Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамды эмне арам кылат?

Адамды эмне арам кылат?

56-бөлүм

Адамды эмне арам кылат?

ЫЙСАГА болгон каршылыктар күчөгөндөн-күчөй берди. Аны көп окуучулары таштап кетет, ал эми Иудеяда, Иерусалимдеги 31-жылкы Пасах майрамында аракет кылышкандай, атүгүл аны өлтүрүүнү көздөшөт.

32-жылдын Пасах майрамы келип калды. Ыйса, сыягы, Кудайдын Мыйзамына ылайык, Пасах майрамына катышуу үчүн Иерусалимге барат. Бирок өмүрү коркунучта тургандыктан, ага сак жүрүүгө туура келди. Майрамдан кийин ал Галилеяга кайтып келет.

Иерусалимден фарисейлер менен китепчилер келгенде, Ыйса, кыязы, Капернаумда жүргөн. Алар Ыйсаны диний эрежелерди бузуп жатат деп күнөөлөгөнгө шылтоо издешет. «Эмне үчүн сенин шакирттериң ата-бабалардын салтын бузуп жатышат? — дейт алар.— Мисалы, алар тамак жээрдин алдында колдорун жуушпайт экен». Кудайдын мыйзамдарынын арасында мындай талап жок, бирок ага карабастан фарисейлер колду чыканакка чейин жуумай салтын бузуу чоң кылмыш деп эсептешет.

Ыйса алардын айыптоолоруна жооп бербейт, анын ордуна, алардын өзүлөрү Кудайдын Мыйзамын билип туруп бузуп жатышканын көрсөтөт. «А силер эмне үчүн салтыңардын айынан Кудайдын парызын бузуп жатасыңар? — деп сурайт ал.— Кудай: „Атаңды жана энеңди урматта“ жана „Атасына же энесине ким тил тийгизсе, өлүмгө кыйылсын“,— деп айткан. А силер болсо: „Ким атасына же энесине: менден пайдалана турганыңдын баары Кудайга арналган тартуу деп айтса, ал атасын урматтоого эч милдеттүү эмес“,— дейсиңер».

Чынында эле, фарисейлер эгерде кимдир бирөө акчаны, мүлктү же ушу сыяктуу нерселерди Кудайга арнап коюшса, ошо мөөнөттөн тартып анын баары ийбадатканага таандык болот жана аны башка эч бир максатта колдонбоо керек деп окутушат. Бирок тартуу, чын-чынына келгенде, адамдын өзүндө кала берет. Демек, ушунун негизинде, баласы, мисалы, акчасын же мүлкүн «корбан», атап айтканда, Кудайга же ийбадатканага тартуу деп жарыялап коюу менен картайып калган ата-энесине, атүгүл алар өтө муктаж болуп турганда да, жардам берүү милдетинен баш тартса боло берет.

Ыйса фарисейлердин Кудайдын Мыйзамын кыянаттык менен бузуп жатканына адилеттүү түрдө ачууланып: «Силер өзүңөрдүн салтыңардын айынан Кудайдын парызын жаратпай салдыңар. Эки жүздүүлөр, Исаия силер тууралуу: „Бул эл мени оозу менен урматтайт, а жүрөктөрү болсо менден алыс турат. Мага сыйынгандары пайдасыз, анткени адамдык парыздарды окуу катары берип жатышат“ — деп айтканда, туура пайгамбарлык кылган»,— дейт.

Сыягы, адамдар фарисейлердин суроо беришине мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир аз артка жылышат. Фарисейлер катуу айтылган бул айыптоого ым дей алышпагандыктан, Ыйса топ адамдарды жакыныраак келгенге чакырып: «Баарыңар мени уккула да түшүнгүлө. Адамды сырттан кирген эч нерсе арам кыла албайт, бирок ичинен чыккан нерсе арам кылат»,— дейт.

Бир аздан кийин, Ыйса үйгө киргенде, окуучулары андан: «Сенин айткандарың фарисейлер үчүн кедерги болгонун билесиңби?» — деп сурашат.

«Асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк тамыры менен жулунат,— деп жооп берет Ыйса.— Аларды калтыргыла. Алар — сокур жол көрсөткүчтөр. Эгерде сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт».

Пётр адамды эмне арам кыла тургандыгы жөнүндө тагыраак түшүндүрүп берүүнү окуучулардын атынан суранганда, Ыйса таң калат. «Силер да алигиче түшүнө элексиңерби? — деп сурайт ал.— Ооздон киргендин баары ичеги-карынга түшүп, ыплас нерселерди агызууга арналган арыкка кетерин билбейсиңерби? Ал эми ооздон чыккан нерселер жүрөктөн чыгат, ошолор адамды арам кылат. Мисалы, жүрөктөн арам ойлор, киши өлтүрүү, бузукулук, ойноштук кылуу, уурулук, жалган күбөлүк, Кудайга акарат кылуучулук чыгат. Ушул нерселер адамды арам кылат; ал эми колду жуубай туруп тамак ичүү адамды арам кылбайт».

Албетте, Ыйса гигиенаны сактоого каршы эмес. Ал тамак даярдоонун же ичердин алдында кол жуунун кереги жок деп айткан жок. Ыйса диний жетекчилердин эки жүздүүлүгүн, алардын куулук менен Кудайдын адил мыйзамдарынан четтеп, ыйык китептик эмес салттарга карманууну талап кылып жаткандыгын ашкерелеп жатат. Ооба, адамды бузук иштер арам кылат жана Ыйса алардын жүрөктө өрчүй тургандыгын көргөзүп жатат. Иоанн 7:1; 5 Муса 16:16; Матфей 15:1—20; Марк 7:1—23; 2 Муса 20:12; 21:17; Исаия 29:13.

▪ Ыйса кандай каршылыктар менен кездешет?

▪ Фарисейлер Ыйсаны эмне деп айыпташат жана Ыйса алардын билип туруп Кудайдын Мыйзамын бузуп жаткандыгын кандайча көрсөтөт?

▪ Ыйсанын айтканына ылайык, адамды эмне арам кылат?