Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акыркы күндөрдүн белгиси

Акыркы күндөрдүн белгиси

111-бөлүм

Акыркы күндөрдүн белгиси

БҮГҮН шейшемби. Түштөн кийин Ыйса Зайтун тоосунан алдыда жаткан ийбадаткананы карап олтурганда, жанына Пётр, Андрей, Жакып жана Иоанндар келет. Алар Ыйсадан ийбадаткананын таш-талканы чыгып кыйратыларын уккандан бери бушайман.

Бирок ал төртөө Ыйсага дагы бир себеп боюнча келишкен көрүнөт. Мындан бир нече жума мурун Ыйса аларга өзүнүн «катышуусу» тууралуу жана ошол кезде «адам Уулу ачыла» турганын айтып берген. Андан мурун «түзүлүштүн аякташын» баяндаган болчу. Мына ушулардын баары тууралуу расулдары көбүрөөк билгиси келет.

«Бул [Иерусалимдин жана ийбадаткананын талкаланышы менен аяктай турган окуялар] качан болот жана сенин катышууң менен түзүлүштүн аякташынын белгисин бизге айтып берчи?» — деп сурашат расулдар. Берген суроолору үч бөлүктөн турган десек болот. Биринчиден, алар Иерусалим менен ийбадаткананын талкаланышы, экинчиден, Ыйсанын падышалык бийлигиндеги катышуусу, үчүнчүдөн, жалпы түзүлүштүн аякташы жөнүндө сурашкан.

Суроонун үч бөлүгүнө тең Ыйса кеңири жооп берет. Ал иудей түзүлүшүнүн аяктаарын кайсы белгиден улам аныктоого болорун түшүндүрөт. Андан тышкары, болочок окуучуларына анын катышуусунда жашап жатышканын жана жалпы түзүлүштүн акыры жакындап калганын аныктоого жардам бере турган белгини да айтып берет.

Расулдар кийинки жылдардын аралыгында Ыйсанын пайгамбарлыктарынын аткарылганын көрүшөт. Ооба, Ыйсанын айткандары расулдарынын көзү өтө электе аткарыла баштайт. Ошондуктан 37 жылдан кийин, 70-жылы, иудей түзүлүшү кыйрап, ийбадаткана талкаланганда, Ыйсанын жолдоочулары үчүн бул күтүлбөгөн кырсык болгон эмес.

Бирок Ыйсанын Падышалык бийлигиндеги катышуусу 70-жылы башталган эмес, анын катышуусу бир кыйла убакыт өтүп башталмак. Качан? Муну Ыйсанын пайгамбарлыгын изилдөө менен билүүгө болот.

Ыйса «согуштар жана согуш тууралуу кабарлар» угуларын, эл элге каршы чыгарын, азык-түлүктүн жетишсиздиги, жер титирөөлөр болорун, жугуштуу оорулардын жайыларын айтат. Ошондой эле Ыйсанын окуучуларын куугунтукка алышып, өлтүрүшөт. Жалган пайгамбарлар чыгып, көп элди туура жолдон адаштырат. Кылмыштуулук өсүп, көптөрдүн сүйүүсү муздайт. Ошол эле учурда, бардык элдерге күбөлөндүрүү үчүн, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар жарыяланат.

Иерусалимдин 70-жылы талкаланышына чейин Ыйсанын пайгамбарлыгы кичине масштабда аткарылган, ал эми анын негизги аткарылышы Ыйсанын падышалык бийлигиндеги катышуусунда жана азыркы түзүлүштүн акырында болмок. Дүйнөдөгү 1914-жылдан бери болуп жаткан окуяларды кылдат изилдөө менен дал ошол жылы Ыйсанын бул маанилүү пайгамбарлыгынын негизги аткарылышы башталганын ачык көрүүгө болот.

Белгини түшүндүрүп жатканда Ыйса «кыйратуучу жийиркеничтин» пайда болорун да айтып кеткен. 66-жылы жийиркенич Иерусалимди курчап, ийбадаткананын дубалынын астын казган Рим аскер күчтөрү болуп чыккан. «Жийиркенич» ага тийиштүү эмес жерден орун алган.

