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнүн денеси менен жыгачка көтөрүп чыкты. Силер Анын жарааты менен айыктыңар»,— деп жазган (1 Петир 2:21—25). Ал Ыйсанын: «Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген»,— деп айткан сөздөрүнүн маанисин түшүнгөн (Матай 20:28). Ооба, адамзатты Адам атадан тукум кууп өткөн күнөөдөн бошотуу үчүн, Ыйса өзүнүн жеткилең адамдык өмүрүн кун катары бериши керек болчу. Кун жөнүндөгү окуу — бул Ыйык Китептеги негизги окуулардын бири.

Кун деген эмне? Аны мындайча түшүндүрүүгө болот: силердин компьютериңер бар дейли, бирок жакшы эле сыяктанган программага кимдир бирөө тарабынан киргизилген катанын (же вирустун) айынан электрондук файлдардын бири бузулуп калды. Адам ата атайылап Кудайды укпай койгондо же күнөө кетиргенде, анын эмне кылганын жогорку мисал ачык көрсөтүп турат. Ага кайра кайрылалы. Бузулган электрондук файлдан көчүрмө жасай турган болсоңор, ал көчүрмөлөрдүн баарына терс таасир тийгизет. Бирок абал таптакыр үмүт үзүп коёрлук эмес. Атайын программалардын жардамы менен файлдардагы катаны таап, компьютерден жок кыла аласыңар. Ушу сыяктуу эле, адамзатка Адам менен Ободон «вирус» (күнөө) өткөн, эми аны жок кылыш үчүн бизге сырттан жардам керек (Римдиктерге 5:12). Ыйык Китепте айтылгандай, Ыйсанын өлүмү аркылуу Кудай адамдарды күнөөлөрүнөн арылтып, таза абийирге ээ болууга мүмкүндүк берген. Сүйүү менен көрүлгөн бул чара бизге көп пайда алып келет (1 Корунттуктарга 15:22).

Ыйсанын куткаруу курмандыгы үчүн ыраазы болгон Петир андан аркы «жашоосун адамдык кумарлар менен эмес, Кудайдын эрки менен» өткөрүүгө түрткү алган. Ал үчүн Петир жаман адаттардан жана адеп-ахлаксыздыктан алыс болушу керек болчу; биз да ошентишибиз зарыл. «Кудайдын эркин» аткарууга умтулган адамга айланадагылар тоскоолдук кылууга аракеттениши мүмкүн. Ошого карабастан, ал Кудай менен жүргөндүктөн жашоосу көбүрөөк кубанычка жана маңызга толо баштаганын байкайт (1 Петир 4:1—3, 7—10, 15, 16). Петир муну өз тажрыйбасынан көргөн. Эгерде «жакшы иш кылуу менен» өз жаныбызды «ишенимдүү Жаратуучуга тапшырсак», биз бактылуу болобуз (1 Петир 4:19).

Сүйүүнүн көрсөтүлүшүнө күбө болгон шакирт

Элчи Жакан Ыйсаны жакшы билген, ошондуктан ал бизге Жараткан менен жакыныраак таанышууга жардам бере алат. Ал Инжил китебинен тышкары, дагы үч кат жазган (1, 2 жана 3 Жакан). Өзүнүн каттарынын биринде Жакан: «Кудайдын Уулу келип, бизге Чыныгыны [Жаратканды] таанып-билүү үчүн акыл бергенин да билебиз. Ошондуктан биз Чыныгы менен анын Уулу Ыйса Машайак аркылуу бирдиктебиз. Бул — чыныгы Кудай жана түбөлүк өмүр»,— деген ойду айткан (1 Жакан 5:20, «ЖД»).

«Чыныгыны» таанып-билүү үчүн, Жаканга «акылын» колдонуу керек эле. Жараткандын сапаттары жөнүндө Жакан эмнелерди билген? «Кудай — сүйүү,— деп жазган Жакан.— Сүйүп жашаган адам Кудайдын ичинде жашайт [«Кудай менен биримдикте», «ЖД»]». Эмне үчүн Жакан буга бекем ишенген? Ал: «Сүйүү деген мындай: биз Кудайды сүйгөн жокпуз, бирок Ал бизди сүйгөндүктөн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өз Уулун ырайым курмандыгы катары берди»,— деп жазган (1 Жакан 4:10, 16). Петир сыяктуу эле, Жакан да Кудайдын өз Уулун биз үчүн өлүүгө жиберип сүйүү көрсөткөнүнө баа берген.

