Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алдын ала караштыруу менен келечекке кам көрүү

Алдын ала караштыруу менен келечекке кам көрүү

87-бөлүм

Алдын ала караштыруу менен келечекке кам көрүү

ЫЙСА адашкан уул жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалды жаңы эле көптөгөн адамдарга айтып берди. Алардын ичинде окуучулары, митаам салык жыйноочулар, башка да күнөөкөрлөр, фарисейлер жана китепчилер бар эле. Азыр болсо ал окуучуларына кайрылып, чарбасынын башчысы же «башкаруучусу» тууралуу жаман кептерди уккан бир бай адам жөнүндө көрсөтмөлүү мисал айтып берет.

Ыйсанын айтымына караганда, ал адам башкаруучусун өзүнө чакырып алып, аны жумуштан бошото тургандыгын айтат. «Чарбаны башкаруудан мырзам мени четтеткени турат, мен эмне кылсам? — деп, өзүнө-өзү суроо берет башкаруучу.— Жер казууга чамам жетпейт, кайыр суроодон уялам. Аха! Чарбаны башкаруудан четтетилгенимден кийин, адамдар мени үйлөрүнө кабыл алышы үчүн, эмне кылышты билдим».

Ал эмнени ойлоп тапты болду экен? Башкаруучу мырзасына карыз болгондорду чакырат.

— Сен мырзама канча карызсың? — деп сурайт.

— Зайтун майынан жүз бат [2 200 литр],— деп жооп берет биринчиси.

— Тил катыңды ал да, тезинен отуруп элүү [1100 литр] деп жаз,— дейт башкаруучу.

Андан кийин башкасына кайрылып:

— А сен канча карызсың? — дейт.

— Буудайдан жүз кор [22 000 литр].

— Тил катыңды ал да, сексен [18 000] деп жаз.

Башкаруучу мырзасынын финансылык иштерине азырынча жооптуу болуп тургандыктан, анын тил каттарды өзгөрткөнгө акысы бар. Карыздарды азайтуу менен ал, кийин жумушунан ажыраганда, анын көрсөткөн жакшылыгына жакшылык кылып, жардам бере тургандар менен достугун чыңдап жатат.

Башкаруучунун кылган иши мырзасына чоң таасир калтырат. «Башкаруучусу адилетсиз болсо да, алдын ала караштырырып, иш жүргүзгөнү үчүн мырзасы аны мактайт». Ыйса дагы кошумчалап: «Бул түзүлүштүн уулдары өзүлөрүнүн муунунун арасынан жарыктын уулдарына караганда алдын ала караштыра билишет»,— дейт.

Андан кийин Ыйса бул көрсөтмөлүү мисалдан окуучулары эмнеге үйрөнсө болорун айтат: «Адилетсиз байлык менен досторго ээ болгула, ал түгөнгөндө, алар силерди түбөлүк турак-жайга кабыл алгыдай болушсун».

Ыйса башкаруучунун уятсыз болгондугу үчүн эмес, а тапкычтыгы, алдына ала караштыра билгендиги, үчүн мактап жатат. Көп учурда «бул түзүлүштүн уулдары» акчаларын же кызмат абалын кылган жакшылыгына жооп кайтара ала турган адамдар менен достугун чыңдоо үчүн колдонот. Ошондуктан Кудайдын кызматчылары да, «жарыктын уулдары», өз мүлктөрүн, «адилетсиз байлыкты», өзүлөрүнүн пайдалары үчүн акылдуулук менен колдонушу керек.

Бирок, Ыйса айткандай, алар «түбөлүк турак-жайга» аларды кабыл ала тургандар менен болгон достугун ошол байлыктардын жардамы аркылуу чыңдоосу зарыл. Кичине отордун тобуна киргендер үчүн бул турак-жайлар асманда, ал эми «башка койлор» үчүн жер бетиндеги бейиште болот. Бул турак-жайларга адамдарды Иегова менен анын Уулу гана кабыл ала тургандыктан, биз «адилетсиз байлыктарыбыздын» баарын Падышалыктын кызыкчылыгын колдоо үчүн пайдаланып, алар менен достугубузду чыңдашыбыз керек. Ошондо материалдык байлык түгөнгөндө же күчүн жоготкондо (ал сөзсүз болчу нерсе), биздин түбөлүктүү келечегибиз камсыз кылынган болот.

Ыйса андан кийин материалдык же кичинекей иштерде ишенимдүү болгон адам андан да маанилүү иштерде ишенимдүү болорун айтат. «Демек,— дейт ал,— эгер силер адилетсиз байлыкты колдонууда ишенимдүү болбосоңор, чыныгы нерселерди [башкача айтканда, рухий иштерди же Падышалыктын кызыкчылыктарын] силерге ким ишенип тапшырат? Ошондой эле эгер башкага таандык нерселерди [башкача айтканда, Кудай өзүнүн кызматчыларына ишенип тапшырган Падышалыктын кызыкчылыктарын] колдонууда ишенимдүү болбосоңор, анда өзүңөрдүкүн [башкача айтканда, түбөлүк турак-жайдагы жашоо белегин] силерге ким берет?»

Ыйса жыйынтыктагандай, биз бир эле убакта Кудайдын ишенимдүү кызматчылары да, материалдык адилетсиз байлыктын кулу да боло албайбыз: «Эч бир кызматчы эки мырзага бирдей кул боло албайт, анткени же бирөөнү жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт, же бирөөнө берилип, экинчисин барк албайт. Силер Кудайга да, Байлыкка да бирдей кул боло албайсыңар». Лука 15:1, 2; 16:1—13; Иоанн 10:16.

▪ Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы башкаруучу кийин жардам бере ала тургандар менен достугун кандайча чыңдайт?

▪ «Адилетсиз байлык» деген эмне жана анын жардамы менен досторго кандайча ээ боло алабыз?

▪ Түбөлүк турак-жайга бизди кимдер кабыл алат жана ал турак-жай эмнени билдирет?