Белгинин негизги аткарылышындагы «кыйратуучу жийиркенич» — Улуттар Лигасы менен анын ордун ээлеп калган Бириккен Улуттар Уюму. Бул уюм бүткүл дүйнө жүзү боюнча тынчтык орнотуу милдетин алгандыктан, христиан дүйнөсү аны Кудайдын Падышалыгын алмаштырган уюмдай көрөт. Чынында эле, жийиркенич эмей эмне?! Ошон үчүн Бириккен Улуттар Уюму менен байланышкан саясий күчтөр убакыт өткөндөн кийин өтмө маанидеги Иерусалимге — христиан дүйнөсүнө — каршы чыгып, аны жылас кылат.

«Ошондо дүйнөнүн башталышынан бери ушул күнгө чейин болуп көрбөгөн улуу кайгы болот»,— деп алдын ала айтат Ыйса. 70-жылы Иерусалим талкаланганда, маалыматтар боюнча, миллиондон ашуун адам кырылгандыктан, ал чынында эле улуу алаамат маалы болгон. Ыйсанын бул пайгамбарлыгынын негизги аткарылышы анын биринчи аткарылышынан алда канча ашып түшөт.

Акыркы күндөрдө ишенимдүүлүктү жоготпоо

Шейшемби, 11-нисан, соңуна чыгып калды. Ыйса расулдары менен өзүнүн падышалык бийлигиндеги катышуусунун жана азыркы түзүлүштүн аякташынын белгиси тууралуу сүйлөшүп жатат. Аларга жалган машайыктардан сак болууну эскертип, андайлар «мүмкүн болсо, тандалгандарды да адаштырууга» аракет кыларын айтат. Бирок «тандалгандар», кыраакы бүркүттөр сымал, чыныгы рухий азык бар жакка, башкача айтканда, көзгө көрүнбөй катышып турган чыныгы Машайыкка учуп келишет. Алар алданбайт да, жалган машайыктардын жанына чогулушпайт.

Жалган машайыктар көзгө көрүнбөй келе алышпайт, ал эми Ыйсанын катышуусу дал ошондой болот. Ыйса улуу кайгы кирип келгенден кийин, «күн караңгылап, ай жарыгын бербей каларын» айтат. Ооба, ошондо адамзат тарыхындагы эң эле караңгы маал болот. Ошол маалды күндүн жарыгы тийбеген күн жана айсыз түн менен салыштырууга болот

«Асман күчтөрү солкулдайт»,— деп улайт сөзүн Ыйса. Бул жерде ал кадимки асмандын ыраңы бузулуп, бир укмуш болуп көрүнүп каларын айткан. Коркунуч, зордук-зомбулук болуп көрбөгөндөй көбөйөт.

Ошондуктан, Ыйса айткандай, «жердеги элдер арга таппай кыйналышат, себеби деңиз алай-дүлөй түшүп, албууттанат; адамдар болсо отурукташкан жерди көздөй келаткан окуяларды күтүүдөн жана коркунучтан сезимдеринен ажырашат, анткени асман күчтөрү солкулдайт». Ооба, адамзат тарыхындагы караңгы мезгил акыр-аягына чыгып келаткан кезде, «асманда адам Уулунун жышааны пайда болот, ошондо жердеги уруулардын баары көкүрөктөрүн ургулап ыйлашат».

Бирок адам Уулу азыркы каардуу дүйнөнү жок кылуу үчүн «күч-кубат» менен келгенде, баары «кайгырышпайт». «Тандалгандар», Ыйса менен асман Падышалыгына кире турган 144 000, менен алардын Ыйса «башка койлор» деп атаган шериктештери күйүт тартышпайт. Ыйсанын жолдоочулары адамзаттын тарыхындагы эң эле караңгы мезгилде жашап жатышса да, аларды Ыйсанын: «Булардын баары аткарыла баштаганда, боюңарды түзөп, башыңарды көтөргүлө, анткени силердин куткарылууңар жакындап келатат»,— деген чакырыгы жубатат.