Жакан Ыйса менен абдан ынак болгондуктан, анын сезимдерин түшүнө билген. Иерусалимден алыс эмес жердеги Бетанияда болгон окуя Жаканга терең таасир калтырган. Досу Лазардын катуу ооруп калганын угуп, Ыйса Бетанияга жөнөгөн. Ал элчилери менен айылга келгенде Лазардын өлгөнүнө баш-аягы төрт күн болуп калган. Жакан өмүрдүн Булагы болгон Жараткандын Ыйсага өзгөчө күч бергенин билген. Бирок Ыйса Лазарды тирилте алат беле? (Лука 7:11—17; 8:41, 42, 49—56). Лазардын биртууганы Мартага Ыйса: «Бир тууганың тирилет»,— деген (Жакан 11:1—23).

Анан Жакан Ыйсанын алдынан тосуп чыккан Лазардын дагы бир биртууганы Мариямды көргөн. Ошондо Ыйса кандай сезимде болгон? Анын «каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздаган». Устатынын сезимин сүрөттөөдө Жакан жүрөктөн оргуштап чыккан терең сезимдерди билдирүүчү грек сөзүн (кыргызчага «каңырыгы түтөп» деп которулган сөздү) колдонгон. Жакан анын жүрөгү сыздап кыйналганын жана кайдыгер же таш боор адам болбогонун көргөн. Ыйса «көзүнө жаш алган» (Жакан 11:30—37). Анын мындай күчтүү сезимдерди көрсөткөнү Жаканга Жараткандын кандай сезимдерге ээ экенин түшүнүүгө жардам берген, бизге да жардам бериши керек.

Жакан Ыйсанын сезимдери жакшы иштер менен коштолгонун да байкаган, себеби анын бийик үн менен: «Лазар, чык»,— дегенин уккан. Лазар тирилип, мүрзөдөн чыгып келген! Анын биртуугандары жана алардын жанындагылар кандай гана кубанышкан! Ошондо Ыйсага көптөр ишенип калышкан. Атүгүл душмандары да анын ошол кереметти жасаганын четке кага алышкан эмес, бирок бул жөнүндө кеңири белгилүү болгондо, алар Ыйсаны эле эмес, «Лазарды да өлтүрүү жөнүндө чечим чыгарышкан» (Жакан 11:43; 12:9—11).

Ыйык Китепте Ыйса Жараткандын «табиятынын толук көчүрмөсү» деп сүрөттөлөт (Эврейлерге 1:3). Ыйсанын кызматынан анын жана Атасынын оору менен өлүмдү жок кылууну абдан каалашарына жетиштүү далилдерди көрүүгө болот. Алар бул каалоосун келечекте ишке ашырат. Ошондо Ыйык Китепте айтылган тирилүүлөрдөн алда канча көп кереметтер болот. Жакан Ыйсанын: «Мүрзөдө [«эстелүүчү көрлөрдө», «ЖД»] жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— дегенин уккан (Жакан 5:28, 29). Жакандын бул жерде кадимки мүрзөнү билдирүүчү сөздү эмес, «эстелүүчү көрлөр» деген сөздү колдонгонун байкасаңар. Эмне себептен?

Себеби бул жерде Кудайдын эстутуму жөнүндө айтылууда. Албетте, учу-кыйыры жок Ааламдын Жаратуучусу бардык өлгөн жакындарыбыз жөнүндө ар бир майда-барат маалыматты, тукум кууп өткөн жана өзүлөрү өрчүткөн мүнөздөрүн кошо эсине сактап кала алат. (Салыштыргыла: Ышайа 40:26.) Бул Жахабанын да, Уулунун да аларды эстей ала турганын эле эмес, аларды эсине сактоону каалаарын да билдирет. Тирилүүгө болгон кереметтүү үмүт тууралуу сөз кылып, ишенимдүү Аюб: «Адам өлгөн соң, кайра жашамак беле?.. Сен [Жахаба] чакырсаң, мен Сага жооп берер элем. Ошондо Сен Өз колуң менен жаратканыңа ырайым кылар элең [«колдоруң жаратканды сагынып куса болосуң», «ЖД»]»,— деп айткан (Аюб 14:14, 15; Марк 1:40—42). Биздин кандай гана сонун жана сыйынууга татыктуу Жаратканыбыз бар!

