Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкалардан айырмаланган окуучу

Башкалардан айырмаланган окуучу

45-бөлүм

Башкалардан айырмаланган окуучу

ЫЙСА жээкке чыкканда үрөй учурарлык көрүнүшкө туш болот! Жакын эле жердеги көрүстөндөн жин-перилер ээлеп алган ачуулуу эки киши аны көздөй атырылып чыгат. Кыязы, алардын бири өзгөчө ачуулуу болгон жана жин-перилердин ээлигинде жүргөнүнө бир топ убакыт болуп калган. Ошондуктан көңүлдүн баары ага бурулат.

Бул бечара адам көптөн бери жылаңач жүрөт жана мүрзөлөрдүн арасында жашайт. Ал күнү-түнү кыйкырып, өзүн-өзү таш менен ургулачу жана анын ушунчалык каардуулугунан адамдар ал жактагы жол менен өткөндөн да коркушчу. Колу-бутун чынжыр менен да байлап көрүштү, бирок чынжырды үзүп, бутундагы кишенди талкалап салган. Аны жөнгө салууга эч кимдин кудурети келбеди.

Ал адам Ыйсага жакындап келип бутуна жыгылат, ушул убакта аны ээлеп алган жин-перилер аны кыйкырганга мажбурлашат:

— Эң Жогорку Кудайдын Уулу Ыйса, менде эмне ишиң бар? Кудайдын атынан жалынам, мени кыйнабачы!

— Каардуу рух, бул кишиден чыгып кет,— деп Ыйса буйрук берет, анан кайра,— Атың ким? — деп сурайт.

— Менин атым Легион, анткени биз көппүз,— деп жооп беришет жин-перилер. Ээлеп алган адамдарынын кыйналганын көрүү жин-перилерге ырахат тартуулайт. Алар өзүлөрүнүн жемине топ-тобу менен, суу жүрөк шайкалардай болуп, асылышат, сыягы, ошондо алардын кумарлары канат. Бирок алар Ыйсага жолугушканда, жалынып-жалбарышып, андан туңгуюкка кубалабашын өтүнүшөт. Мындан Ыйсанын чоң күчкө ээ болгонуна дагы бир ирет ынанып отурабыз; ал атүгүл жин-перилердин үстүнөн да бийлик кылган. Ошондой эле бул окуядан, Кудайдын өкүмү боюнча, башчысы Шайтан Ибилис менен бирге сөзсүз түрдө туңгуюкка ыргытыларын жин-перилердин өзүлөрү да билери көрүнүп турат.

Анча алыс эмес жердеги тоодо 2000дей чочко жайылып жүргөн. Жин-перилер: «Бизди чочколорго жиберчи, аларга кирелик»,— деп жалбарышат. Сыягы, жин-перилер дене жандыктарын ээлеп алышканда, кандайдыр бир табиятка каршы, кыйнап кордоонун аркасында келүүчү, ырахатка батышат. Ыйса аларга чочколорго кирүүгө уруксат бергенде, чочколордун баары жардан деңизге секирип киришет.

Муну көргөн чочко кайтаруучулар болгон окуяны кабарлаганы тезинен шаарга жана айылдарга жөнөшөт. Ал жердин тургундары болсо эмне болуп кеткенин көрүш үчүн жетип келишет. Алар Ыйсанын бут алдында жин-перилерден бошонгон адамдын кийимчен жана эс-акылы ордуна келип отурганын көрүшөт!

Бул окуяга күбө болгондор анын кандайча айыкканын жана чочколордун таң калыштуу түрдө өлүшкөнүн аларга айтып жатышты. Буларды уккан адамдардын жүрөктөрү түшүп, Ыйсадан бул жерден кетүүсүн абдан өтүнүшөт. Ыйса алардын өтүнүчүнө макул болуп, кайыкка түшөт. Жин-перилерден бошонгон адам Ыйсадан өзү менен кошо ала кетүүсүн суранат, бирок Ыйса: «Үйүңө туугандарыңа бар, аларга Иегованын сага кылган нерселеринин баарын жана сага көрсөткөн ырайымын айтып бер»,— деп жооп берет.

Адатта Ыйса айыктырган адамдарына кылганы тууралуу эч кимге айтпа деп буюрчу, анткени ал адамдардын сүйүнүч жана оргуштаган күчтүү сезимдер менен айтылган баяндоонун негизинде гана тыянак чыгарышын каалабайт. Азыр болсо абал өзгөчө болуп турат, себеби бул киши, сыягы, Ыйса жеталбаган адамдарга барып күбөлүк кылат. Мындан тышкары, эгер бул киши өз жеринде калса, анда адамдар Ыйсанын зор күчкө ээ экендигине жана ал күчтү жакшы иштерге пайдалана тургандыгына ынана алышат. А бул болсо өлгөн чочколордун айынан жаман сөздөрдүн чыгып кетпешине өбөлгө түзөт.

Ыйсанын буйругуна баш ийип, киши үйүнө кетет. Ал барат да, Ыйсанын ага кылган нерселеринин баарын Он шаарда жарыялай баштайт, ал эми адамдар анын айткандарына таң калып жатышты. Матфей 8:28—34; Марк 5:1—20; Лука 8:26—39; Аян 20:1—3.

▪ Эмне үчүн көңүлдүн баары жин-перилер ээлеп алган эки адамдын бирөөнө гана бурулат?

▪ Жин-перилер өзүлөрүнүн келечекте туңгуюкка ыргытылары тууралуу билгендиги эмнеден көрүнүп турат?

▪ Эмне себептен жин-перилерге адамдарды жана жаныбарларды ээлеп алуу жагат?

▪ Эмне себептен Ыйса жин-перилер ээлеп алган адамды айыктырганда мурункусунан башкача иш кылып, ага кандайча айыкканы жөнүндө башкаларга айтышына буйрук берет?