Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аял анын кийимине колун тийгизет

Аял анын кийимине колун тийгизет

46-бөлүм

Аял анын кийимине колун тийгизет

ЫЙСАНЫН Он шаардан Капернаумга кайтып келгендигин билишери менен, көптөгөн адамдар аны тосуп чыгууга деңизге келишет. Албетте, алар анын алай-дүлөй түшкөн деңизди тынчытканын жана жин-перилер ээлеп алган эки кишини айыктырганын угушкан. Ыйса жээкке чыкканда, чыдамсыздык менен күтүп турган адамдар аны тегеректеп калышат.

Ыйсага сөзсүз жолугууну каалагандардын бири — синагоганын башчысы Иаир. Ал Ыйсанын бутуна жыгылып: «Кызымдын абалы абдан начар. Суранам, ал сакайып өмүр сүрүшү үчүн, келип анын үстүнө колуңду койчу»,— деп жалбарат. Иаир үчүн кызы өтө кымбат, анткени ал болгону 12 жаштагы жападан жалгыз баласы болчу.

Ыйса макул болуп, элдин коштоосу менен Иаирдин үйүнө бет алат. Жаңы керемет жасаларын күтүп турган адамдардын толкунданганын элестетсең. Бирок эл арасында келаткан бир аялдын эси-дартынын баары өзүнүн күйүтүндө.

Ал аял 12 жылдан бери кан агуудан жапа чегип келатат. Анын барбаган дарыгери калган жок. Дарыланам деп акчасынын баарын коротуп бүттү, бирок эч кандай жардам болбоду, тескерисинче, дарты мурункусунан да күчөп кетти.

Бул оору аялзатын аябай жабыркатып эле койбостон, өтө жагымсыз да, адамды басынткан да оору экенин билүү кыйын эмес. Мындай оору тууралуу эч ким бирөөнүн көзүнчө сөз кыла албайт. Андан сырткары, Мусанын мыйзамы боюнча, аял кан агуу учурунда таза эмес деп эсептелчү, ошондуктан кимде-ким ага же анын кан болгон кийимине кол тийгизсе, анда жуунуп-тазаланууга милдеттүү эле жана кечке чейин таза эмес деп саналчу.

Оорукчал аял Ыйсанын кереметтери жөнүндө уккан, ошон үчүн аны издеп чыкты. Ал таза эмес болгондуктан, элдин арасына мүмкүн болушунча көрүнбөй кирип барып: «Сырт кийимине тийип койсом эле айыгып кетем»,— деп ойлойт. Аял Ыйсанын кийимине тиер замат кан агуусу токтогонун сезет!

«Мага ким тийди?» Ыйсанын бул сөзүн укканда аял, сыягы, коркконунан селейип калат! Ал кантип билип койду? «Устат,— дейт Пётр таң калуу менен,— сени калың топ кысып турганын көрүп турасың да: „Мага ким тийди?“ — дейсиң».

Ыйса аялды табыш үчүн эки жагын карап: «Мага кимдир бирөө тийди, анткени өзүмдөн күч чыкканын сездим»,— деп түшүндүрөт. Чынында эле, бул жөн эле тийип коюу эмес болчу, анткени аял тийгенде, айыгуу жүрүп, ага күч кеткенин Ыйса сезген.

Аял жасаган иши байкалып калганын билгенден кийин, коркконунан Ыйсанын бутуна барып жыгылат. Ал баарынын көзүнчө өзүнүн оорусу жана жаңы эле айыкканы тууралуу айтат.

Анын ачык айтып мойнуна алганынан Ыйса таасирленип, аны боорукерлик менен жубатат: «Кызым, сени ишенимиң сакайтты. Тынчтыкта бара бер жана азаптуу дартыңан дениң сак болсун». Жерди башкарууга Кудай тандаган падыша ушундай боорукерлиги жана мээримдүүлүгү менен айырмаланып турганын билүү кандай гана жагымдуу. Ал адамдарга кызыгып эле койбостон, жардам да бере алат! Матфей 9:18—22; Марк 5:21—34; Лука 8:40—48; 3 Муса 15:25—27.

▪ Иаир деген ким жана ал эмне үчүн Ыйсага келет?

▪ Бир аялдын кандай дарты бар эле жана ага Ыйсанын жанына баруу эмне үчүн кыйын болгон?

▪ Аял кандайча айыгат жана Ыйса аны кандай сөздөр менен жубатат?