Тирилтилген Ыйса — маңыздуу жашоонун ачкычы

Элчи Жакан Ыйсаны ал өлгөнгө чейин коштоп жүргөн. Андан сырткары, ал маңыздуу, түбөлүк жашоого бекем негиз болуп бере турган эң жакшы тирилүү жөнүндө жазган.

Душмандар Ыйсаны кылмышкер катары мамыга мык менен кадап өлтүрүшкөн. Ыйса мамыда азап чегип жаткан убакта айланасындагы адамдар менен кошо диний жетекчилер аны мазакташкан. Азап тартып жатканына карабай, мамынын жанында турган энесин көрүп, Ыйса ага Жаканды көрсөтүп: «Аял! Бул сенин уулуң»,— деген. Ал кезде Мариям жесир болуп калса керек эле, ал эми анын башка балдары Ыйсанын шакирттеринен боло элек болчу *. Ошондуктан Ыйса улгайган энесин окуучусу Жаканга табыштаган. Адамдарды жетим-жесирлерге кам көрүүгө үндөгөн Жараткандын ой жүгүртүүсү ушунда дагы чагылдырылган (Жакан 7:5; 19:12—30; Марк 15:16—39; Жакып 1:27).

Бирок, Ыйса өлсө, анда убадаланган «тукум» катары өз ролун кантип аткармак жана кандайча ал «аркылуу... бүт жер жүзүнүн элдери бата алышмак»? (Башталыш 22:18). Б.з. 33-жылы апрелде Ыйса өз өмүрүн кун катары берген. Эч кандай күнөөсү жок Уулунун азап чегүүсүн көрүп, мээримдүү Атасы абдан кыйналган. Бирок ошондой жол менен адамзатты күнөөнүн жана өлүмдүн кулчулугунан бошотуу үчүн зарыл болгон кундун баасы төлөнгөн (Жакан 3:16; 1 Жакан 1:7). Ошентип, Кудайдын алгачкы ой-ниетинин аткарылышына негиз салынган.

Ыйса Машайакты кайрадан жашоого алып келүү керек болчу, анткени ал Кудайдын ой-ниеттеринин аткарылышында башкы ролду ойнойт. Жакан анын жашоого кайра келгенин күбөлөндүргөн. Ыйса өлүп, коюлганынан үч күн өткөндөн кийин, таң атпай шакирттеринин айрымдары мүрзөгө барышат. Мүрзө болсо бош болуп чыгат. Тирилтилген Ыйса адамдарга көрүнгөнгө чейин, шакирттери анын эмне болгонун түшүнбөй маң болушат. Магдалалык Мариям Ыйсаны көргөнүн айтат. Бирок шакирттер ишенбей коюшат. Кийинчерээк алар кулпуланган бөлмөгө чогулганда, Ыйса кайрадан пайда болуп, алар менен сүйлөшөт. Анын чын эле тирүү экенине бир нече эле күндүн ичинде 500дөн ашык адам күбө болгон. Ошол убактагы скептиктер ишенимге татыктуу күбөлөр менен маектешип, алардын айткандарын текшере алышкан. Ыйсанын жолдоочулары анын тирилип, Кудайдыкындай рухий денеге ээ болгонуна шек санашкан эмес. Анын тирилгенине далилдер ушунчалык жетиштүү жана ынандырарлык болгондуктан, көптөр бул фактыны четке какканга караганда өлүмгө даяр болууну артык көрүшкөн (Жакан 20:1—29; Лука 24:46—48; 1 Корунттуктарга 15:3—8) *.

