Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бакыттын ачкычы эмнеде?

Бакыттын ачкычы эмнеде?

75-бөлүм

Бакыттын ачкычы эмнеде?

ЫЙСА Галилеяда кызмат кылып жүргөнүндө кандай кереметтерди жасаса, Иудеяда да ошондой кереметтерди жасайт. Мисалы, бир кишиден анын тилин бууп койгон жинди кууп чыгарат. Эл абдан таң калат, бирок айрымдары галилеялыктарга окшоп: «Ал жин-перилерди алардын башчысы Веелзевулдун күчү менен кууп чыгарып жатат»,— деп айыптап кирет. Башкалары болсо Ыйсанын Мессия экенине негиздүү далилдерди алууну каалашат жана аны сынаш үчүн асмандан жышаан көрсөтүүсүн талап кылышат.

Ыйса душмандарынын оюн билет, ошондуктан галилеялыктарга кандай жооп айтса, аларга да так ошондой жооп айтат. Ал ич ара бөлүнгөн ар бир падышалык кыйроого учураарын түшүндүрөт. «Эгерде Шайтан ич ара бөлүнсө, анын падышалыгы кантип туруштук бере алат?» — деп сурайт ал. Ыйса душмандарынын кандай коркунучтуу абалда турганын эскертип: «Эгерде мен жин-перилерди Кудайдын манжасы менен кууп чыгарып жатсам, демек, Кудайдын падышалыгы силерге жетти»,— дейт.

Ыйсанын кереметтерин көргөн адамдар байыркы убакта Муса жасаган кереметтерге күбө болгон адамдардыкындай маанайды көрсөтүшү керек болчу. Ал адамдар: «Бул Кудайдын манжасы»,— деп бийик үн менен айтышкан. Ошол эле «Кудайдын манжасы» таш лоокторго Он осуятты жазган. Так ошол «Кудайдын манжасы» — анын ыйык руху же иш аракет кылуучу күчү — жин-перилерди кууп чыгарганга жана оорулууларды айыктырганга Ыйсага мүмкүнчүлүк берүүдө. Ошондуктан Ыйсаны сындап жаткандарга Кудайдын падышалыгы чындап эле жетти, анткени Ыйса — ошол Падышалыктын дайындалган Падышасы — алардын арасында турат.

Андан кийин Ыйса жин-перилерди кууп чыгаруу жөндөмдүүлүгү анын Шайтандын үстүнөн бийлиги бар экенин далилдээрин билдирген көрсөтмөлүү мисал келтирет. Муну ал дүр-дүнүйөсүн кайтарган куралдуу кишини андан да күчтүү бирөө келип жеңип алганга салыштырат. Ошондой эле Ыйса мурун Галилеяда айтып берген каардуу жин жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалын кайра кайталайт. Жин адамдан чыккандан кийин, ал адам бошогон жерин пайдалуу эч бир нерсе менен толтурбай коёт. Анда баягы каардуу жин өзүнө окшогон дагы жетөөнү ээрчитип келгенде, тиги адамдын абалы мурункусунан да начар болуп калат.

Элдин арасында Ыйсаны угуп отурган бир аял ушунчалык чоң таасир алгандыктан: «Сени көтөргөн курсак жана эмизген эмчектер бактылуу!» — деп үнүн бийик чыгарып айтат. Албетте, ар бир иудей аял пайгамбардын, айрыкча Мессиянын энеси болууну самайт, ошондуктан ал аялдын сезимин түшүнүүгө болот. Ал, кыязы, Мариамды Ыйсанын энеси болгондугу үчүн өзгөчө бактылуу деп ойлосо керек.

Бирок Ыйса ошо замат аялга бакыттын ачкычы чындыгында эмнеде экенин түшүндүрөт. Ал: «Жок, чындыгында Кудайдын сөзүн уккандар жана аткаргандар, бактылуу!» — дейт. Ыйса энеси Мариамга өзгөчө урмат көрсөтүлүшү керек деп эч качан, атүгүл кыйытып да айткан эмес. Анын ордуна ал чыныгы бакытты тууганчылык байланыштар да, кандайдыр бир жетишкендиктер да эмес, а Кудайга берилип кызмат кылуу алып келерин түшүндүрүп жатат.

Ыйса асмандан жышаан көрсөтүп бер деген адамдарды Галилеяда кандай ашкерелесе, Иудеяда да ошондой ашкерелейт. Ал Жунус пайгамбардын жышаанынан башка эч кандай жышаан берилбесин айтат. Жунустун жышаан болуп калганынын себеби, биринчиден, ал балыктын кардында үч күн болгон. Экинчиден, адамдарга эр жүрөктүүлүк менен кабар айткан. Ошонун аркасында ниневиялыктар жасаган күнөөлөрү үчүн өкүнүшкөн. «Бирок мына,— дейт Ыйса,— бул жерде Жунустан да чоңу бар». Савалык ханыша Сулаймандын акылмандыгына укмуштай таң калган. «Бирок мына,— дейт Ыйса,— бул жерде Сулаймандан да чоңу бар».

Адам күйгүзүлгөн шамды обочо жерге же өлчөгүч идиштин астына койбостон, элге жарык болгудай кылып, шамдалга коёрун Ыйса түшүндүрөт. Муну менен ал, мүмкүн, бул кежир элди окутуу жана алардын алдында керемет жасоо — күйүп турган шамды катканга тете экенин айтайын деген. Алардын көздөрү таза эмес, тактап айтканда, даана көрүшпөйт, ошондуктан Ыйсанын белгилүү бир максат менен жасап жаткан кереметтери бекер болуп атат.

Ыйса эми эле дудук кишиден жинди кууп чыгарганда, ал кишиге тил бүткөн болчу. Көздөрү таза, даана көргөн адамдар болсо бул кереметти баалап, башкаларга жакшы кабар таратканга түрткү алмак. Тилекке каршы, Ыйсаны сындагандар андай кылышпайт. Ошондуктан Ыйса: «Андыктан сак бол. Сендеги жарык караңгылык болуп чыкпасын. Ошентип, денеңдин бир да бөлүгү караңгы болбой, толугу менен жарык болсо, анда денеңдин баары, шам жарыгы сени жарык кылгандай, жарык болот»,— деп сөзүн аяктайт. Лука 11:14—36; 2 Муса 8:18, 19; 31:18; Матфей 12:22, 28.

▪ Ыйсанын дудук кишини айыктырганына адамдар кандай карашат?

▪ «Кудайдын манжасы» деген эмне жана эмне үчүн Ыйсанын угуучуларына Кудайдын Падышалыгы жетти деп айтса болот?

▪ Чыныгы бакыттын ачкычы эмнеде?

▪ Адам таза көзгө кандайча ээ боло алат?