Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адегенде көз жаш, андан кийин чоң кубаныч

Адегенде көз жаш, андан кийин чоң кубаныч

47-бөлүм

Адегенде көз жаш, андан кийин чоң кубаныч

КАН агуудан жабыр тарткан аялдын айыкканын көргөндөн кийин Ыйсанын кереметтүү күчкө ээ экенине Иаирдин ишеними ого бетер артканы талашсыз. Мындан бир аз мурун эле Иаир Ыйсадан өлүм алдында жаткан 12 жаштагы сүйүктүү кызына жардам берүүсүн суранган. Эми болсо, тилекке каршы, Иаир үчүн баарынан коркунучтуу иш болот. Ыйса дагы эле аял менен сүйлөшүп жатканда, адамдар Иаирге келип акырын: «Кызың өлдү! Устатты убара кылуунун эмне кереги бар?» — дешет.

Кандай гана суук кабар! Жергиликтүү элдин арасында кадыр-барктуу болуп жүргөн бул адам кызынын өлгөнүн угуп, колунан эч нерсе келбеген бечара болуп калат. Ыйса Иаирге айтылган сөздөрдү угуп: «Коркпо, бир гана ишенгин»,— деп аны үмүттөндүрөт.

Күйүткө баткан ата менен бирге Ыйса анын үйүнө жөнөйт. Алар келишсе, үй ызы-чууга толгон: чогулган адамдар кайгырып, боздоп ыйлап атышат. Ыйса үйгө кирип: «Эмнеге силер чуу көтөрүп, ыйлап жатасыңар? — деп сурайт.— Бала өлгөн жок, ал уктап атат».

Муну уккан адамдар Ыйсаны шылдыңдап күлө башташат, анткени алар кыздын өлгөнүн эң сонун билишет. Бирок Ыйса кызды болгону эле уктап жатат дейт. Ал Кудайдан алган күчүнүн жардамы менен өлгөн адамдарды тирилтүү, катуу уйкудагы адамды ойготкон сыяктуу эле, жеңил экенин көрсөтүүгө камынат.

Андан кийин Пётр, Жакып, Иоанн жана өлгөн кыздын ата-энесинен башкасынын баарын үйдөн сыртка чыгартат. Ыйса кыз жаткан бөлмөгө тигилерди кошо киргизет да, кызды колунан алып: «Талифа́ куми́»,— дейт; мунун котормосу: «Кыз, сага айтамын, тур!» — дегенди билдирет, кыз ошо замат туруп баса баштайт. Аны көрүп, ата-энесинин кубанганын айтпа!

Ыйса кызга тамак берүүнү буюрат да, Иаирге жана анын аялына болуп өткөндөр тууралуу эч кимге ооз ачпоону буйрук кылат. Бирок буга карабастан болгон окуя тууралуу бүт аймакка тарап кетет. Бул Ыйсанын экинчи жолку тирилтүүсү эле. Матфей 9:18—26; Марк 5:35—43; Лука 8:41—56.

▪ Иаирге кандай кабар угузушат жана Ыйса аны кандайча үмүттөндүрөт?

▪ Алар Иаирдин үйүнө келишкенде, үйдө эмне болуп атты эле?

▪ Эмне үчүн Ыйса кызды уктап жатат деген?

▪ Үйдө Ыйса менен кошо калган жана тирилтүүгө күбө болгон бешөө кимдер эле?