Элчи Жаканды да Ыйсанын тирилгени жөнүндө күбөлөндүргөнү үчүн куугунтукка алышкан (Аян 1:9). Бирок сүргүндө жүрүп Жакан укмуштуудай сыйлык алган. Ыйса ага Жараткан жөнүндөгү жана келечекте боло турган окуялар тууралуу түшүнүгүбүздү кеңейте турган бир катар аяндарды көрсөткөн. Аларды көптөгөн каймана маанидеги образдарды камтыган Аян китебинен табууга болот. Бул китепте Ыйса Машайак өзүнүн душмандарын бүт бойдон жок кыла турган жеңүүчү Падыша катары сүрөттөлөт. Ошол душмандардын арасында өлүм (жалпы душманыбыз) жана Шайтан деп аталган каардуу рухий жаратуу да бар (Аян 6:1, 2; 12:7—9; 19:19—20:3, 13, 14).

Бул пайгамбарлыктын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Жаканга жер бети бейишке айланары көрсөтүлгөн. Асмандан угулган үн ошол кезде өкүм сүрө турган шарттарды мындайча сүрөттөгөн: «Кудай Өзү алар [адамзат] менен болуп, алардын Кудайы болот. Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен» (Аян 21:3, 4). Кудайдын Ыбрайымга берген убадасы ушундайча аткарылып, ой-ниети бүт бойдон ишке ашат (Башталыш 12:3; 18:18).

Ошондо биз Адам ата айрылып калган чыныгы жашоого, «түбөлүк өмүргө» ээ болобуз (1 Тиметейге 6:19). Ал убакта Жаратканды табуу жана аны менен кандай мамиледе болуу керек экенин түшүнүү кыйын болбойт. Бирок буга байланыштуу төмөнкүдөй суроолор туулушу мүмкүн: ал заман качан келет? Эмне себептен камкор Жаратканыбыз жамандыктын жана азап-тозоктун өкүм сүрүшүнө ушу кезге чейин жол берип келет? Эми ушул суроолорго токтолуп кетели.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Матай, Марк жана Жакан окуяларга өздөрү күбө болушкан. Лука окуяларды өз көзү менен көргөн адамдардын күбөлөндүрүүлөрүн жана документтерди кылдаттык менен изилдеп чыккан. Инжилдер — акыйкат, так жана ишенүүгө татыктуу билдирүүлөр. (Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Бардык адамдар үчүн китеп» аттуу китепченин 16, 17-беттерин карагыла.)

^ 6-абз. Куранда мындай деп айтылат: «Анын аты — Масих Ыйса бинни Мариям болуп, ал бул дүйнөдө жана Акыретте абройлуу жана (Алланын) жакындарынан (болот)» (Сүрө 3:45, Алауддин Мансурдун котормосу). Ыйсаны Мариям төрөгөн. Ал эми атасы ким эле? Куранда: «Ыйсанын мисалы Алланын алдында дал эле Адамдын мисалы сымал»,— деп айтылат (Сүрө 3:59, Алауддин Мансурдун котормосу). Ыйык Жазмада Адам ата «Кудайдын Уулу» деп аталат (Лука 3:23, 38). Адам атанын да, Ыйсанын да атасы адамдардан болгон эмес, башкача айтканда, экөө тең жыныстык мамиленин натыйжасында жаралган эмес. Демек, Ыйса да, Адам ата да Кудайдын уулу болгон.

^ 15-абз. Забур 102-бөлүмдөн жана Ышайа 1:18—20-аяттардан Ыйса менен Жахабанын адамдарга жасаган мамилелери бирдей экендиги көрүнүп турат.

^ 25-абз. Бул пайгамбарлыкты Матай 24-бөлүмдөн, Марк 13-бөлүмдөн жана Лука 21-бөлүмдөн окуса болот.

^ 45-абз. Алардын, жок дегенде, экөө кийинчерээк шакирт болуп, бекемдээрлик каттарды жазышкан, алар — Ыйык Китептеги Жакыптын жана Жүйүттүн каттары.

