Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адашкан уул жөнүндө аңгеме

Адашкан уул жөнүндө аңгеме

86-бөлүм

Адашкан уул жөнүндө аңгеме

ЫЙСА фарисейлерге жаңы эле эки көрсөтмөлүү мисал — жоголуп, бирок кайра табылган кой жана драхма жөнүндө — айтып берди. Азыр болсо үчүнчү көрсөтмөлүү мисалды айтып жатат. Бул көрсөтмөлүү мисалда мээримдүү ата жөнүндө жана анын экөө тең бирдей олуттуу ката кетирген уулдарына кандай мамиле жасагандыгы тууралуу айтылат.

Биринчиси — кенже уулу, көрсөтмөлүү мисалдагы негизги каарман. Ал атасынын даярдуулук менен мураска берген энчисинин баарын алып, үйдөн алыс кетет да, бузуку жашоо өткөрө баштайт. Бул окуяны Ыйсанын өзү кандайча айтып бергенин угуп көрөлү жана андагы каармандар кимдерди билдирерин түшүнгөнгө аракет кылалы.

«Бир адамдын эки уулу болгон,— деп баштайт Ыйса.— Алардын кенжеси атасына: „Ата, мүлкүңдүн мага тиешелүү болгон бөлүгүн бер“,— дейт. Атасы болсо балдарына мал-мүлкүн бөлүштүрүп берет». Кенже уулу өзүнө тийген энчисин эмне кылат болду экен?

«Бир нече күн өткөндөн кийин,— деп улайт Ыйса,— кенже уулу бардыгын чогултуп, алыскы өлкөгө сапар тартат, ал жерден бузуку жашоо өткөрүп, мүлкүнүн баарын чачып түгөтөт». Ал акчасынын баарын сойку аялдарга коротот. Андан кийин, Ыйсанын айтуусу боюнча, оор күндөр келет:

«Ал баарын коротуп бүткөндөн кийин, ошол өлкөдө катуу ачарчылык башталып, көзүнөн нан учат. Анан ошол өлкөдө жашаган бир адамга барат да, ага жалчы болот, а тиги болсо аны чочколорун кайтартканы талаасына жиберет. Ал чочколор жечү рожка дарагынын кабыгы менен курсагын тойгузууну каалайт, бирок ага эч ким бербейт».

Чочко кайтаруу ал үчүн кандай гана маскарачылык эле, анткени, Мыйзам боюнча, чочко арам болуп эсептелчү да! Бирок баарынан да аны кыйнаган нерсе, чочколор жечү нерсени да жегенге муктаж кылган чоң ачарчылык эле. Ыйса кенже уулдун ушундай оор абалдан улам «акылына келгенин» айтат.

Андан ары Ыйса сөзүн улап мындай дейт: «Ал: „Атамдын канчалаган жалчыларында нан кенен, а мен болсо бул жерде ачкадан өлгөнү атам! Туруп, атама барам да ага: „Ата, мен асманга жана сага каршы күнөө кылдым. Мен эми сенин уулуң болуп аталууга татыксызмын. Мени жалчыларыңдын бири катары кабыл алчы“,— деп айтам,— дейт“. Ошентип, атасына жөнөйт».

Буга көңүл бурсаң: эгерде атасы мурун уулу үйдөн кетип атканда ага ачууланып, кыйкырып калган болсо, анда уулу азыр үйүнө барсамбы же барбасамбы деп, көпкө чейин арсар болмок. Мүмкүн, ал мекенине кайтып барса да, атасынан алысыраак жерге барып жумуш издемек. Бирок ага мындай ой келген жок. Уулу үйүнө барууну каалады!

Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы ата биздин мээримдүү, боорукер асмандагы Атабыз Иегова Кудайды билдирери шексиз. Ал эми жоголгон же адашкан уул күнөөкөр катары белгилүү болгон адамдарды билдирерин түшүнүп турсаң керек. Ушул көрсөтмөлүү мисалын угуп жаткан фарисейлер башында Ыйсаны ошондой күнөөкөрлөр менен бирге тамактанганы үчүн айыптаган болчу. Ал эми тун уулу кимди билдирет болду экен?

Жоголгон уул табылганда

Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы жоголгон же адашкан уул үйүнө кайтып келгенде кандай кабыл алынат? Анда эмесе, Ыйсанын ал тууралуу айтканына кулак салалы:

«Атасы аны алыстан эле көрүп, боору ачыйт да, чуркап барып уулунун мойнунан кучактап, аны жумшак өбөт». Асмандагы Иегова Атабызды эң сонун чагылдырып турган кандай гана боорукер, ак көңүл ата!

Калыбы, атасы уулунун бузуку жашоо алпарып жүргөнүн уккан. Бирок ал уулунан ийне-жибине чейин түшүндүрүп беришин талап кылбастан, аны кубаныч менен үйүнө кабыл алат. Ыйса так эле ошондой рух көрсөтүп, күнөөкөрлөргө жана салык жыйноочуларга — көрсөтмөлүү мисалдагы адашкан уулду билдиргендерге — өзү биринчи кадам шилтеп жатат.

