Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Андан аркы кеңештер

Андан аркы кеңештер

63-бөлүм

Андан аркы кеңештер

ЫЙСА Капернаумдагы үйдө окуучулары менен сүйлөшүп жатат. Сөз расулдардын ортосунда болгон улуктукка байланыштуу талаш-тартыш жөнүндө эле эмес, башка бир окуя тууралуу да жүрүп жатат. Мүмкүн, бул окуя Капернаумга кайтып келатышканда, Ыйса окуучуларынын жанында жок учурда болсо керек. Расул Иоанн Ыйсага: «Биз сенин атыңан жиндерди кууп-чыгарып аткан кишини көрдүк жана ага тоскоол кылууга аракет кылдык, анткени ал биз менен жүргөн жок»,— дейт.

Кыязы, Иоанн айыктырууга укугу бар өзгөчө топ деп расулдарды гана эсептейт окшойт.

Бирок Ыйса: «Ага тоскоол кылбагыла, анткени менин атыман керемет иштерди жасаган эч ким ошол эле учурда мени жамандай албайт; себеби ким бизге каршы болбосо, ал биз менен. Ошондой эле ким силерге Христоско таандык болгонуңар үчүн бир чөйчөк суу ичирсе, чынын айтамын силерге: ал белегин жоготпойт»,— деп кеңеш берет.

Ал киши Ыйса тарапта экенин билгизүү үчүн сөзсүз эле аны ээрчиши керек эмес. Анын убагында Ыйсаны жолдогондордун жыйналышы али уюшула элек болчу, ошондуктан расулдарга кошулбаса эле ал башка бир топко таандык дегенди билдирбейт. Чынында эле ал киши Ыйсанын ысымына ишенген, ошон үчүн жин-перилерди кууп чыгара алган. Анын иш-аракеттери Ыйса айткан белекке татыктуу иштерге тең келген. Ошентип, Ыйса айткандай, ал «белегин жоготпойт».

Эгерде расулдардын сөздөрү же иш-аракеттери тиги кишиге кедерги боло турган болсо, эмне болот эле? Мунун арты өкүнүчтүү аяктамак! Ыйса: «Кимде-ким ишенген ушул кичинелердин бирине кедерги боло турган болсо, анын мойнуна адатта эшектер айланта турган жаргылчак ташты илип туруп, деңизге ыргытып жиберишсе, жакшы болмок»,— деп айтат.

Ыйса жолдоочуларын кедерги болушу мүмкүн болгон нерселердин баарын — мейли ага кол, бут же көз сыяктуу баалуу нерселер кирсин — жашоо-турмуштарынан жок кылууга чакырат. Кандайдыр бир баалуу нерселерди сактап калып, бирок түбөлүк өлүмдү символдоштурган гееннага (Иерусалимге жакын жердеги таштандылар күйүп турган жайга) ыргытылгандан көрө, алардан баш тартып, Кудайдын Падышалыгына кирген артык эмеспи.

Ыйса: «Байкагыла, бул кичинелердин бирин да жек көрбөгүлө, анткени, силерге айтарым: булардын асмандагы периштелери асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турат»,— деп эскертүү берет. Андан кийин Ыйса бул «кичинелердин» канчалык баалуу экенин түшүндүрүш үчүн, көрсөтмөлүү мисал келтирет. Ал жүз кою бар, бирок бирөөнү жоготуп алган адам жөнүндө айтат. Ыйса ал адамдын 99 коюн таштап, жоголгон бирөөнү издеп чыкканын жана аны тапканда, 99 коюна караганда ага көбүрөөк сүйүнгөнүн түшүндүрөт. Аягында Ыйса: «Ошондой эле асмандагы Атам да бул кичинелердин биринин өлүшүн каалабайт»,— дейт.

Андан ары Ыйса, сыягы, расулдардын ортосунда болуп өткөн талашка кайрадан кайрылып, аларды: «Өзүңөрдө туз болсун жана бири-бириңер менен тынчтыкта болгула»,— деп чакырат. Туздун күчү менен супсак тамак даамына келет. Ал эми каймана маанидеги туздун жардамы аркылуу бизге башка адамдардын айткандарын кабыл алуу оңой болот. Ушундай туз тынчтыкты сактаганга өбөлгө түзөт.

Бирок жеткилеңсиздиктин айынан айрым учурларда олуттуу келишпестиктер келип чыгат. Мындай учурларда эмне кылса туура болорун Ыйса түшүндүрүп берет. «Эгер бир тууганың күнөө кетирсе,— дейт Ыйса,— баргын да өзү менен жекеме-жеке анын кылган ишинин бетин ач. Эгер сени укса, анда бир тууганыңа ээ болгон болосуң». А эгер укпасачы? Ыйса төмөнкү кеңештерди берет: «Анда, ар бир иш эки же үч күбөнүн оозу менен далилдениш үчүн, өзүң менен кошо дагы бирөөнү же экөөнү алып бар».

Эгер буга да болбосо, анда, Ыйса айткандай, бул ишти «жыйналышка», тактап айтканда, укуктук чечимдерди чыгаруучу жыйналыштын көзөмөлчүлөрүнө тапшырыш керек. Эгерде күнөө кетирген адам алардын чечимине ылайык иш-аракет кылбаса, «анда ал сага башка элдин адамындай жана салык жыйноочудай болсун» дейт Ыйса.

Ушундай чечим чыгарган көзөмөлчүлөр Кудайдын Сөзүндөгү көрсөтмөлөргө бекем карманышы керек. Ошондо гана, эгер алар адамды күнөөлүү жана жаза алууга татыктуу деп аныкташса, өкүм «асманда байланган» болот. А эгерде алар «жерде чечишсе», тактап айтканда, адамды күнөөлүү эмес деп аныкташса, анда бул «асманда чечилген» болот. Ушу сыяктуу укуктук иштерге карата Ыйса: «Менин атыман экөө же үчөө каерде чогулса, мен да ошол жерде алардын ортосунда болом»,— дейт. Матфей 18:6—20; Марк 9:38—50; Лука 9:49, 50.

▪ Эмне үчүн Ыйсанын убагында дайыма аны менен чогуу жүрүү талап кылынган эмес?

▪ «Кичинелерге» кедерги болуп калбоо канчалык маанилүү жана «кичинелердин» баалуулугун көрсөтүү үчүн Ыйса кандай мисал келтирет?

▪ Расулдарына өзүңөрдө туз болсун деп кеңеш айтууга Ыйсага эмне түрткү болгон деп айтсак болот?

▪ «Байлоо» жана «чечүү» деген сөздөр эмнени билдирет?