Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бай адам жана Лазар

Бай адам жана Лазар

88-бөлүм

Бай адам жана Лазар

ЫЙСА окуучулары менен материалдык байлыкты кандайча туура пайдалануу керек экендигин сүйлөшүп, анан бир эле убакта биз байлыктын да, Кудайдын да кулу боло албай турганыбызды түшүндүрүп берет. Ыйсаны угуп отурган фарисейлер байлыкты сүйүүчүлөргө киргендиктен, Ыйсаны шылдыңдай башташат. Ошондуктан Ыйса аларга: «Силер, адамдардын алдында өздөрүн такыбаа деп жарыялагандардансыңар, бирок Кудай силердин жүрөгүңөрдү билет, анткени адамдардын арасында жогору болуп эсептелген нерсе Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү»,— дейт.

Саясатта жана динде кадыр-баркка жеткен бай адамдар үчүн өзгөрүүчү убак келди. Алар басынтылат. Ал эми өздөрүнүн рухий муктаждыктарын баамдагандар көтөрүлөт. Ыйса бул өзгөрүүнүн болорун фарисейлерге:

«Мыйзам жана Пайгамбарлар [Чөмүлдүрүүчү] Иоаннга чейин болгон. Ошондон бери Кудайдын падышалыгы тууралуу жакшы кабар жарыяланып жатат жана ар кандай адамдар ага умтулууда. Ооба, Мыйзам тамгасынын бир эле сызыгы аткарылбай калбайт, андан көрө асман менен жер жок болуп кетет»,— деген сөздөр менен билдирет.

Фарисейлер менен китепчилер Мусанын мыйзамын эки жүздүүлүк менен аткарышканына сыймыктанышат. Бир жолу фарисейлердин, Ыйса Иерусалимде сокур адамды керемет аркылуу айыктырганда: «Биз Мусанын шакирттерибиз. Муса менен Кудай сүйлөшкөнүн биз билебиз»,— деп мактанышканы эсиңдедир. Бирок Мусанын мыйзамы өзүнүн максатына жетти. Ал максат Кудай тандаган Падышага, Ыйса Машайыкка, момун адамдарды алып келүү болчу. Ошондуктан Иоанн кызмат кыла баштагандан бери ар кандай адамдар, айрыкча, момун жана жакырлар Кудайдын Падышалыгынын букара эли болуп калууга аракеттенишүүдө.

Мусанын мыйзамы жакында аягына чыга тургандыктан, аны аткаруу милдети күчүн жоготот. Мисалы, Мусанын мыйзамы адамдардын ар кандай себептер менен ажырашуусуна жол берет, бирок Ыйса: «Аялы менен ажырашып, башкага үйлөнгөн ар ким ойноштук кылат жана ким күйөөсү менен ажырашкан аялга үйлөнсө, ойноштук кылат»,— деп билдирет. Бул айтылгандар фарисейлердин кыжырын кандай гана кайнатат, анткени алар ар кандай себептер менен ажырашууга уруксат берип келатышат да!

Ыйса фарисейлерге кайрылып, абалы же жагдайы түп тамыры менен өзгөрө турган эки киши тууралуу көрсөтмөлүү мисал айтат. Бул көрсөтмөлүү мисалдагы адамдар кимди, ал эми алардын абалдарынын өзгөрүшү эмнени билдирерин сен айта аласыңбы?

«Бир бай адам кара кочкулдан жана зыгырдан жасалган кездемеден кийим кийип, күн сайын шаан-шөкөткө бөлөнүп ырахаттанчу экен. Ал эми Лазар аттуу бир кайырчыны анын дарбазасынын алдына коюшчу; анын денесинин баарын ириңдүү жара басып кеткен, ал байдын үстөлүнөн түшкөн күкүмдөр менен курсагын тойгузууга зар эле. Иттер келип, анын жараларын жалап турчу экен».

Бул көрсөтмөлүү мисалдагы бай адам — иудейлердин диний жетекчилерин билдирет, аларга фарисейлер менен китепчилер гана эмес, саддукейлер жана дин кызматчылар да кирет. Алар рухий артыкчылыктар менен мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, өздөрүн көрсөтмөлүү мисалдагы бай адамдай алып жүрүшкөндүктөн, аларды бай десе болот. Падышалар кийчү кара кочкул түстүү кийимдери — мансаптуу орунга ээ экенин, ал эми ак зыгыр алардын өздөрүн-өздөрү такыбаа сезишкенин билдирет.