Албетте, кыраакы ата уулунун муңайыңкы өңүн жана шылкыйган кебетесин көрүп эле анын канчалык өкүнүп жатканын баамдай билет. Атасынын сүйүү менен уулун тосуп чыгуу үчүн, аны көздөй биринчи баратканы уулуна күнөөлөрүн мойнуна алууга жардам берет. Ыйса минтип айтат: «Уулу болсо ага: „Ата, асманга жана сага каршы күнөө кылдым. Мен эми сенин уулуң болуп аталууга татыксызмын. Мени жалчыларыңдын бири катары кабыл алчы“,— дейт».

Уулу сөзүн айтып бүткүчө эле, атасы кулдарына мындай деп буйрук берет: «Тезинен эң мыкты узун кийим алып чыгып, буга жапкыла жана колуна шакек салып, бутуна сандал кийгизгиле. Анан борго байланган торпокту алып келип сойгула, жейбиз да көңүл ачабыз, анткени бул уулум өлгөн болчу — тирилди, жоголгон болчу — табылды». Ошентип, тойлой башташат.

Ошол убакта тун уулу «талаада» жүргөн. Көрсөтмөлүү мисалды аягына чейин угуп, тун уулу кимди билдирерин түшүнгөнгө аракет кылып көр. Ыйса ал тууралуу: «Ал кайтып келатып, үйгө жакындаганда ыр-бийлерди угат. Бир кызматчысын жанына чакырып, эмне болуп жатканын сурайт. Тиги болсо: „Иниң кайтып келди, ошондуктан атаң анын аман-эсен кайтып келгендиги үчүн борго байланган торпокту сойдурду“,— дейт. Бирок ал ачууланып, үйгө киргиси келбейт. Атасы болсо эшикке чыгып, андан өтүнө баштайт. Ал атасына мындай деп жооп берет: „Мына, мен сага канча жылдан бери кул болуп кызмат кылып келатам жана парыздарыңды бир да жолу бузган жокмун, бирок сен мага досторум менен көңүл ачууга бир да жолу улак берген жоксуң. Ал эми мал-мүлкүңдү сойку аялдар менен түгөткөн мына бу уулуң келери менен, сен ага арнап борго байланган торпок сойдуң“».

Кимдер күнөөкөрлөргө көрсөтүлгөн боорукерликти жана көңүл бурууну, тун уулга окшоп, туура эмес көрүшкөн? Албетте, фарисейлер менен китепчилер да. Күнөөкөрлөргө кылган жакшы мамилесин сындагандарга Ыйса жооп катары ушул көрсөтмөлүү мисалды айткандыктан, тун уул фарисейлер менен китепчилерди билдирери айдан ачык болду.

Ыйса аңгемесин тун уулуна кайрылган атанын сөздөрү менен аяктайт: «„Балам, сен дайыма мени менен биргесиң, менде болгондун баары сеники да; бирок көңүл ачып, кубаныш керек, анткени иниң өлгөн болчу — тирилди, жоголгон болчу — табылды“».

Ыйса тун уулдун аягында эмне кылганы жөнүндө кеп кылбайт. Кийинчерээк, Ыйса өлүп-тирилгенден кийин, «көп сандаган дин кызматчылар ишенимге тил алчаак болуп калышкан», мүмкүн, алардын арасында «тун уулдун» тобуна киргендер да болгон.

Азыркы кезде эки уул кимдерди билдирет? Алар Иегованын ой-ниеттерин жакшы билген жана ошонун аркасында аны менен жакшы мамиледе болгон адамдар болушу керек. Тун уул «кичине отордун» айрым мүчөлөрүн, башкача айтканда, «асманда жазылган тунгучтардын жыйналышын» билдирет. Алар тун уулдун көз карашындай көз карашта болушкан жана өзүлөрү ээлеген абалды тартып кетет деп ойлошуп, жердеги топту, «башка койлорду», кабыл алууну каалашкан эмес.

Адашкан уул болсо Кудайдын элинин арасындагы айрым адамдарды, дүйнөнүн кызыкчылыгынан ырахат алыш үчүн кетип калып, бирок убакыттын өтүшү менен кылгандары үчүн өкүнүп, кайрадан Кудайга кызмат кылууга кайтып келгендерди, билдирет. Кечирилүүгө муктаж болуп, кайра кайтып келгендерге Атабыз кандай гана сүйүүнү жана боорукерликти көрсөтөт! Лука 15:11—32; 3 Муса 11:7, 8; Расул 6:7; Лука 12:32; Еврейлер 12:23; Иоанн 10:16.

▪ Ыйса бул көрсөтмөлүү мисалды же аңгемени кимдерге айтып берет жана эмне үчүн?

▪ Көрсөтмөлүү мисалдагы башкы каарман ким жана ал эмне кылат?

▪ Атасы жана кенже уулу Ыйсанын убагында кимдерди билдирген?

▪ Көрсөтмөлүү мисалдагы боорукер атаны Ыйса кандайча туураган?

▪ Тун уул инисинин жылуу тосулуп алынганына кандай карайт жана фарисейлердин кылганы тун уулдун кылганына эмнеси менен окшош?

▪ Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалы азыркы убакта кандайча колдонулат?