Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Айыптоочуларга жооп

Айыптоочуларга жооп

30-бөлүм

Айыптоочуларга жооп

ИУДЕЙ дин жетекчилери Ыйсаны ишемби күнгө байланыштуу мыйзамды бузуп жатасың деп күнөөлөгөндө, ал: «Менин Атам ушул күнгө дейре эмгектенүүдө, мен да эмгектенем»,— деп жооп берет.

Фарисейлердин ырастоосуна карабастан, Ыйсанын кылгандары ишембиге байланыштуу Мыйзамды бузбайт. Кабар айтууну жана элдерди айыктырууну Ыйсага Кудай тапшырган, ошондуктан Кудайды туурап, бул иштер менен Ыйса күнүгө алек. Бирок Ыйсанын берген жообу иудейлерди ого бетер кыжырлантып, алар аны өлтүрүү үчүн ыңгайлуу учур издей башташат. Эмне үчүн?

Алардын ою боюнча, Ыйса жеке эле ишемби күн жөнүндөгү мыйзамды бузбастан, Кудайдын Уулумун дегени менен да Кудайга акарат келтирип жатат. Бирок Ыйса: «Атасы уулун жакшы көрөт, ошондуктан өзү кылгандарынын баарын ага көрсөтүп берди»— деп, Кудай менен болгон өзгөчө мамилесин айтууну тайманбастан уланта берет.

Андан кийин: «Атам өлгөндөрдү кандай тирилтсе жана жандандырса, Уулу да каалагандарын так ошондой жандандырат»,— деп айтат. Ооба, Кудай Уулу рухий жактан өлгөндөрдү эмитеден эле тирилтип жатат! «Менин сөзүмдү ким укса жана мени жибергенге ишенсе,— дейт Ыйса,— өлүмдөн өмүргө өтөт». «Өлгөндөр Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет, келип да калды, ким тил алса, ал өмүр сүрөт»,— деп сөзүн улайт ал.

Ыйсанын бул окуяга чейин кимдир бирөөнү тирилткен-тирилтпегени Ыйык Китепте айтылбаса да, келечекте мындай тирилүү болорун ал: «Буга таң калбай эле койгула, анткени эстелүүчү мүрзөдөгүлөрдүн баары анын үнүн угуп, чыгыша турган убак келет»,— деп айыптоочуларына айтат.

Кудайдын эркин аткаруудагы маанилүү ролун Ыйса буга чейин бир да жолу мынчалык ачык жана так айткан эмес. Бирок айыптоочуларда Ыйсанын өзүнүн күбөлөндүрүүсүнөн тышкары да күбөлүк бар болчу. «Силер Иоаннга кишилерди жибергенсиңер,— деп алардын эсине салат Ыйса,— ал болсо чындык жөнүндө күбөлөндүргөн».

Болгону эки жыл мурун иудейлердин бул дин жетекчилерине Чөмүлдүрүүчү Иоанн өзүнүн артында ким келатканын айткан. Ыйса алардын азыр камакта отурган Иоаннга кандайча сый мамиле кылгандарын эстерине салып, мындай дейт: «Силер анын жарыгында бир аз убакытка кубанууну каалагансыңар». Ыйса алардын куткарылышына жардам бергиси келген үчүн буларды эстерине салат. Анткени ал өзү Иоанндын күбөлүгүнө муктаж эмес болчу.

«Мен кылып жаткан иштердин өзү эле [эми эле жасаган керемети да] мен жөнүндө, мени Атам жибергендигин күбөлөндүрүп турат». Муну айткандан кийин Ыйса: «Мени жиберген Атам да, мен жөнүндө өзү күбөлөндүргөн»,— деп улантат. Мисалы, Ыйса чөмүлдүрүлүп жатканда, Кудай: «Бул менин сүйүктүү Уулум»,— деп ал тууралуу күбөлөндүргөн.

Чындап эле, Ыйсаны айыптагандарда аны четке каккыдай эч себеп жок. Ыйса тууралуу атүгүл алар окумуш болуп жүргөн Жазманын өзү да күбөлөндүрүп атпайбы! «Эгерде силер Мусага ишенген болсоңор, анда мага да ишенмексиңер,— дейт Ыйса аягында,— анткени ал мен тууралуу жазган. Эгер ал жазгандарга ишенбесеңер, анда менин сөздөрүмө кантип ишенесиңер?» Иоанн 5:17—47; 1:19—27; Матфей 3:17.

▪ Эмне үчүн Ыйсанын жасаган иштери ишемби күн жөнүндөгү мыйзамды бузбайт?

▪ Кудайдын эркин аткаруудагы маанилүү ролун Ыйса кандайча айтып берет?

▪ Кудайдын Уулу экенин далилдеш үчүн Ыйса дагы кимдин күбөлөндүрүүлөрүнө токтолот?