Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аны кармай алышкан жок

Аны кармай алышкан жок

67-бөлүм

Аны кармай алышкан жок

АЛАЧЫКТАР майрамы дагы эле улантылып жатат. Диний жетекчилер болсо Ыйсаны каматуу үчүн сакчыларды жиберишет. Ыйса жашынганга аракет кылбайт. Тескерисинче, ал элди окутканын улантып: «Силер менен дагы бир аз убакыт болом да, мени жибергенге барам. Мени издейсиңер, бирок таппайсыңар жана мен болгон жакка келе албайсыңар»,— дейт.

Иудейлер мунун маанисин түшүнүшпөй: «Биз аны таппай калгыдай, ал каякка барганы атат? Гректердин арасындагы чачыранды иудейлерге барып, гректерди окутайын деп аткан жокпу? „Мени издейсиңер, бирок таба албайсыңар жана мен болгон жакка келе албайсыңар“ деген сөздөрү эмнени билдирет»,— деп сурашат бири-биринен. Албетте, Ыйса жакындап келаткан өлүмү тууралуу жана душмандары бара албаган асмандагы жашоого тириле турганы жөнүндө айтып жатат.

Майрамдын акыркы, жетинчи, күнү да келип калды. Ушул жети күндүн ичинде күнүгө эртең менен дин кызматчысы Силоам көлмөсүнөн суу алып, аны курмандык жайдын астына агып баргыдай кылып куя турган. Сыягы, ушул жөрөлгө тууралуу элге эскертүү менен Ыйса: «Эгерде ким чаңкаса, мага келсин да ичсин. Мага ишенгендин, Жазмада айтылгандай, „ичинен мүрөктүн суусу агып чыгат“»,— деп жарыялайт.

Ыйса муну менен келерки жылы Эгин оруп-жыюу майрамында түшө турган ыйык рухтун мыкты натыйжалары жөнүндө айтып жатат. Мүрөктүн суусу 120 шакирт элге кабар айта баштаганда ага баштаган. Бирок ага чейин рух кандайдыр бир мааниде жок болчу, анткени Ыйсанын окуучуларынан эч кимиси али ыйык рух менен майлана да жана асмандагы жашоого чакырыла да элек эле.

Ыйсаны угуп аткандардын айрымдары: «Бул чын эле Пайгамбар»,— деп тыянак чыгарышат, муну менен алар, сыягы, Жазмада убада кылынган Мусадан да чоң пайгамбар жөнүндө айтып жатышса керек. Башкалары: «Бул Христос»,— деп айтышса, дагы бирөөлөрү: «Христос Галилеядан келмек беле? Жазмада Христос Дөөттүн тукумунан жана Вифлеемден, Дөөт жашаган айылдан, келет деп айтылбады беле?» — деп, ага каршы.

Ошентип, элдин ою экиге бөлүнөт. Кээ бирлери Ыйсаны колго түшүргүсү келишет, бирок эч кимиси ага кол салган жок. Сакчылар Ыйсаны кармап келишпегендиктен, диний жетекчилер менен фарисейлер: «Эмне үчүн аны алып келген жоксуңар?» — деп сурашат.

Сакчылар болсо: «Буга окшоп сүйлөгөн адам эч качан болгон эмес»,— деп жооп беришет.

Диний жетекчилер ызаларына чыдабай сакчыларды кордоп, кемсинтип жана алардын айткандарын жокко чыгарып киришет, ошондой эле аларды шылдыңдап күлүшүп: «Силерди да адаштырып салыштыбы? Башкаруучулардан же фарисейлерден ага ишенип калган бирөө болду беле? Бирок Мыйзамды билбеген бул элге каргыш тийген»,— деп сурашат.

Ушул сөздөр айтылгандан кийин, фарисей, ары иудей башчыларынын бири болгон (тактап айтканда, Синедриондун мүчөсү) Никодим Ыйсага болуша баштайт. Эки жыл мурун ал Ыйсага түн ичинде келип, ага ишенерин айтканы, мүмкүн, эсиңде чыгар. Никодим: «Биздин мыйзам боюнча, адамды адегенде өзүн укпай жана анын эмне кылып атканын билбей туруп соттойбу?» — деп суроо коёт.

Өзүлөрүнүн ичинен да Ыйсаны колдогон адам чыкканына фарисейлер ого бетер жинденип: «Эмне, сен дагы Галилеядансыңбы? — деп, заардана сурашат.— Изилдеп көр, Галилеядан бир дагы пайгамбар чыкпасын көрөсүң».

Жазмада пайгамбардын Галилеядан келери түзмө-түз жазылган эмес, бирок ошол аймакта көрүнө турган «улуу жарык» жөнүндөгү пайгамбарлык Ыйса Машайыктын ошол жерден келерин көрсөтүп турат. Андан сырткары, Ыйса Дөөттүн тукумунан келген жана Вифлеемде туулган. Албетте, фарисейлердин бул жөнүндө билери бышык, бирок элдин арасында Ыйса тууралуу жалган маалыматтардын тарап жатышына так ошолор жооптуу көрүнөт. Иоанн 7:32—52; Исаия 9:1, 2; Матфей 4:13—17.

▪ Жети күндүк майрам убагында күнүгө эртең менен эмне кылынат жана Ыйса ага кандайча көңүл бурдурган деп айтсак болот?

▪ Эмне үчүн сакчылар Ыйсаны кармашкан жок жана диний жетекчилер буга кандай карашат?

▪ Никодим деген ким, анын Ыйсага болгон мамилеси кандай жана ага фарисейлер эмне дешет?

▪ Ыйсанын Галилеядан келе турганын кандайча далилдесе болот?