Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Боорукерлигинен улам Ыйса кайрадан Иудеяга барат

Боорукерлигинен улам Ыйса кайрадан Иудеяга барат

89-бөлүм

Боорукерлигинен улам Ыйса кайрадан Иудеяга барат

БИР НЕЧЕ жума мурун Иерусалимде, Арналуу майрамынын убагында, иудейлер Ыйсаны өлтүргөнгө аракет кылышкан. Ошондуктан ал түндүккө, кыязы, Галилея деңизинен анча алыс эмес жердеги аймакка кеткен.

Азыр болсо Ыйса кайрадан Иерусалимге жөнөп жатат. Жолдо баратып ал Иоардандын чыгыш жээгинде жайгашкан Переянын айылдарына кабар айтат. Бай адам менен Лазар жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалынан кийин Ыйса окуучуларына мурун Галилеяда айткан насааттарын кайталайт.

Мисалы, эгерде адам Кудайдын «кичинелеринин» бирине кедерги боло турган болсо, анда «анын мойнуна жаргылчак ташты илип туруп, деңизге ыргытып жиберишсе жакшыраак болорун» айтат. Андан тышкары, Ыйса бирөөлөрдү кечирүү өтө зарыл экенин баса белгилеп, мындай дейт: «Атүгүл [бир тууганың] бир күндө сага каршы жети жолу күнөө кылып, анан сага кайра жети жолу келип: „Өкүнөм“,— десе, аны кечиришиң керек».

Анда окуучулары Ыйсадан: «Бизге көбүрөөк ишеним бер»,— деп өтүнүшөт. «Эгерде ишенимиңер сары кычынын данындай эле болсо, бул тыт жыгачына: „Тамырың менен суурулуп, деңизге көч!“ — деп айтсаңар, ал силерге тил алмак»,— деп жооп берет Ыйса. Демек, кенедей эле ишеним чоң иштерди жасай алат.

Ыйса андан кийин күнүмдүк жашоодон алынган мисал келтирип, Кудуреттүү Кудайдын кызматчыларынын маанайы кандай болушу керектигин көрсөтөт. «Араңардан кимиңер, жер айдаган же кой кайтарган кулу болсо, ал талаадан кайтып келгенде ага: „Кел тезирээк, үстөлгө жакын келип, чыканактап жат“,— деп айтат? Тескерисинче, ага: „Мага кечкиге бирдеме даярда жана ичип-жегенимче, белиңди бууп, мага кызмат кылгын, андан кийин өзүң ичип-же“,— деп айтпайбы?! Ал буйругун аткаргандыгы үчүн кулуна ыраазычылыгын билдиреби? Ошондой эле силер да өзүңөргө тапшырылгандын баарын аткаргандан кийин: „Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз. Эмне кылууга милдеттүү болсок, ошолорду гана аткардык“,— деп айткыла». Демек, Кудайдын кызматчылары ага кызмат кылып жүрүп кылган иштерин эч качан Кудайга милдет кылбашы керек. Кудайдын ишенимге татыктуу кызматчылары катары эсептелинип, ага сыйынуу кандай гана чоң сыймык экенин алар дайыма эстеп жүрүүгө тийиш.

Сыягы, Ыйса ушул көрсөтмөлүү мисалды айтып бүкөндөн көп өтпөй, кабарчы келет. Аны Иудеядагы Вифанияда жашаган Лазардын бир туугандары Мариам менен Марфа жиберген эле. «Мына, Эге! Сенин жакшы көргөн адамың ооруп жатат»,— деп билдирет кабарчы.

Ыйса: «Бул оору өлүмгө эмес, а Кудайдын даңкы үчүн, ал аркылуу Кудайдын Уулу даңкталат»,— деп жооп берет. Ыйса ал жерде дагы эки күн калат, анан окуучуларына:

— Жүргүлө, Иудеяга кайра баралы,— дейт.

— Рабби, жакында эле сени иудейлер ташбараңга алууга аракеттенишкен, анан сен ал жакка кайра барасыңбы? — деп эскертишет алар.

— Бир күн он эки саатка созулбайбы? — деп, Ыйса кайра жооп катары суроо берет.— Ким күндүз жүрсө, ал эч нерсеге чалынбайт, анткени бул дүйнөнүн жарыгын көрүп турат. Ал эми ким түндө жүрсө, ал бир нерсеге чалынат, анткени анда жарык жок.

Ыйса муну менен, сыягы, «күндүн» сааты — Ыйсанын жерде кызмат кылышына Кудай бөлүштүргөн убакыт — али соңуна чыга элек, ошондуктан ага азырынча эч ким эчтеке кыла албайт деп айтып жатат. Ыйса өзүндө калган «күндүн» кыска мөөнөтүн толугу менен пайдаланып калышы керек, анткени аны душмандар өлтүргөндөн кийин, «түн» келет.

«Досубуз Лазар уктап калды, бирок мен аны ойготкону баратам»,— деп кошумчалайт Ыйса.

Окуучулары Лазарды кадимкидей эле уктап жатат, демек, бир аз күндөн кийин айыгып кетет деп ойлошкондуктан: «Эге, эгер уктап калса, анда айыгат»,— деп жооп беришет.

Анда Ыйса аларга: «Лазар өлдү,— деп ачыгын айтат,— ишенип калышыңар үчүн, мен ал жакта болбогонума силер үчүн кубанып жатам. Жүргүлө эми ага баралы».

Ыйсаны Иудеяда өлтүрүп коюшу мүмкүн экенин түшүнгөн Фома берки окуучуларды: «Жүргүлө, биз дагы аны менен бирге өлөлүк»,— деп чакырат. Ошентип, Ыйса боорукерлигинен кайрадан Иудеяга барат, өмүрлөрүн тобокелге салып, аны менен бирге окуучулары да жөнөйт. Лука 13:22; 17:1—10; Иоанн 10:22, 31, 40—42; 11:1—16.

▪ Акыркы убактарда Ыйса каякта кабар айткан?

▪ Ыйса кайсы насааттарын кайталайт; күнүмдүк жашоодон алынган кандай көрсөтмөлүү мисал келтирет жана ал эмнени билдирет?

▪ Ыйса кандай кабар угат жана күн менен түн тууралуу сөз кылганда эмнени айткысы келген?

▪ Фома башка шакирттерди Ыйса менен бирге өлүүгө чакырганда эмнени айткысы келген?