Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акыркы Пасахта көрсөтүлгөн момундук

Акыркы Пасахта көрсөтүлгөн момундук

113-бөлүм

Акыркы Пасахта көрсөтүлгөн момундук

ПЁТР менен Иоанн, Ыйсанын тапшырмасы боюнча, Пасахка керектелүүчү нерселерди даярдап Иерусалимде жүрүшөт. Ал эми калган он расул Ыйса менен алардын артынан келишмек. Алар Зайтун тоосунан күн батып баратканда түшүшөт. Эми Ыйса тирилгенине чейин бул тоодон шаарды күндүзгү маалда көрбөйт.

Көп өтпөй Ыйса менен расулдары шаарга кирип келишет жана майрам өткөрүлчү үйгө жөнөшөт. Алар тепкич менен жогору көтөрүлүп, чоң бөлмөгө киришкенде, ал жерде Пасахты белгилөө үчүн керектелүүчү нерселердин баары даяр эле. Ушул маалды Ыйса абдан күткөн. Бул анын: «Азап тартарымдан мурда ушул Пасах тамагын силер менен бирге жешти абдан кааладым эле»,— деген сөздөрүнөн көрүнөт.

Салт боюнча, Пасахты белгилеп жаткандар төрт чөйчөк шарап ичишчү. Ыйса, кыязы, үчүнчү чөйчөктү колуна алганда, Кудайга ыраазычылыгын билдирет да, мындай дейт: «Муну алып, бири-бириңерге узаткыла. Анткени айтарым, эми Кудайдын падышалыгы келгиче, жүзүм сабагынын мөмөсүнөн шире ичпейм».

Кечки тамак ичилип жаткан маалда, Ыйса ордунан туруп, чапанын чечет да, сүлгү алып, чылапчынга суу куюп даярдайт. Адатта, келген коноктордун бутун жууш — үй ээсинин милдети. Бирок үй ээси алар менен бирге майрамдап атпаган соң, анын милдетин Ыйса аткарат. Мындай милдетти расулдардын кимиси болбосун аткара алмак, бирок бири-бирине атаандашкандыктанбы, айтор, алардын бири да демилгени колго албайт. Эми болсо Ыйса алардын буттарын жууп киргенде, өзүлөрүн оңтойсуз сезе башташат.

Ыйса Пётрдун жанына келгенде, ал:

— Мен сага бутумду эч качан жуудурбайм,— деп макул болбойт.

— Жуубасам, мени менен үлүшүң болбойт,— дейт ага Ыйса.

— Эге, анда бутумду эле эмес, колумду да, башымды да кошо жуу.

— Жуунган адамга бутунан башкасын жууштун кереги жок,— дейт Ыйса,— анткени ал таптаза. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес.

Ал Жүйүт Искариоттун чыккынчылык кылайын деп турганын билгендиктен ошентип айтат.

Он экисинин тең, атүгүл Жүйүттүн да, бутун жууп бүткөндөн кийин, Ыйса чапанын кийип, кайра келет да, дасторконду карай чыканактап жатат. Анан: «Силерге кылганымдын маанисин билесиңерби? — деп сурайт алардан.— Силер мага „Устат“, „Эге“ деп кайрыласыңар, аныңар туура, анткени чынында эле ошондой. Ошондуктан мен, силердин Эгеңер жана Устатыңар болуп туруп, бутуңарды жууп берсем, силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Анткени мен силерге кылганды силер да кылсын деп, силерге үлгү көрсөттүм. Чынын, силерге чынын айтам: кул мырзасынан жогору болбойт, жиберилген жибергенден жогору болбойт. Эгер муну билсеңер, анда ошондой иш кылганыңарда бактылуу болосуңар».

Бул — момундук менен кызмат кылуунун кандай сонун үлгүсү! Расулдар биринчи болууга умтулбашы керек жана өздөрүн ушунчалык жогору сезип башкалар бизге ар дайым кызмат кылышы керек деп ойлоодон оолак болууга жана Ыйсанын үлгүсү менен жүрүүгө тийиш. Бул жөн гана бут жуу салтынын үлгүсү эмес. Бул — тандабай кызмат кылууга, берилген тапшырма канчалык жагымсыз болсо да, аны аткарууга даяр болуунун үлгүсү. Матфей 26:20, 21; Марк 14:17, 18; Лука 22:14—18; 7:44; Иоанн 13:1—17.

▪ Ыйсанын Пасахты белгилөө үчүн Иерусалимге баратканда шаарды көрүшү эмнеси менен бөтөнчө болчу?

▪ Пасахты белгилеп жатышканда Ыйса, сыягы, канчанчы чөйчөктү, Кудайга ыраазычылыгын билдирип, он эки расулуна берет?

▪ Ыйса жашаган убакта конокторго кандай сый көрсөтүлчү жана эмне үчүн Ыйса менен расулдары белгилеп жаткан Пасахта андай сыйды эч ким көрсөткөн жок?

▪ Ыйса момундук кылып, расулдарынын бутун жуушу менен эмнени көрсөткүсү келген?