Бай адамга салыштырылган ушул текебердүү топ карапайым, жөнөкөй адамдарды жек көрүү менен карап, аларды ам-хаа́рец же жер адамдары деп аташат. Мына ушундайча, кайырчы Лазар так ошол адамдарды — диний жетекчилер толук жарамдуу рухий тамакты же кандайдыр бир артыкчылыктарды берүүдөн баш тарткан адамдарды — билдирет. Ошондой эле алар карапайым адамдарды Лазар сыяктуу жара басып кеткен — иттер менен жашашы керек деп эсептелген, рухий жактан оорулуу — адамдардай көрүшөт. Бирок Лазар тобуна кирген адамдар ачка болуп, рухий тамакты эңсеп жатышат. Ошондуктан алар бай адамдын үстөлүнөн түшкөн рухий тамактын күкүмүнөн алып калуу максатында дарбазанын жанынан кетишпейт.

Андан кийин Ыйса бай менен Лазарда кандай өзгөрүүлөр болорун айтып берет. Бул кандай өзгөрүүлөр жана алар эмнени билдирет?

Бай адам менен Лазардын абалы өзгөрөт

Бай адам — көптөгөн рухий артыкчылыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон диний жетекчилерди, ал эми Лазар рухий тамакты эңсеген карапайым адамдарды билдирет. Ыйса андан ары бай адам менен Лазардын абалы түп тамыры менен өзгөрөрүн айтат.

«Бир нече убакыт өткөндөн кийин,— дейт Ыйса,— кайырчы өлүп, периштелер аны Ибрайымдын көкүрөгүнө алпарышат. Ошондой эле бай адам да өлүп, көргө коюлат. Анан гадесте кыйналып жатып, башын көтөрүп тээ алыстан Ибрайымды жана анын көкүрөгүндөгү Лазарды көрөт.

Бай адам менен Лазар кадимки адамдарды эмес, а алардын тобун билдиргендиктен, алардын өлүмү да каймана мааниде. Анда ал эмнени билдирет болду экен?

Көрсөтмөлүү мисалды айтардын алдында Ыйса абалдын өзгөргөнүн билдирип, «Пайгамбарлар Иоаннга чейин эле болгон, ошондон бери Кудайдын Падышалыгы жарыяланып жатат» деп айткан болчу. Демек, Иоанн менен Ыйсанын кабар айтуу иши бай адамдын да, Лазардын да жашоолорунун мурунку шарттары же абалы үчүн «өлүшүнө» алып келет.

Лазардын тобуна кирген момун, күнөөлөрү үчүн өкүнгөн адамдар рухий жактан жакыр болуп жүргөн мурунку абалы үчүн «өлүп», Кудайдын ырайымына ээ болушат. Мурун алар дин жетекчилеринин үстөлүнөн, жок дегенде, күкүм түшүп калар деп күтүп келишсе, азыр алардын муктаждыктары Ыйсанын окутуусу аркылуу Жазмадагы чындыктар менен толук канааттандырылууда. Бул адамдар Ибрайымдын көкүрөгүндө болушат, башкача айтканда, Чоң Ибрайымдын, Иегова Кудайдын, алдында көрүнүктүү орунду ээлешет.

Ал эми бай адамдын тобуна киргендер Кудайдын өкүмүнө кабылышат, анткени алар Ыйса жарыялап жаткан Падышалык жөнүндөгү кабарды кежирлик менен четке кагышууда. Ошондуктан алар Кудайдын колдоосуна ээ болуп жүргөнсүгөн мурунку абалы үчүн «өлүшөт». Атүгүл, Ыйса алардын каймана мааниде кыйналышарын айтат. Эми бай адамдын айткан сөздөрүн угуп көрөлү:

«Ибрайым ата, мага ырайым кылып, Лазарды жиберчи, ал сөөмөйүнүн учун сууга малып, менин тилимди нымдасын, анткени бул алоолонгон отто кыйналып жатам». Бай адамдын тобуна киргендерди кыйнап жаткан нерсе — Ыйсанын окуучулары жарыялап жаткан Кудайдын күйгүзүүчү сот кабары. Ал топтогу адамдар Ыйсанын окуучулары бул кабарды жарыялоосун токтотушун каалашат, ошонун аркасында өзүлөрүнүн кыйналуусун жеңилдетишмекчи.

