Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бак ичиндеги кыйналуу

Бак ичиндеги кыйналуу

117-бөлүм

Бак ичиндеги кыйналуу

ЫЙСА тиленип бүткөндөн кийин, ишенимдүү он бир расулу менен чогуу Иегованы даңктап ырдашат. Анан үстүнкү бөлмөдөн түшүп, сыртка чыгышат да, сыдырым соккон караңгы түндө Кедрон өрөөнү менен Вифания тарапка жөнөшөт. Бирок жолдон өзүлөрүнүн жакшы көргөн жерине, Гефсимания багына, токтошот. Ал бак Зайтун тоосунда же анын тегерегинде жайгашкан. Ушул жерде, зайтун дарактарынын арасында, Ыйса расулдары менен көп жолугуша турган.

Ыйса сегиз расулуна: «Мен ары барып, тиленип келгиче, ушул жерде олтуруп тургула» — деп, аларды, кыязы, бактын кире беришине калтырат. Ал эми үч расулун: Пётр, Жакып жана Иоаннды бактын калың жерине ээрчитип кетет. Ыйсаны санаа басып, заманасы куурулуп барат. «Жаным кайгыга ушунчалык терең, атүгүл өлөрчө батып турат. Ушул жерде калып, мени менен сергек тургула»,— дейт ал расулдарына.

Ыйса бир аз ары барат да, чөгөлөп, башын ылдый салып, жалындуу тилене баштайт: «Атаке! Мүмкүн болсо, бул чөйчөк менден өтүп кетсе гана. Бирок мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун». Ыйса муну кандай ой менен айтып жатат? Эмне үчүн ал «өлөрчө» кыйналып атат? Өз өмүрүн кун катары курмандыкка берем деген чечиминен баш тартып турабы?

Түк да! Ыйса Кудайдан аны өлүмдөн алып калышын суранган жок. Ал өмүрүн курмандык катары берүүдөн, Пётрдун бир кезде айтканындай кылып, баш тартууну ойлоп да койгусу келбейт. Анын жек көрүндү кылмышкер катары өлтүрүлүшү Атасынын ысмына шек келтириши мүмкүн эле — Ыйсанын корккону ошо. Ал өзүнүн бир нече сааттан кийин, Кудайга акарат келтирген жүзү кара адам катары устунга кадаларын билет. Ыйса мына ошону ойлоп санаа тартып жатат.

Ыйса бир топко чейин тиленип, үч расулуна кайтып келсе — тигилер уктап жаткан болот. Ыйса Пётрга кайрылып: «Мени менен бир саат болсо да сергек тура албай койдуңарбы? Азгырыкка жеңдирбеш үчүн, сергек болгула жана тынымсыз тиленгиле»,— дейт. Бирок Ыйса бүгүнкү күндүн алар үчүн оор болгонун, убакыт болсо кеч болуп калганын түшүнүп тургандыктан: «Рух сергек, а дене алсыз»,— дейт.

Ал кайра ары барып, Кудайдан «бул чөйчөктөн», Иегованын ага белгилеген үлүшүнөн же эркинен, куткарууну дагы сурайт. Кайра келгенде азгырыкка алдырбаш үчүн тиленип турууга тийиш үч расулунун баягыдай эле уктап жатышканын көрөт. Ыйса аларга сүйлөгөндө, тигилер айтарга жооп таппай калышат.

Акыры, үчүнчү жолу таш ыргытымчалык жерге барат да, чөгөлөп: «Ата, эгер кааласаң, ушул чөйчөктү менден алыс кыла көр»,— деп үнүн катуу чыгарып, ый аралаш тилене баштайт. Ыйса өзүнүн кылмышкер катары өлөрүн жана бул Атасынын ысмына шек келтирерин ойлоп катуу кыйналат. Кудайга акарат келтирди деген жалаа — чыдагысыз жалаа!

Ошентсе да, Ыйса тиленүүсүн: «Бирок менин эмес, сенин эркиңдей болсун»,— деп улантат. Ыйса тил алып, өзүнүн эркин Кудайдын эркине баш ийдирет. Ошол маалда асмандан периште пайда болот да, Ыйсаны кайраттандыруучу сөздөр менен бекемдейт. Периште, балким, Ыйсанын иш-аракеттеринин баарын Атасы туура көрөрүн айткандыр.

Анткен менен Ыйсага кандай гана олуттуу жоопкерчилик артылган! Себеби анын түбөлүк өмүрү менен жалпы адамзаттын түбөлүк өмүрү жөнүндөгү суроо каралып жатпайбы. Нерв чыңалуусу абдан чоң. Ошондуктан Ыйса ого бетер жанын таштап тиленет жана анын тери жерге түшкөн кан тамчыларындай боло баштайт. «Мындай көрүнүш абдан сейрек кездешсе да,— деп айтылат «Америкалык медицина бирикмесинин журналында»,— өтө катуу эмоциялык чыңалуу убагында... кан аралаш тер пайда болушу мүмкүн» («The Journal of the American Medical Association»).

Ыйса үчүнчү жолу расулдарына келет, алар болсо дагы эле уктап жатышкан. Кайгыдан улам алардын күчү кетип, алсырап калышкан. «Ушундай маалда уктап, эс алып атасыңарбы?! Мына, адам Уулун күнөөкөрлөрдүн колуна салып берер саат келип калды»,— дейт аларга Ыйса.

Ал сөзүн аяктай электе, шам, чырак, курал-жарак көтөргөн көп элди ээрчитип Жүйүт Искариот келип калат. Матфей 26:30, 36—47; 16:21—23; Марк 14:26, 32—43; Лука 22:39—47; Иоанн 18:1—3; Еврейлер 5:7.

▪ Ыйса үстүнкү бөлмөдөн түшүп, расулдарын кайда ээрчитип барат жана ал жактан Ыйса эмне кылат?

▪ Ыйса тиленип жаткан маалда расулдар эмне кылып жатышты?

▪ Ыйса эмне үчүн кыйналган жана ал Кудайдан эмнени сурайт?

▪ Эмнеден улам Ыйсанын тери кан тамчыларындай боло баштайт?