Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Асмандан берилген кабарлар

Асмандан берилген кабарлар

1-бөлүм

Асмандан берилген кабарлар

ЫЙЫК Китеп толугу менен асмандан берилген кабар болуп саналат, аны асмандагы Атабыз бизди насыяттоо үчүн берген. Бирок «Кудайга жакын турган» периште 2 000 жылча мурун эки маанилүү кабар алып келет. Ал периштенин аты Жебирейил. Анда эмесе ошол периштенин эки жолку жерге келишинин маанилүүлүгүн карап көрөлү.

Биздин заманга чейинки 3-жыл. Иудеянын тоолуу аймагында, кыязы, Иерусалимден анча алыс эмес жерде Иегованын Захария деген дин кызматчысы жашайт. Ал да, жубайы Елисавета да карып калган эле. Алардын балдары жок болчу. Захария Иерусалимде Кудайдын ийбадатканасында өзүнүн кезеги боюнча диний кызматын аткарып жүргөн. Капысынан жыттуу чайыр күйгүзүлчү курмандык жайынын оң жагынан Жебирейил пайда болот.

Захария абдан коркуп кетет. Бирок Жебирейил аны тынчтандырып, мындай дейт: «Коркпо, Захария, сенин тиленүүң кабыл кылынды, аялың Елисавета сага уул төрөп берет, анын ысмын Иоанн деп коёсуң». Жебирейил андан ары сөзүн улантып, Иоанндын «Иегованын алдында улуу адам болорун» жана ал «даярдалган элди Иеговага келтирерин» жарыялайт.

Бирок Захария буга ишенбейт. Аялы экөө тең карып калган чакта алардын балалуу болушу ал үчүн мүмкүн эместей сезилди. Ошондуктан Жебирейил ага: «Айтылгандардын бардыгы орундала турган күнгө чейин, сен тилден каласың жана сүйлөй албайсың, анткени белгиленген убакта аткарылчу сөздөрүмө ишенген жоксуң»,— дейт.

Ошол арада сырттагы эл Захариянын бир топко чейин ийбадатканадан чыкпай жатканына таң калып турган. Акыры, Захария сыртка чыгат, бирок сүйлөй албай колдору менен жаңсай баштаганда, эл анын табияттан тышкаркы бир нерсени көргөндүгүн түшүнөт.

Ийбадатканада кызмат кылуу убактысы аяктаган соң, Захария үйүнө кайтат. Арадан көп өтпөй, периштенин жарыялаганы чынында эле аткарылат — Елизаветанын боюна бүтөт! Баланын төрөлүшүн күтүп, Елизавета элге көрүнбөй, беш ай бою үйүнөн чыккан жок.

Кийинчерээк Жебирейил кайра пайда болот. Эми ал ким менен сүйлөшөт? Назарет шаарынан болгон Мариам аттуу күйөөгө чыга элек кыз менен. Бул жолкусунда ал эмне жөнүндө кабарлайт? Уксаң! «Сен Кудай алдында ырайым таптың,— дейт Жебирейил Мариамга.— Мына, боюңа бүтүп, Уул төрөйсүң, Анын ысмын Ыйса деп коёсуң». Жебирейил кошумчалап: «Ал улуу болот жана Эң Жогоркунун Уулу деп аталат... жана Жакыптын үйүнө түбөлүккө падышалык кылат; Анын Падышалыгынын аягы болбойт»,— дейт.

Ушул кабарларды жеткирүүнү Жебирейилдин чоң артычылык катары көргөндүгүнө толук ишенсек болот. Иоанн жана Ыйса тууралуу көбүрөөк окуганыбызда, асмандан берилген бул кабарлар эмне себептен ушунчалык маанилүү экенин даанараак түшүнөбүз. 2 Тимофей 3:16; Лука 1:5—33.

▪ Асмандан кайсы эки маанилүү кабар берилет?

▪ Кабарларды ким алып келет жана алар кимге берилет?

▪ Эмне себептен бул кабарларга ишенүү кыйын болгон?