Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аталыкка карата суроо

Аталыкка карата суроо

69-бөлүм

Аталыкка карата суроо

ЫЙСА менен иудей башчыларынын майрам убагында болгон сүйлөшүүсү кызыгандан-кызый берди. «Ибрайымдын тукуму экениңерди билем,— дейт Ыйса,— бирок силер мени өлтүрүүгө аракет кылып атасыңар, себеби менин сөзүм силерге жетпей атат. Мен Атаман көргөнүмдү айтып жатам, силер болсо өз атаңардан укканыңарды кылып жатасыңар».

Ыйса алардын атасынын ысымын атаган жок, бирок өзүнүн атасы менен тигилердин атасы эки башка экенин айкын көрсөтүүдө. Иудей башчылары Ыйсанын кимди айтып жатканын түшүнө алышпай: «Биздин атабыз Ибрайым»,— деп айтышат. Алар өздөрүн Ибрайымдыкындай — Кудайдын досунукундай — ишенимге ээбиз деп эсептешет.

Бирок алар Ыйсадан таптакыр башка жооп угушат: «Эгер Ибрайымдын балдары болсоңор, анда Ибрайымдын иштерин кылгыла»,— дейт Ыйса. Ооба, чыныгы уул атасын туурайт эмеспи. Андан кийин Ыйса: «Бирок силер азыр мени — Кудайдан уккан чындыкты силерге айтып берген адамды — өлтүрүүгө аракет кылып жатасыңар,— дейт.— Ибрайым мындай кылган эмес». Ыйса кайрадан: «Силер атаңардын ишин кылып жатасыңар»,— деп айтат.

Иудей башчылары болсо Ыйсанын ким жөнүндө айтып жатканын дагы эле түшүнүшкөн жок. Алар: «Биз бузукулуктан туулган эмеспиз»,— дешип, Ибрайымдын никелүү уулдарыбыз дегендеринен кайтышпайт. Өзүлөрүн Кудайдын Ибрайым сыяктуу чыныгы кызматчылары катары ырастоо менен: «Биздин Атабыз бирөө, ал — Кудай»,— деп билдиришет диний жетекчилер.

Бирок алардын Атасы Кудайбы? «Эгерде Атаңар Кудай болсо, анда мени сүймөксүңөр,— деп жооп айтат Ыйса,— анткени мен Кудайдан чыккам, азыр болсо бул жердемин. Мен өз демилгем боюнча келген эмесмин, бирок мени Ал жиберген. Эмне үчүн силер мен айтып аткандарды билбейсиңер?»

Ыйса дин жетекчилерине аны четке кагуу эмнеге алып барарын түшүндүрүүгө аракет кылып көрдү. Эми болсо ал ачык эле: «Силер атаңар Ибилистенсиңер жана атаңардын каалоосун аткаргыңар келип жатат»,— дейт. Ибилис кандай ата болуп саналат? Ыйса аны киши өлтүргүч, «жалганчы жана жалгандын атасы» деп айтат да: «Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сөзүн угат. Силер Кудайдан эмессиңер, ошон үчүн укпай жатасыңар»,— деп сөзүн жыйынтыктайт.

Мындай айыптоого ачууланган иудейлер Ыйсага: «Сен самариялыксың жана сенде жин бар деп биз чынын айтып жаткан жокпузбу?» — дешет. Иудейлер самариялыктарды жек көрүшөт, ошон үчүн бирөөнү самариялык деп атаганда, ал адамды сыйлабагандыгын жана аны жек көрөрүн билдиришет.

Ыйса кемсинтүүлөргө көңүл бурбастан: «Менде жин жок, бирок мен Атамды ардактайм, а силер мени кемсинтип жатасыңар»,— деп жооп берет. Андан кийин ал: «Чынын силерге чынын айтам: ким менин сөзүмдү аткарса, ал эч качан өлүмдү көрбөйт»,— деп таң каларлык сөздөрдү айтат. Албетте, Ыйса жолдоочуларын түзмө-түз мааниде эч качан өлбөйт деген жок. Анын сөздөрүнүн мааниси алар түбөлүк жок болууну же тирилүүгө мүмкүн болбогон «экинчи өлүмдү» көрбөйт дегенди билдирет.

Бирок иудейлер Ыйсанын сөздөрүн түзмө-түз түшүнүп алышкандыктан: «Сенде жин бар экенин мына эми билдик. Ибрайым өлгөн жана пайгамбарлар да, ал эми сен: „Эгерде ким менин сөзүмдү сактаса, эч качан өлүмдү көрбөйт“,— дейсиң. Сен өлгөн атабыз Ибрайымдан да улуусуңбу? Пайгамбарлар да өлүшкөн. Сен өзүңдү киммин деп көрсөтүп жатасың?» — деп айтышат.

Ушу талкуунун ичинде Ыйса аларды өзүнүн убадаланган Мессия экенин айкындаган фактыга такаганы даана байкалып турат. Бирок алардын кимсиң деген суроосуна Ыйса түз жооп бербестен: «Эгерде өзүмдү өзүм даңктасам, анда менин даңкым эч нерсеге татыбайт. Мени Атам даңктайт, силер аны Кудайыбыз деп атаганыңар менен, али биле элексиңер. А мен аны билем. Эгерде аны билбейм деп айтсам, анда силерге окшогон жалганчы болмокмун»,— дейт.

Ыйса кайрадан ишенимдүү Ибрайым жөнүндө эскертип: «Атаңар Ибрайым менин күнүмдү көрүүгө үмүттөнүп, абдан кубанган, ал аны көрдү жана кубанды»,— деп айтат. Ооба, Ибрайым убадаланган Мессиянын келишин ишенимдин «көзү менен» көргөн. Иудейлер дагы эле ишенбегендерин көрсөтүшүп: «Сен элүүгө да чыга элексиң, анан Ибрайымды көрдүңбү?» — дешет.

«Чынын силерге чынын айтам: Ибрайым төрөлгөнгө чейин эле мен болгом»,— дейт Ыйса аларга. Албетте, Ыйса муну менен жерге келгенге чейин күчтүү рухий жаратуу болгондугун жана асманда жашагандыгын түшүндүрүп жатат.

Ыйсанын Ибрайымга чейин эле жашагандыгы тууралуу ырастоолоруна кыжыры кайнаган иудейлер аны таш бараңга алууну каалашат. Бирок Ыйса алардан качып, ийбадатканадан чыгып кетет. Иоанн 8:37—59; Аян 3:14; 21:8.

▪ Ыйса өзүнүн жана душмандарынын атасы эки башка экенин кандайча көрсөтөт?

▪ Эмне үчүн иудейлер Ыйсаны самариялык деп аташат?

▪ Жолдоочуларынын эч качан өлүмдү көрбөй турганын сөз кылуу менен Ыйса эмнени айткысы келген?