Акыркы күндөрдө жашай турган окуучулары дүйнөнүн акыры жакындап калганын аныктай алышсын үчүн, Ыйса төмөнкүдөй көрсөтмөлүү мисал келтирет. «Анжыр дарагын жана бардык башка бактарды карагылачы, алардын бүчүр байлап калганын көрүп, жайдын жакындаганын өзүңөр эле билесиңер. Ошол сыяктуу эле, мунун аткарылып атканын көргөндө, Кудайдын Падышалыгы жакындап калганын билгиле. Чынын айтам силерге: ушунун бардыгы бул муун өтүп кеткиче ишке ашат»,— дейт ал.

Демек, белгинин курама бөлүктөрүнүн баары аткарыла баштаганда, Ыйсанын окуучулары азыркы түзүлүштүн акыры жакындап келатканын билип, жакында Кудайдын Падышалыгы жер бетинен бардык зулумдукту жоготот деген тыянак чыгарышы керек. Дүйнөнүн акыры Ыйса айткан пайгамбарлыктын аткарылышын көрүп жаткан адамдардын көзү тирүү кезинде келет. Ошол өзгөчө убакта, акыркы күндөрдө, жашай турган окуучуларына акыл айтып, Ыйса мындай дейт:

«Байкагыла, эч качан ашыра жеп-ичип, аракечтикке берилип, жашоо түйшүгүн тартып жүрөгүңөргө күч келтирбегиле жана алиги күн силерди күтүлбөгөн жерден басып калбагыдай болсун, анткени ал тор сыяктуу, жер жүзүндөгү жашагандардын баарынын үстүнө келип түшөт. Ошондуктан сергек болгула, болуп өтө тургандардын баарынан кутула алышыңар үчүн жана адам Уулунун алдында турушуңар үчүн, дайыма ынтаа коюп тиленгиле».

Акылдуу жана акылсыз кыздар

Ыйса өзүнүн падышалык бийлигиндеги катышуусунун белгисин сураган расулдарына жооп берип жатат. Эми ал белгинин башка да курама бөлүктөрүн көрсөтүп, дагы үч көрсөтмөлүү мисал айтып берет.

Бул үч мисалдын тең аткарылышын Ыйсанын падышалык бийлигиндеги катышуусунда жашагандар көрүшөт. Биринчисин ал мындай деп баштайт: «Ошондо асман падышалыгы шамчырагын көтөрүп, күйөө болчу жигитти тосуп чыккан он кыздай болот. Алардын беши — акылсыз, беши акылдуу кыздар».

«Ошондо асман падышалыгы... он кыздай болот»,— деп Ыйса асман Падышалыгынын мурасчыларынын жарымы — акылсыз, жарымы акылдуу болорун айткан эмес. Ал асман Падышалыгына байланышкан кээ бир жагдайлар көрсөтмөлүү мисалда сүрөттөлгөн жагдайлардай болорун көрсөткүсү келген.

Он кыз Ыйсанын асман Падышалыгын мурастайбыз деп ырасташкан же аны чынында эле мурастай турган жолдоочуларынын баарын билдирет. 33-жылдын Эгин оруп-жыйноо майрамында Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы Ыйса Машайыкка — тирилип, чоң кадыр-баркка жеткен Күйөөгө — колукту болгонго убада кылынган. Бирок асманда өткөзүлүүчү үйлөнүү үлпөтүнүн так убактысы көрсөтүлгөн эмес.

Он кыз күйөө болуучу жигит менен учурашып, аны менен кошо үйлөнүү үлпөтүнө баруу үчүн чыгышмак. Колуктусун атайы даярдалган үйгө алып бараткан жигит көрүнгөндө, кыздар ага сый көрсөтүп, жолун шамчырактары менен жарык кылып турушмак. Бирок Ыйса мындай дейт: «Акылсыздары шамчырактарын алышканы менен, май ала келишпейт, акылдуулары болсо шамчырактары менен май куюлган идиштерин кошо ала келишет. Бирок күйөө болчу жигит кармалып жаткандыктан, алардын баары үргүлөп уйкуга киришет».

