Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Асмандан келген чыныгы нан»

«Асмандан келген чыныгы нан»

54-бөлүм

«Асмандан келген чыныгы нан»

МЫНДАН мурунку күнү көп окуялар болуп өттү. Ыйса миңдеген адамдарды тойгузду жана аны падыша кылабыз дегендерден качып кетти. Түнүчүндө болсо ал алай-дүлөй болуп жаткан Галилея деңизинин үстү менен басты, анан чоң толкунда суунун үстү менен аны көздөй басып келатып чөгө баштаган Пётрду куткарды жана окуучуларынын кайыгы чөгүп кетпесин үчүн деңизди тынчытты.

Азыр болсо Ыйса Капернаумдан анча алыс эмес жерде жүрөт жана ага Галилеянын түндүк-чыгыш жагында керемет жолу менен тойгузган адамдар келишет да, андан: «Сен бул жакка качан келдиң?» — деп сурашат. Бирок Ыйса ал адамдардын кылып аткан аракеттерин жактырбайт жана алардын дагы бир жолу бекер тамак жеп калуу үчүн эле издеп келишкенин айтат. Ыйса аларды убактылуу тамак үчүн эмес, бирок кала турган жана түбөлүк өмүр берүүчү тамак үчүн эмгектенгенге чакырат. Адамдар андан: «Кудайдын иштерин аткаруу үчүн эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашат.

Ыйса өтө баалуу бир эле ишти атайт. «Кудайдын иши боюнча,— дейт ал,— Ал кимди жиберсе, ошого ишеним көрсөтүшүңөр керек».

Тилекке каршы, адамдар жасалган кереметтерге карабастан Ыйсага ишенишпейт. Албетте, муну элестетүү кыйын, бирок ал ушунча кереметтерди жасагандан кийин да андан минтип сурашат: «Биз көрүп, сага ишенип калышыбыз үчүн бизге кандай жышаан көрсөтөсүң? Эмне жаратасың? „Жегенге аларга асмандан нан берди“,— деп жазылгандай, ата-бабаларыбыз чөлдө манна жешкен».

Алардын жышаан көргөз деген өтүнүчүнө жооп кылып, Ыйса бардык кереметтердин Булагы ким экенин баса көрсөтөт. Ал: «Асмандан нанды силерге Муса берген эмес, бирок чыныгы нанды асмандан силерге Атам берет. Анткени ким асмандан түшүп келип, дүйнөгө өмүр берсе, ошол Кудайдын наны»,— деп айтат.

— Эге,— дешет алар,— бизге дайыма ошондой нан берип тур.

— Мен өмүрдүн нанымын,— деп түшүндүрөт Ыйса.— Ким мага келсе, эч качан ачка болбойт жана ким мага ишеним көргөзсө, эч качан суусабайт. Бирок мен силерге: силер мени көрсөңөр да, бирок ишенбей жатасыңар деп айттым. Атам мага бергендин баары мага келет жана мага келгенди мен эч качан кубалабайм; анткени мен өзүмдүн эркимди эмес, а мени жибергендин эркин аткаруу үчүн асмандан түшкөм. Мени жибергендин эрки боюнча, ал мага бергендердин эч нерсесин жоготпой, бирок аны акыркы күндө тирилтишим керек. Себеби Атамдын эрки боюнча, Уулун көргөн жана ага ишеним көрсөткөн ар ким түбөлүк өмүргө ээ болушу керек.

«Мен асмандан түшкөн нанмын»,— деген сөздү угушкандан кийин иудейлер наалый башташат. Алар үчүн Ыйса жөнөкөй эле ата-эненин баласы жана башкалардан өзгөчөлөнгөн эч нерсеси деле жок. Ошондуктан Назареттин тургундары катары алар: «Бул атасын да, энесин да биз билген Жусуптун уулу Ыйса эмеспи? „Мен асмандан түштүм“,— деп ал кантип айтып жатат?» — деп каршы болушат.

«Өз ара наалыганыңарды токтоткула,— деп жооп берет Ыйса аларга.— Эгер мени жиберген Атам өзү тартпаса, мага эч ким келе албайт жана мен аны акыркы күнү тирилтем. Пайгамбарларда: „Алардын баары Иеговадан үйрөнүшөт“,— деп жазылган. Атамдан уккан жана үйрөнгөн ар ким мага келет. Атаны Кудайдан келгенден башка эч бир адам көргөн эмес; Атаны ал көрдү. Чынын силерге чынын айтам: ким ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот».

Ыйса кайра: «Мен өмүрдүн нанымын. Ата-бабаларыңар чөлдө манна жешкен, бирок баары бир өлүшкөн. Ал эми асмандан келген бул нанды жеген ар ким өлбөйт. Мен асмандан түшкөн тирүү нанмын; ким ушул нанды жесе, түбөлүк жашайт»,— деп кайталайт. Ооба, эгерде адамдар Ыйсага — Кудайдын жибергенине — ишенишсе, алар түбөлүк өмүр ала алышат. Эч кандай нан, атүгүл манна да муну бере албайт!

Асмандан келген нан тууралуу сүйлөшүү, сыягы, адамдар Ыйсаны Капернаумдун жанынан тапканда башталган. Бирок бул суроого негизделген талкуу уланууда жана эң жогорку чегине Ыйса Капернаумдагы синагогада окутканда жетет. Иоанн 6:25—51, 59; Забур 77:24; Исаия 54:13; Матфей 13:55—57.

▪ Асмандан келген нан тууралуу сүйлөшүүнүн алдында кандай окуялар болуп өттү?

▪ Ыйсанын жакында эле кылгандарын эске алганда, андан жышаан көргөзүүнү өтүнүү эмне үчүн орунсуз эле?

▪ Ыйсанын асмандан келген нанмын дегенине иудейлер эмне үчүн наалышат?

▪ Асмандан келген нан тууралуу сүйлөшүү каерде болуп өтөт?