^ 47-абз. Жогорку даражалуу римдик офицер тирилген Ыйсаны өз көзү менен көргөн Петирдин: «Бүт Жүйүт аймагында эмнелер болгондугун... билесиңер... Аны Кудай үчүнчү күнү тирилтип... бизге көрсөттү. Тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттой турган, Өзү тарабынан дайындалган Сот Ошол экенин жарыялоону жана күбөлөндүрүүнү Кудай бизге буйруду»,— деп айтканын уккан (Элчилер 2:32; 3:15; 10:34—42).

[150-беттеги кутуча]

Петирдин кайненесин Ыйса кантип айыктырганы жөнүндө маанилеш билдирүүлөрдү салыштырып окуп көрсөңөр болот (Матай 8:14—17; Марк 1:29—31; Лука 4:38, 39). Дарыгер Лука медициналык терминди колдонуп, ал аялдын «ысытма оорусу менен ооруп жатканын» тактап айткан. Ыйсага ошол аялды жана башкаларды айыктырууга эмне жардам берген? «Теңирдин күчү оорулуулардын айыгуусу аркылуу көрүнүп жатты»,— деп жазган Лука (Лука 5:17; 6:19; 9:43).

[152-беттеги кутуча]

Эң улуу насаат

Индиялык жолбашчы Мохандас Ганди бир насааттагы принциптер боюнча жашап, «биз... бүткүл дүйнөнүн чечилбеген маселелерин чече аларыбызды» айткан. Белгилүү антрополог Эшли Монтегю жазгандай, адамдардын психикасына сүйүү кандай маанилүү таасир тийгизери жөнүндөгү азыркы илимий ачылыштар ошол насаатта айтылгандарды «тастыктап» турат.

Бул адамдар Ыйсанын Тоодогу насааты жөнүндө айтышкан. Ганди «бул насааттын принциптери ар бир адамга жана баарыбызга арналганын» да айткан. Жакында эле профессор Ганс Дитер Бетц Тоодогу насааттын иудаизмге, христианчылыкка, атүгүл Батыш маданиятына эле эмес, дээрлик бүткүл адамзатка таасир эткенин айткан.

Ушул кыска, бирок кызыктуу насаатты окуп чыгууга эмне үчүн болбосун? Аны Матай 5—7-бөлүмдөрдөн жана Лука 6:20—49-аяттардан табууга болот. Ушул эң улуу насаатта камтылган негизги ойлордун айрымдары булар:

Кантип бактылуу болууга болот? (Матай 5:3—12; Лука 6:20—23).

Канткенде өзүн өзү сыйлоо сезимин сактай алабыз? (Матай 5:14—16, 37; 6:2—4, 16—18; Лука 6:43—45).

Башкалар менен болгон мамилебизди кантип жакшырта алабыз? (Матай 5:22—26, 38—48; 7:1—5, 12; Лука 6:27—38, 41, 42).

Никедеги кыйынчылыктардан канткенде качууга болот? (Матай 5:27—32).

Түйшүктөрдү кантип жеңүүгө болот? (Матай 6:25—34).

Жалган динди кантип айырмалап билүүгө болот? (Матай 6:5—8, 16—18; 7:15—23).

Жашоонун маңызын кантип табууга болот? (Матай 6:9—13, 19—24, 33; 7:7—11, 13, 14, 24—27; Лука 6:46—49).

[158-беттеги кутуча]

Айтканын иши менен бышыктаган адам

Ыйса Машайак эчтеке кылбай, элден обочолонуп жүргөн адам болгон эмес. Ал дайым айтканын иши менен бышыктаган. «Тегеректеги айыл-кыштактарды кыдырып, элди окутуп», Ыйса «койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калган» адамдарга жардам берген (Марк 6:6; Матай 9:36; Лука 8:1). Бүгүнкү бай диний жетекчилердин көбүнөн айырмаланып, Ыйса өзүнө байлык топтогон эмес; анын «баш калкалар жери жок» болгон (Матай 8:20).

Ыйса адамдарды рухий жактан айыктырып, аларга рухий тамак берүүгө көбүрөөк көңүл бурса да, алардын денелик муктаждыктарын унуткан эмес. Ал оорулууларды, шал болгондорду жана жин оорулууларды айыктырган (Марк 1:32—34). Боорукер болгондуктан ал эки жолу миңдеген угуучуларын тамактандырган (Марк 6:35—44; 8:1—8). Адамдарга кам көргөндүктөн кереметтерди жасаган (Марк 1:40—42).