Күйөө болчу жигиттин кармалып жатышы Ыйсанын бийлик кылуучу Падыша катары катышуусуна али көп бар экенин көрсөтөт. Акыры, 1914-жылы, ал такка олтурат. Ошол убакка чейинки узун түн өкүм сүргөн маалда кыздардын баары уктап жатышат, ошентсе да алардын уктаганы айып көрүлбөйт. Бирок акылсыз кыздар жанына май камдап алышпагандыгы үчүн айыпталышат. Жигит келер маалда кыздардын ойгонгонун Ыйса мындай деп баяндайт: «Түн жарымында: „Тигине, жигит келатат! Аны тосуп алуу үчүн чыккыла“,— деген кыйкырык угулат. Ошондо кыздардын баары туруп, шамчырактарын белендешет. „Бизге майыңардан бир аз бергилечи, антпесе шамчырактарыбыз өчкөнү турат“,— дешти акылсыздары акылдууларына. Акылдуулары болсо: „Бизге да, силерге да жетпей калып жүрбөсүн. Андан көрө май саткандардан барып сатып алгыла“,— деп жооп беришти».

Май Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына шамчырактай болуп жарык чачууга мүмкүнчүлүк берген нерселерди билдирет. Башкача айтканда, шакирттер жашоосунда тыгыз карманууга аракеттенген, Кудайдын шыктандыруусу менен жазылган Сөзүн жана аны түшүнүүгө жардам берген ыйык рухту билдирет. Рухий май акылдуу кыздарга үйлөнүү тоюн өткөрүүгө бараткан жигитти тосуп чыкканда, анын жолун жарык кылып турууга мүмкүнчүлүк берген. Ал эми акылсыз кыздарда, тагыраак айтканда, алардын идиштеринде рухий май жок болчу. Кийин эмне болгонун Ыйса мындай деп баяндайт: «Алар [май] сатып алганы барып келгиче, күйөө болуучу жигит келип, даяр турган кыздар аны менен кошо үйлөнүү тоюна кирип кетишти; ал эми эшик жабык болчу. Кийинчерээк калган кыздар келишет да: „Мырза, мырза, эшикти ачып койчу!“ — дешет. Ал болсо аларга: „Чынын айтам силерге: силерди тааныбаймын“,— деп жооп берет».

Машайык өзүнүн асмандагы Падышалыгына келгенден кийин, акылдуу кыздар, башкача айтканда, Ыйсанын ыйык рух менен майланган чыныгы жолдоочулары кайтып келген Күйөөнү ушул караңгы дүйнөдө жарык чачып даңкташ үчүн ойгонушкан. Ал эми акылсыз кыздарга салыштырылгандар антүүгө даяр эмес болчу. Ошондуктан асмандагы үйлөнүү тоюн өткөзүү убактысы келгенде, Ыйса аларга эшик ачпай коёт. Тескерисинче, аларды көзгө сайса көрүнгүс караңгы дүйнөдө калтырат, ошол жакта алар мыйзамсыз иштерди жасагандар менен кошо жок кылынат. Ыйса мисалын: «Ошондуктан сергек болгула, анткени күнүн да, саатын да билбейсиңер»,— деп аяктайт.

Таланттар тууралуу мисал

Ыйса расулдары менен Зайтун тоосунда сүйлөшүп олтурат. Эми ал үч мисалдын экинчисин айта баштайт. Мындан бир нече күн мурун Иерихондо жүргөнүндө Ыйса Падышалыктын келечекте орнотуларын түшүндүрүш үчүн миналар тууралуу көрсөтмөлүү мисал айтып берген эле. Эмки мисалы да ошол мисалга окшош. Бирок мунусунда Машайыктын падышалык бийлигиндеги катышуусунда кандай окуялар болуп өтөрү баса көрсөтүлөт. Ошондой эле бул мисал Ыйсанын окуучулары жерде жашап жаткан маалында «анын мүлкүн» көбөйтүп-кеңейтиши керектигин көрсөтүү максатында айтылат.