«Бирок Ибрайым мындай дейт: „Балам, сен өмүрүңдөгү жакшылыктарыңды толугу менен алганыңды эсте, а Лазар болсо азап тарткан. Эми ал бул жерде жубатылып, сен болсо кыйналып жатасың. Анын үстүнө, силер менен биздин ортобузда зор түпсүздүк бар, ошондуктан силер жактан бизге өтүү мүмкүн болбогондой эле, биз жактан силер жакка өтүүнү каалагандар өтө алышпайт“».

Лазардын жана бай адамдын тобуна киргендердин абалы толугу менен өзгөрүлгөнү кандай гана туура жана адилеттүү! Бул өзгөрүү бир нече айдан кийин, 33-жылдын Эгин оруп-жыюу майрамында — эски Мыйзам келишими жаңы келишим менен алмашканда — болот. Кудайдын ырайымын фарисейлер жана башка диний жетекчилер эмес, а Ыйсанын окуучулары алып жаткандыгы так ошондо билинет. Ошондуктан каймана маанидеги бай адам менен Ыйсанын окуучуларын бөлүп турган «зор түпсүздүк» Иегованын өзгөрүлгүс адилеттүү өкүмүн билдирет.

Андан кийин бай адам «Ибрайым атадан»: «Аны [Лазарды] менин атамдын үйүнө жиберчи, анткени менин беш бир тууганым бар»,— деп суранат. Бул сөздөрдү айтуу менен бай адам абдан жакын мамиледе болгон башка атасы бар экенин мойнуна алып жатат, ал атасы, албетте, Шайтан Ибилис. Бай адам Кудайдын сот кабарын жумшартышын сурап жатат, ошондо «беш бир тууганы», анын диний шериктештери, «бул азаптуу жерге» кабылышпайт.

«Бирок Ибрайым ага: „Аларда Муса жана Пайгамбарлар бар; ошолорду угушсун“,— деп айтат». Ооба, эгерде «беш бир тууган» кыйналуудан качкысы келсе, алар болгону Ыйсанын Мессия экенин көрсөткөн Мусанын жана пайгамбарлардын жазмаларына ишенип, андан кийин Ыйсанын окуучулары болушу керек. Бирок бай адам каршылык көрсөтүп: «Жок, Ибрайым ата, бирок аларга өлгөндөрдүн арасынан кимдир бирөө барса, алар өкүнүшөт»,— дейт.

Ага мындайча жооп болот: «Эгерде алар Мусаны жана Пайгамбарларды угушпаса, анда өлгөндөрдөн кимдир бирөө тирилген күндө да, алар ынанышпайт». Кудай адамдарды ынандырыш үчүн өзгөчө жышаан же кереметтерди көрсөтүп отурбайт. Эгерде адамдар Кудайдын ырайымына ээ болууну каалашса, анда Ыйык Жазманы окуп, аны жашоолорунда колдонушу керек. Лука 16:14—31; Иоанн 9:28,29; Матфей 19:3—9; Галатиялыктар 3:24; Колоссадагылар 2:14; Иоанн 8:44.

▪ Бай адам менен Лазардын өлүмү каймана мааниде болгон деп эмне үчүн айта алабыз жана ал эмнени билдирет?

▪ Ыйса көрсөткөндөй, Иоанн кызмат кыла баштагандан бери кандай өзгөрүү болуп келатат?

▪ Ыйса өлгөндөн кийин кайсы Мыйзам күчүн жоготот жана ал ажырашуу укугуна кандай таасир тийгизет?

▪ Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы бай адам менен Лазар кимдерди билдирет?

▪ Бай адам кандай азаптарды тартат жана жеңилдик алыш үчүн эмне тууралуу суранат?

▪ «Зор түпсүздүк» деген эмнени билдирет?

▪ Бай адамдын чыныгы атасы жана беш бир тууганы кимдер?