Ыйса ийбадаткананы ачкөз соодагерлерден чечкиндүүлүк менен тазалаган. Аны көрүп тургандар забурчунун: «Сенин үйүңө болгон кызганыч Мени жеп жатат»,— дегенин эстешкен (Жакан 2:14—17). Ал экижүздүү диний жетекчилерди эржүрөктүүлүк менен айыптаган (Матай 23:1—39). Дүйнөдө көрүнүктүү абалды ээлеген адамдардын кысымына да жеңдирген эмес (Матай 26:59—64; Жакан 18:33—37).

Анын жигердүү кызматы жана иш-аракеттери жөнүндө окуп жатканда кошкөңүл калуу мүмкүн эмес. Ыйса тууралуу билүүнү каалагандардын көбү Марктын кыска, бирок нуска билдирүүсүн окуудан башташат.

[164-беттеги кутуча]

Ыйса аларга иш-аракет кылууга түрткү берген

Элчилер китебинен Петир, Жакан жана башкалар Ыйсанын тирилүүсү тууралуу кантип күбөлөндүрүшкөнү жөнүндөгү тарыхый фактыларды табууга болот. Бул китепте Ыйсанын жолдоочуларын ырайымсыздык менен куугунтуктаган Шабыл (Пабыл) аттуу билимдүү, мыйзамды ынталуулук менен изилдеген адам катышкан окуяларга көп көңүл бөлүнөт. Ага тирилген Ыйса көрүнгөн (Элчилер 9:1—16). Пабыл Ыйсанын тирүү жана асманда экендигине төгүндөлгүс далил алган соң, ал жөнүндө эврейлерге жана башка улуттагы элдерге, философторго жана башкаруучуларга күбөлөндүрүү берген. Анын ошондой илим-билимдүү, беделдүү адамдар менен кантип аңгемелешкени тууралуу окуу адамды таасирлентпей койбойт (Элчилер 17:1—3, 16—34; 26:1—29).

Пабыл ондогон жылдардын ичинде Жаңы Осуят же Грек Жазмалары деп аталган китептин көп бөлүгүн жазган. Ыйык Китептин котормолорунун көпчүлүгүндө аларга кирген китептердин тизмеси берилет. Алардын он төртүн: Римдиктерге арналган каттан Эврейлерге жолдонгон катка чейин Пабыл жазган. Аларда терең чындыктар талкууланган жана Ыйсанын ошол убактагы жолдоочулары үчүн зарыл болгон жетекчилик берилген. Биз Ыйсанын окууларын уккан, иштерин жана тирилүүсүн өз көзү менен көргөн элчилер жана башка күбөлөр менен түздөн-түз пикир алыша албагандыктан, ал каттар биз үчүн ого бетер баалуу. Пабылдын каттары үй-бүлөлүк жашообузда бактылуу болууга, кесиптештерибиз, кошуналарыбыз менен жакшы мамиледе болууга, ошондой эле маңыздуу, кубанычтуу жашоо өткөрүүгө жардам бере алат.

[146-беттеги сүрөт]

Окумуштуулар пробиркада уруктандыруу процессин жүргүзүшөт. Адам болуп төрөлүшү үчүн Жараткан Уулунун өмүрүн кыздын боюна көчүргөн.

[148-беттеги сүрөт]

Ыйсанын адамдарга кандай мамиле кылганын уккан-көргөндөр анын Атасын жакшыраак таанып-билишкен.

[154-беттеги сүрөт]

Ыйса элчилеринин бутун жууп, Жараткан баалаган момундук сапатын көрсөткөн.

[157-беттеги сүрөт]

Катаны (же вирусту) компьютерден алып салууга болот. Тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктен кутулуу үчүн, адамдар Ыйса төлөгөн кунга муктаж.

[163-беттеги сүрөт]

Кээ бирөөлөр Ыйсанын (мына буга окшогон) көргө коюлганына жана үчүнчү күнү тирилгенине күбө болушкан.