Ыйса мисалын: «Бул кайсы бир адамдын башка өлкөгө кетип атып, кулдарын чыкырып, аларга өзүнүн мүлкүн табыштаганга окшош»,— деп баштайт. «Башка өлкөгө», асманга, кетерден мурда ал адам, Ыйса, кулдарына, башкача айтканда, асман Падышалыгын мурастоо үмүтүнө ээ болгон окуучуларына, өзүнүн мүлкүн табыштайт. «Мүлк» деген кадимки буюм-тайым, дүнүйө эмес. Ал — иштетилип, дагы да көп окуучуларды «жыйноого» бардык жагынан шарт түзүлгөн каймана маанидеги талаа.

Ыйса асманга кетеринин алдында кулдарына мүлкүнө кам көрүп турууну тапшырат. Кандайча? Иштетилип коюлган талаадагы жумуштарды мындан ары да алга жылдыра берүүнү, башкача айтканда, Падышалык жөнүндөгү кабарды жердин булуң-бурчуна таратууну улантууну тапшырат. Мисалында ал тууралуу Ыйса мындай дейт: «Ал бирөөнө — беш, башкасына — эки, дагы бирөөнө бир талант берди, ар бирине жөндөмдүүлүгүнө жараша берди да, башка өлкөгө сапар тартып кетти».

Демек, сегиз талант, Ыйсанын мүлкү, кулдарынын жөндөмдүүлүгүнө же болбосо рухий мүмкүнчүлүктөрүнө жараша таратылып берилиптир да. Кулдар окуучулардын ар башка тобун билдирет. Биринчи жүз жылдыкта беш талант берилгендердин тобуна, кыязы, расулдар да кирген окшойт. Анан Ыйса беш жана эки талант алган кулдардын, Падышалык жөнүндө кабарлап жана окуучуларды даярдап, дагы ошончо талант кошуп тапканын айтат. Бир талант алган кул болсо анысын жерге көөмп коёт.

«Арадан узак убакыт өткөндөн кийин,— дейт Ыйса,— баягы кулдардын кожоюну келип, алардын эсебин тактайт». Чынында эле, «узак убакыт» өткөн, анткени Ыйса, жалпысынан алганда, 1 900 жылдан кийин, XX кылымда кайтып келип, эсеп берүүнү талап кылган. Ыйса мисалын минтип улайт:

«Ошондо беш талант алганы үстүнө дагы беш талант кошуп алып келип: „Мырзам, мага беш талант тапшырдың эле. Мына, мен дагы беш талант өндүрүп келдим“— дейт. Кожоюну ага: „Азаматсың, ишенимдүү жана мыкты кул! Аз эле нерседе ишенимдүү болдуң, сени көптүн үстүнөн коём. Мырзаңдын кубанычына кир“,— деди». Эки талант алган кулу да алганын эки эселеп алып келип, так ошондой мактоо менен сыйлыкка татыйт.

Ал ишенимдүү кулдар Мырзасынын кубанычына кандайча киришет? Мырзасынын, Ыйса Машайыктын, кубанычы «башка өлкөдө» — асмандагы Атасыныкында — Падышалык бийликти алганда болот. Биздин күндөрдө кызмат кылып жаткан ишенимдүү кулга Падышалыкка байланышкан дагы да көп милдеттер артылды, бул болсо аларга чоң кубаныч берет. Алар жердеги жашоосу аяктаган соң, тирилип, асман Падышалыгына барышат, ошондо алар чексиз зор кубанычка бөлөнүшөт. Ал эми үчүнчү кулчу, ал эмне болду?

