Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ажырашууга жана балдарды сүйүүгө карата акыл-насааттар

Ажырашууга жана балдарды сүйүүгө карата акыл-насааттар

95-бөлүм

Ажырашууга жана балдарды сүйүүгө карата акыл-насааттар

ЫЙСА 33-жылдын Пасах майрамына катышуу үчүн окуучулары менен бирге Иерусалимге жөнөйт. Алар Иордандан өткөндөн кийин, Перея аркылуу өтүүчү жол менен барууну чечишет. Ыйса Переяда мындан бир нече жума мурун эле болгон болчу, бирок аны Иудеяга, ооруп калган досу Лазарга, чакырып кетишкен. Ошол жолкусунда Ыйса Переяда фарисейлер менен ажырашуу жөнүндө маектешкен эле, алар азыр да кайрадан ошол маселени козгоп жатышат.

Ажырашууга карата фарисейлердин арасында ар түрдүү ойлор бар. Күйөөсү аялынан «жагымсыз бир нерсе» тапса, ажырашса болорун Муса айткан болчу. Айрымдары муну бузуктукка гана байланыштуу деп эсептешет. Башкалары болсо «жагымсыз нерсеге» майда-чүйдө жазыктардан өйдө кирет деп ырасташат. Ошентип, Ыйсаны сынаш үчүн фарисейлер: «Аялы менен ар кандай себептин негизинде ажырашуу мыйзамга жатабы?» — деп сурашат. Анткени Ыйса кандай жооп айтпасын, баары бир фарисейлердин арасынан кимдир бирөө ага макул болбой турганына алар толук ишенишет.

Бирок Ыйса берилген суроого өтө чебердик менен жооп кайтарат, ал эч бир адамдык көз карашка кошулбастан, эң алгачкы никенин кандай максат менен негизделгенине көңүл бурат. «Аларды жаратуучу эң башында эле аларды аял жана эркек кылып жаратканын жана: „Ошондуктан адам атасы менен энесин калтырып, өз аялына жабышат жана экөө бир дене болот“,— деп айтканын окуган эмес белеңер? — дейт Ыйса.— Алар эми экөө эмес, бирок бир дене. Ошентип, Кудай бир моюнтурукка эмнени бириктирген болсо, аны адам ажыратпасын».

Ыйсанын сөзүнө караганда, жубайлардын бирге калып ажырашпай өмүр сүрүшү Кудайдын баштапкы ой-ниети болчу. Эгерде ушундай болсо, «анда эмне үчүн Муса ажырашуу тууралуу күбөлүк берүүнү жана аялы менен ажырашууну буйруду эле?» — деп, фарисейлер каршы чыгышат.

«Жүрөктөрүңөрдүн мерездигинен улам Муса аялыңар менен ажырашууга жол берген,— деп жооп берет Ыйса,— бирок эң башында мындай болгон эмес». Ооба, Кудай Едем багында никенин чыныгы нормасын бекиткенде ажырашууну караштырган эмес.

Андан кийин Ыйса фарисейлерге мындай дейт: «А мен силерге айтамын: ким аялы менен бузуктуктан [грек. порне́я] башка себеп менен ажырашып, бөлөккө үйлөнсө, ойноштук кылат». Ыйса бул сөздөрү менен порне́я, башкача айтканда, жыныстык адеп-ахлаксыздыктын жеткен чеги ажырашууга Кудай жол бере турган жалгыз себеп экенин түшүндүрүп жатат.

Нике узакка созулган келишим экенин жана ажырашууга бир гана себеп бар экенин түшүнгөн шакирттер: «Эгерде аялы бар кишинин абалы ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгон оң»,— деп айтышат. Албетте, үйлөнүүгө камданып жүргөн ар ким никелик түйүндүн түбөлүктүү болушуна өтө олуттуу карашы керек!

Ыйса андан ары никесиздик жөнүндө кеп кылат. Ал айрым балдардын евнух болуп төрөлгөндүгүнүн айынан үйлөнө алышпаарын түшүндүрөт, себеби алардын жыныстык органдары өрчүбөй калган. Дагы бирөөлөр адамдардын ырайымсыз мамилелеринен улам алардын жыныстык органдарына катуу доо кеткендиктен евнух болуп калышат. Бирок асман Падышалыгына байланыштуу иштерге өзүн көбүрөөк арноо үчүн, үйлөнүүгө жана жыныстык жашоого болгон күчтүү каалоолорун тыйып келаткандар да бар. «Ким муну [никесиздикти] батыра алса, батырсын»,— деп Ыйса сөзүн аяктайт.

Андан соң адамдар жаш балдарын Ыйсага алып келишет. Бирок окуучулары балдарга ачууланышып, аларды кубалаганга аракет кылышат. Албетте, алар Ыйсаны ашыкча түйшүктөрдөн коргоону каалап жатышат, бирок Ыйса: «Балдарды мага койбергиле; аларга жолтоо кылбагыла, анткени асман падышалыгы ушундайларга таандык. Чынын силерге айтам: кимде-ким Кудайдын падышалыгын жаш баладай кабыл албаса, ал ага кирбейт»,— дейт.

Ыйса кандай сонун сабак берип жатат! Кудайдын Падышалыгын кабыл алыш үчүн, биз жаш балдарга окшоп, момун жана үйрөнүүгө даяр болушубуз керек. Мындан тышкары, Ыйсанын үлгүсүнөн балдарга убакыт бөлүү канчалык маанилүү экени байкалып турат. Бул өзгөчө ата-энелерге тиешелүү. Ыйса балдарга болгон сүйүүсүн аларды кучактаганы жана бата бергени менен көрсөтүп жатат. Матфей 19:1—15; 5 Муса 24:1; Лука 16:18; Марк 10:1—16; Лука 18:15—17.

▪ Ажырашууга карата фарисейлердин ортосунда кандай ар түрдүү ойлор бар жана ошондуктан алар Ыйсаны эмне кылып сынашат?

▪ Ыйса фарисейлердин сыноосуна кандайча жооп кайтарат жана ажырашууга жол берген жалгыз кайсы себепти айтат?

▪ Эмне үчүн Ыйсанын окуучулары үйлөнбөй эле койгон оң деп айтышат жана Ыйса кандай кеңеш берет?

▪ Балдарга жасаган мамилеси менен Ыйса бизди эмнеге үйрөтүүдө?