Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адам Уулу ачылганда

Адам Уулу ачылганда

93-бөлүм

Адам Уулу ачылганда

ЫЙСА түштүктө (Самарияда же Галилеяда) жүргөндө, фарисейлер келип, андан Падышалыктын келиши тууралуу сурашат. Алар Падышалыктын келиши чоң шаан-шөкөт жана салтанат менен коштолот деп ишенишет, бирок Ыйса: «Кудайдын падышалыгы айкын болуп келбейт, ошондой эле: „Мына, бул жерде!“ же „Тиги жерде!“ — деп айтпайт. Анткени мына, Кудайдын падышалыгы силердин араңарда»,— деп айтат.

Ыйсанын «араңарда» деген сөзү кээде «ичиңерде» деп которулат. Ошондуктан айрымдар Ыйсаны Кудайдын Падышалыгы Кудайдын кызматчыларынын жүрөгүндө башкарат деп айткысы келген деп ойлошот. Бирок Кудайдын Падышалыгы Ыйса сүйлөшүп жаткан ишенимсиз фарисейлердин жүрөгүндө болбой турганы айкын. Ошентсе да Падышалык алардын арасында, анткени Кудайдын Падышалыгынын дайындалган Падышасы, Ыйса Машайык, алардын арасында.

Калыбы, фарисейлер кеткенден кийин, Ыйса окуучулары менен Падышалыктын келиши тууралуу сөзүн улантат. Адегенде, ал келечектеги падышалык бийлигиндеги катышуусу жөнүндө айтып: «Силерге: „Тигине, тиги жерде!“ же „Мына, бул жерде!“ — деп айтышат. Чыкпагыла да, алардын [жалган Мессиялардын] артынан түшпөгүлө. Анткени чагылган жарк эткенде, асмандын бир четинен экинчи четине чейин жаркырагандай эле, адам Уулу да ошондой болот»,— деп эскертет. Демек, Ыйса, асмандагы чагылган алыстан көрүнгөндөй эле, өзүнүн падышалык бийлигиндеги катышуусунун белгилери да аны көрүүнү каалаган адамдарга даана көрүнө тургандыгын айтып жатат.

Андан кийин Ыйса байыркы убактагы окуялар менен келечекте болуучу окуяларды салыштырып, өзүнүн келечектеги катышуусунда адамдар кандай абалды ээлерин түшүндүрөт. Ал: «Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулунун күндөрүндө да ошондой болот... Ошондой эле Лоттун күндөрүндө кандай болсо: жеп-ичишкен, сатып алышкан, сатышкан, бак отургузушкан, үй курушкан. Бирок Лот Содомдон чыккан күнү асмандан от менен күкүрт жаап, баарын кыйратты. Адам Уулу ачылган күнү да так ошондой болот»,— деп айтат.

Ыйса муну менен Нухтун жана Лоттун күндөрүндөгү адамдар ичип-жеп, сатып алып, сатып, бак отургузуп, үй куруп, күнүмдүк иштер менен алек болгондугу үчүн эле жок кылынган деп айткысы келген жок. Ал иштерди Нух, Лот жана алардын туугандары деле жасашкан. Бирок башкалар күнүмдүк иштерге баш оту менен берилишкендиктен Кудайдын эркине көңүл бурушкан эмес, мына ошон үчүн алар жок кылынган. Азыркы түзүлүшкө келүүчү улуу кайгынын убагында да, Машайык ачылганда, адамдар ошол эле себептин негизинде жок кылынат.

Өзүнүн келечектеги падышалык бийлигиндеги катышуусуна байланыштуу белгилерге тезирээк көңүл буруу зарыл экенин баса белгилеш үчүн, Ыйса мындай деп кошумчалайт: «Ошол күнү ким үйдүн төбөсүндө, ал эми буюмдары үйдүн ичинде болсо, аларды алыш үчүн түшпөсүн, ошондой эле ким талаада болсо, ал да калтырып койгондору үчүн артка кайрылбасын. Лоттун аялын эстеп жүргүлө».

Адамдар Машайыктын катышуусунун белгилерин көрүшкөндө, токтоосуз иш-аракеттерди жасаганга дүнүйөкорлуктун жолтоо болуп калышына жол бербеши керек. Лоттун аялы Содомдон качып баратып, сыягы, шаарда калган буюмдарын өкүнүч менен карганда, туз мамыга айланып калган.

Өзүнүн катышуусунда эмнелер болорун айтуусун андан ары улап, Ыйса окуучуларына мындай дейт: «Ошол түнү бир төшөктө экөө болот; бири алынат, а экинчиси калтырылат. Бир жаргылчакты эки аял тартып олтурган болот; бири алынат да, экинчиси калтырылат».

Адамдын алынышы Нухтун үй-бүлөсү менен кемеге киргенине, Лотту жана анын үй-бүлөсүн периштелер Содомдон алып чыгышканына дал келет. Бул куткарылууну билдирет. Ал эми адамдын калтырылышы жок кылынууну билдирет.

Анда окуучулары: «Эге, каякта?» — деп сурашат.

«Дене каякта болсо, бүркүттөр ошол жакка чогулат»,— деп жооп берет Ыйса. Куткарылуу үчүн алына тургандар тээ алыстагыны көрө алган бүркүттөргө окшош, анткени «денеге» чогулушат. Дене падышалык бийлигинин убагында көзгө көрүнбөгөн түрдө катышып жаткан чыныгы Машайыкты жана Иегова берип жаткан рухий тойду билдирет. Лука 17:20—37; 1 Муса 19:26.

▪ Падышалык кандайча фарисейлердин арасында эле?

▪ Машайыктын катышуусу кандай мааниде чагылганга окшош?

▪ Эмне үчүн адамдар Машайыктын катышуусунда жасаган иштери үчүн жок кылынат?

▪ Алынат жана калтырылат деген сөздөр эмнени билдирет?