«Мырза, сенин... өтө талапкер экениңди билгендиктен,— деп арызданат ал,— коркуп, бардым да, талантыңды жерге катып салдым; мына, өзүңдүкүн ал». Бул кул талаада иштөөдөн — кабар айтуудан жана окуучуларды даярдоодон — билип туруп баш тарткан. Ошондуктан мырзасы аны «зулум, жалкоо кул» деп, ага мындай өкүм чыгарат: «Мунун талантын алгыла да... бул эч нерсеге жарабаган кулду ары караңгылыкка ыргыткыла. Ал жакта анын ыйы жана тиш кычыратуусу болот». Ошентип, ал кул кимдерди билдирсе, ошолор ары сыртка ыргытылып, рухий кубанычтан ажыратылат.

Бул — Ыйсаны жолдойм деп ырастагандардын баарына олуттуу сабак. Биз да ары караңгылыкка ыргытылып, акыр-түбү жок кылынбай, тескерисинче, мактоо менен сыйлык алышыбыз үчүн, асмандагы Мырзабыздын мүлкүн кеңейтип-көбөйткүдөй иштешибиз, башкача айтканда, кабар айтуу ишине күч-аракетибизди толук жумшашыбыз зарыл. Ал эми сенчи, бул ишти ынталуу аткарып жатасыңбы?

Ыйса падышалык бийлигинде келгенде

Ыйса дагы эле расулдары менен Зайтун тоосунда. Эми ал өзүнүн катышуусу жана азыркы түзүлүштүн аякташынын белгиси жөнүндөгү суроого жооп бериш үчүн, үч мисалынын акыркысын айта баштайт. «Адам Уулу даңкы менен келгенде жана аны менен периштелердин баары келишкенде,— дейт Ыйса,— ал өзүнүн даңктуу тагына олтурат».

Адам Уулу бул түзүлүш аяктар алдында «келет». Эмне себептен? Ыйса аны мындайча түшүндүрөт: «Анын алдына бардык элдер чогултулат да, койчу койлорду эчкилерден бөлгөндөй, ал адамдарды бири-биринен бөлөт; койлорду — өзүнүн оң кол тарабына, эчкилерди болсо сол тарабына коёт».

Анан кайрымдуулук көрсөтүлгөндөр менен эмне болорун Ыйса минтип баяндайт: «Ошондо Падыша мындай дейт: „Келгиле, Атамдын батасын алгандар, дүйнө негизделгенден баштап силер үчүн даярдалып коюлган падышалыкты мурастагыла“». Мисалда айтылган койлор Ыйса менен бирге асманда башкарышпайт. Алар Падышалыктын жердеги букара эли болушат, ошондуктан падышлыкты мураска алышат делет. «Дүйнөнүн негизделиши» Адам менен Овонун Кудайдын адамзатты куткаруу үчүн көргөн чарасынын пайдасын көрө турган балдары төрөлгөндө болгон.

Эмне үчүн койлорго кайрымдуулук көрсөтүлүп, Падышанын оң кол тарабында болушат? «Анткени мен ачка элем — силер мага тамак бердиңер; чаңкаган элем — суусунумду кандырдыңар; бейтааныш элем — меймандостук көргөздүңөр; жылаңач элем — кийинттиңер; ооруган элем — каралаштыңар; камакта элем — көргөнү келдиңер»,— деп жооп берет Падыша.

Койлор өзүлөрү жерде жүрүшсө, асмандагы Падышасына жанагылардын баарын кантип жасадык болдук экен деп таң калышат. «Сенин ач жүргөнүңдү качан көрүп, качан тоюнттук же суусасаң, качан суусунуңду кандырдык, Эге? Качан бейтааныш болуп жүргөнүңдү көрүп, меймандостук көрсөттүк же жылаңач жүрсөң, кийинттик? Качан ооруганыңды же камакта экениңди көрүп, сага бардык?» — деп сурашат алар.

Падыша: «Чынын айтам силерге: кичине бир туугандарымдын бирине эмне жасаган болсоңор — мага жасагансыңар»,— деп жооп берет. Ыйсанын бир туугандары — келечекте аны менен чогуу падышалык кыла турган 144 000дин азыр жерде жашап жаткан мүчөлөрү. Аларга жакшылык жасоо, Ыйсанын айтуусу боюнча, анын өзүнө жакшылык кылган менен бирдей.

