Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алачыктар майрамы

Алачыктар майрамы

66-бөлүм

Алачыктар майрамы

ЫЙСА чөмүлтүлгөндөн бери дээрлик үч жылдай өтүп кетти. Ошол убакыттын ичинде ал элге кеңири таанылып калды: миңдеген адамдар анын кереметтерине күбө болушту, ал эми кылган иштери жөнүндө бүт өлкөгө белгилүү болду. Азыр болсо эл Алачыктар майрамын белгилөө үчүн Иерусалимге чогулуп жатып: «Ал кайда?» — деп, Ыйсаны издешүүдө.

Ыйса жөнүндө эл ар кандай ойдо. Айрымдары: «Ал жакшы киши»,— дешсе, башкалары: «Жок, ал элди адаштырып жатат»,— деп ырасташат. Майрамдын алгачкы күндөрүндө ушу сыяктуу күбүр-шыбырлар жүрүп жатты. Бирок Ыйсаны колдогон сөздөрдү ачык айтканга эч ким даай алган жок, себеби баары эле өзүнө кыйынчылык туудуруп алам деп иудей башчыларынан коркушат.

Ыйса майрамдын жарымы өткөндө келип, ийбадатканага барат. Анын укмуштай окутуу жөнөмдүүлүгүнө эл таң калат. Ыйса эч качан раббилер мектебинен окубагандыктан, иудейлердин арасында мындай суроо туулат: «Ал мектептерден окубаса, мындай билимди каяктан алган?»

«Мен окутуп жаткан нерсе меники эмес,— деп түшүндүрөт Ыйса,— бирок мени жибергендики. Эгерде ким Анын эркин аткаргысы келсе, бул окутуу Кудайданбы же мен өз оюман чыгарып айтып жатамбы, ал билип алат». Ыйсанын окутуусу Кудайдын мыйзамы менен тыгыз байланышкан, ошондуктан ал өзүнө эмес, Кудайга даңк издеп атканы белгилүү болушу абзел. «Муса силерге Мыйзам берген эмес беле?» — деп сурайт Ыйса, анан аларды ашкерелеп: «Эч кимиңер Мыйзамга баш ийбей жатасыңар»,— дейт.

Андан кийин Ыйса: «Эмне үчүн мени өлтүргөнгө аракет кылып атасыңар?» — деп сурайт.

Кыязы, Ыйсаны угуп аткандардын айрымдары майрамга башка жерлерден келишсе керек, ошондуктан мындай аракеттер жөнүндө эч нерсе билишпейт. Атүгүл алар кимдир бирөө ушундай мыкты окутуучуну өлтүрүүнү каалап жатканын элестете да алышпайт. Ошол себептен алар Ыйсада ушундай ойлор болуп аткан соң, демек, ал соо эмес деген тыянак чыгарышат. «Сенде жин бар,— дейт алар.— Сени өлтүргөнгө ким аракет кылып атат?»

Иудей башчыларынын Ыйсаны өлтүрүүнү калап атканы элдин оюна да келген жок. Иудей башчылары бир жарым жыл мурун да, Ыйса ишемби күнү киши айыктырганда, аны өлтүрүүгө аракет кылышкан. Эми Ыйса алардын ой жүгүртүүлөрү туура эмес экенин ачыкка чыгарып: «Эгер адам Мусанын мыйзамы бузулбашы үчүн ишембиде сүннөткө отургузулуп жатса, ишемби күнү адамды толук сакайткандыгым үчүн кыжырданасыңарбы? Сыртына карап тыянак чыгарганыңарды токтоткула, бирок адилеттүү тыянак чыгаргыла»,— дейт.

Иштин жайын билген Иерусалимдин тургундары: «Өлтүргөнгө аракет кылып атышкан адам ушул эмеспи? Мына, ал ачык эле сүйлөп атат, бирок ага эчтеке дешкен жок. Же башкаруучулар бул Христос экенине чын эле ынанып калыштыбы?» — деп айтышууда. Шаардын тургундары Ыйсанын Машайык экенине эмне үчүн ишенбей жатышканын: «Бирок биз анын каяктан экенин билебиз да, ал эми Христос келгенде анын каяктан экенин эч ким билбейт»,— деп түшүндүрүшөт.

Ыйса: «Силер мени билесиңер, каяктан экенимди да билесиңер. Мен өзүмөн өзүм келген жокмун, бирок мени жиберген чынында эле бар, а силер аны билбейсиңер. Мен аны билем, анткени андан келдим жана ал мени жиберди»,— деп жооп берет. Ушул сөздөрдү уккандан кийин алар аны колго түшүргөнгө аракет кылышат, балким, камакка алгылары же өлтүргүлөрү келишкендир. Бирок ойлору ишке ашкан жок, анткени анын өлөр сааты али келе элек болчу.

Бирок көп адамдар баары бир деле Ыйсага ишенишет, себеби ага негиздер бар. Ал суунун үстү менен баскан, алай-дүлөй түшкөн деңизди жана шамалды тынчыткан, керемет аркылуу болгону бир нече нан жана балык менен миңдеген адамдарды тойгузган, оорулууларды жана шалдарды айыктырган, ошондой эле сокурлардын көзүн ачкан, атүгүл өлгөндөрдү да тирилткен. Ошондуктан алар: «Христос келгенде, кантип эле бул адам көрсөткөндөн да көп жышаан көрсөтсүн?» — деп сурашат.

Эл ичинде ушундай сөздөр жүрө баштаганын угар замат, фарисейлер диний жетекчилер менен биригип, Ыйсаны камакка алдыруу үчүн кызматчыларды жөнөтүшөт. Иоанн 7:11—32.

▪ Ыйса майрамга качан келет жана адамдар ал тууралуу эмне дешет?

▪ Кыязы, кайсы себептен улам айрымдар Ыйсада жин бар деп айтышат?

▪ Иерусалимдин тургундары Ыйса жөнүндө кандай ой-пикирде?

▪ Эмне үчүн көп адамдар баары бир деле Ыйсага ишенишет?