Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адегенде — Аннага, анан Каиафага алып барылат

Адегенде — Аннага, анан Каиафага алып барылат

119-бөлүм

Адегенде — Аннага, анан Каиафага алып барылат

ЫЙСАНЫ кадимки эле кылмышкердей кылып байлап алышып мурунку дин башчыныкына, кадыр-баркы чоң Анна аттуу кишиникине, алып барышат. Ыйса он эки жашында ийбадатканадагы иудей окутуучуларын таңыркаткан кезде Анна дин башчы болуп турган. Өзүнөн кийин анын уулдары дин башчылык кылышкан, ал эми учурда ал орунду анын күйөө баласы Каиафа ээлеп турат.

Ыйсаны адегенде Аннанын үйүнө алып келишет. Мунун себеби Анна эчактан бери дин башчы катары таанылып, иудейлердин диний жашоосунда көрүнүктүү орунду ээлеп келаткандыктан болсо керек. Ыйсаны Аннаныкында кармап турушкан маалда, Каиафа Синедрионду, иудейлердин 71 адамдан турган жогорку сотун, чогултуп, жалган күбөлөрдү таба коюуга жетишет.

Дин башчы Анна Ыйсаны окуучулары жана окутуулары боюнча суракка алат. Бирок Ыйса: «Мен дүйнөгө ачык эле айткам. Мен ар дайым иудейлердин баары келүүчү синагога менен ийбадатканада окуткам, эч нерсени жашыруун айткан эмесмин. Эмне үчүн менден сурайсың? Менин айткандарымды уккандардан сура. Эмне дегендеримди, мына, ошолор билет»,— деп жооп берет.

Ыйсанын жанында турган кызматчылардын бири муну укканда: «Дин башчыга да ушинтип жооп бересиңби?» — деп, аны жаакка чаап жиберет.

«Айтканым туура эмес болсо,— деп жооп берет ага Ыйса,— туура эмесин көрсөт, эгер туура болсо, мени эмне үчүн урдуң?» Анан Анна Ыйсаны байлануу бойдон Каиафага жөнөтүп жиберет.

Ал ортодо диний жетекчилер, эл аксакалдары менен китепчилер — Синедриондогулардын баары — чогула башташат. Алар Каиафанын үйүндө жолугат көрүнөт. Пасахтын түнүндө мындай сот өткөзүүнүн өзү — иудейлердин мыйзамын көз көрүнөө эле бузгандык. Бирок диний жетекчилер бузуку ниетин ишке ашыруудан баш тартууну ойлоп да коюшкан эмес.

Бир нече жума мурун, Ыйса Лазарды тирилткенде, Синедриондогулар аны өлтүрүүнү чечип коюшкан. Ал эми мындан эки күн мурун, шаршембиде, диний жетекчилер Ыйсаны куулук менен кармап, өлтүрүп таштоо үчүн өз ара сүйлөшүп алышкан. Элестетсең, Ыйсанын иши карала электе эле ага өкүм чыгарып коюшкан!

Эми болсо алар Ыйсага күнөө коюш үчүн, жалган далил бере алчу күбөлөрдү табууга аракеттенишүүдө. Бирок көрсөткөн далилдери бири-бириникине каршылаш келбеген күбөлөрдү таба алышпайт. Акыры, бир эки киши келет да: «Биз мунун: „Адам колу менен курулган бул ийбадаткананы талкалап, үч күндүн ичинде адамдын колу менен курулбаган ийбадаткана тургузам“,— деп айтканын укканбыз»,— дешет.

«Берер жообуң жокпу? — деп сурайт Каиафа.— Булардын сага каршы эмне деп күбөлөндүрүп жатышканын угуп атасыңбы?» Бирок Ыйса унчукпайт. Синедриондун уятына, күбөлөрү да жалган айыптоолорун эпке келтирип айтып бере алышпайт. Ошондуктан дин башчы башкача ыкмага өтөт.

Кимдир бирөөнүн Кудайдын Уулумун дегенин угушканда иудейлер жылан чаккандай секирери Каиафага белгилүү. Алар буга чейин эле эки ирет Ыйсаны өзүн Кудайга теңегиси бар деп ойлошкондуктан, акарат келтирди, өлүмгө татыктуу деп жарыялашкан болчу. Ошон үчүн Каиафа митаамдык менен: «Тирүү Кудайды оозанып ант берип, бизге айтчы, Кудайдын Уулу, Христос сенсиңби?» — деп сурайт.

Иудейлер эмне деп ойлошпосун, Ыйса, чындыгында эле, Кудайдын Уулу. Эгер унучукпай койсо, тигилер, Машайык экенин танып жатат деп, туура эмес түшүнүп алышмак. Ошондуктан Ыйса тайманбастан: «Ооба, мен. Силер күч-кубаттын оң тарабында олтурган жана асман булуттары менен келаткан адам Уулун көрөсүңөр»,— деп жооп берет.

Муну уккан Каиафа жасалмалуук менен кийим-кечесин айрып: «Бул Кудайга акарат келтирип жатат! — деп кыйкырат.— Күбөлөрдүн бизге эми эмне кереги бар? Мына! Мунун Кудайга акарат келтиргенин азыр эле уктуңар. Буга карата силердин оюңар кандай?»

«Өлүмгө татыктуу»,— деген чечим бекитет Синедриондун мүчөлөрү. Анан Ыйсаны келекелешет, ага каршы көп сөз айтып, тил тийгизишет. Жаакка чабышат, бетине түкүрүшөт. Кай бирлери анын бетин жаап, муштагылап: «Пайгамбарлык кылчы кана, Христос. Сени ким муштады?» — деп мазакташат. Ошентип, түнкү сот маалында Ыйсаны кордоп, ага мыйзамга жатпаган мамиле жасашат. Матфей 26:57—68; 26:3, 4; Марк 14:53—65; Лука 22:54, 63—65; Иоанн 18:13—24; 11:45—53; 10:31—39; 5:16—18.

▪ Ыйсаны адегенде кайда алып барышат жана ал жакта эмне болот?

▪ Андан кийин Ыйсаны кайда жана эмне максат менен алып барышат?

▪ Синедриондун мүчөлөрү Ыйсаны өлүмгө татыктуу деп жарыялашы үчүн, Каиафа эмне кылат?

▪ Сот маалында Ыйсаны кандайча кордоп, ага мыйзамга жатпаган кандай мамиле кылышат?