Падыша анан эчкилерге кайрылат: «Менден кеткиле, каргыш тийгендер, Ибилис менен анын периштелерине даярдалган түбөлүк отко баргыла: мен ачка элем — силер мага тамак бербедиңер; чаңкаган элем — суусунумду кандырбадыңар; бейтааныш элем — меймандостук көрсөтпөдүңөр; жылаңач элем — кийинтпедиңер; ооруганымда же камакта экенимде мага каралашпадыңар».

«Эге, ач болгонуңду же суусаганыңды, же бейтааныш болуп жүргөнүңдү, же жылаңач калганыңды, же ооруганыңды, же камакта жатканыңды качан көрүп, качан сага кызмат кылбай койдук?» — деп наалышат эчкилер. Эчкилерге өкүм чыгарылып, койлорго кайрымдуулук көрсөтүлүшүнүн себеби бир. «Бул кичинелердин [бир туугандарымдын] бирине эмнени жасаган эмес болсоңор,— деп жооп берет эчкилерге Ыйса,— аны мага да жасабаган болосуңар».

Демек, каардуу түзүлүш «улуу кайгыда» акырына чыкканга чейин, Ыйсанын падышалык бийлигиндеги катышуусу сот маалы болуп саналат. Эчкилер — «түбөлүк кыйылууга, такыбаалар [койлор] түбөлүк өмүргө кетишет». Матфей 24:2—25:46; 13:40, 49; Марк 13:3—37; Лука 21:7—36; 19:43, 44; 17:20—30; 2 Тимофей 3:1—5; Иоанн 10:16; Аян 14:1—3.

▪ Расулдардын Ыйсага суроо беришине эмне түрткү болот жана алар дагы эмне тууралуу ойлошсо керек?

▪ 70-жылы Ыйсанын пайгамбарлыгынын кайсы бөлүгү аткарылат, бирок ал жылы эмне болбойт?

▪ Ыйсанын пайгамбарлыгы биринчи жолу качан аткарылган жана анын негизги аткарылышы качан болот?

▪ «Жийиркенич» пайгамбарлыктын биринчи аткарылышында жана негизги аткарылышында эмнени билдирет?

▪ Эмне үчүн Иерусалимдин талкаланышы «улуу кайгы» жөнүндөгү пайгамбарлыктын негизги аткарылышы болгон эмес?

▪ Ыйсанын катышуусунда дүйнөдө эмнелер болот?

▪ «Жердеги уруулардын баары» качан кайгырышат жана ошол кезде Ыйсанын жолдоочулары эмне кылышат?

▪ Ыйса болочок окуучуларына дүйнөнүн акырына аз калганын аныктоого жардам бериш үчүн, кандай көрсөтмөлүү мисал айтат?

▪ Ыйса акыркы күндөрдө жашай турган окуучуларына кандай кеңеш айтат?

▪ Он кыз кимдерди билдирет?

▪ Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы колукту болгонго качан убадаланган жана жигит колуктусун үйлөнүү үлпөтүнө киргизгени качан келет?

▪ Май эмнени билдирет жана акылдуу кыздар анын жардамы менен эмне кыла алышат?

▪ Үйлөнүү үлпөтү каякта өтөт?

▪ Акылсыз кыздар кандай сыйлыктан айрылышат жана аларды кандай келечек күтүп турат?

▪ Таланттар жөнүндөгү мисалдан кандай сабак алууга болот?

▪ Кулдар деген кимдер жана аларга эмне мүлк табышталган?

▪ Мырза эсеп берүүнү талап кылыш үчүн качан келет жана ал кандай жагдайды көрөт?

▪ Мырзанын ишенимдүү кулдары кирген кубанычы эмнеде жана арамза үчүнчү кул эмне болот?

▪ Ыйса өзүнүн катышуусу маалында кандай сот жүргүзөт?

▪ Койлор Падышалыкты кантип мурасташат?

▪ Дүйнө качан «негизделген»?

▪ Адамдар эмненин негизинде койлор жана эчкилер болуп бөлүнүшөт?