Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Боорукер самариялык адам

Боорукер самариялык адам

73-бөлүм

Боорукер самариялык адам

ЫЙСА, сыягы, Иерусалимден үч чакырымдай алыстыкта жайгашкан Вифания кыштагына жакын жерде жүрөт. Ага Мусанын мыйзамын жакшы билген киши келип, мындай суроо берет: «Устат, түбөлүк өмүрдү мурасташым үчүн эмне кылышым керек?»

Ыйса бул кишинин — мыйзамчынын — жөндөн-жөн суроо бербегенин байкайт: ал киши Ыйсаны сынап жаткан. Мүмкүн, араң турган иудейлерди кыжырланта тургандай кылып, Ыйсага бирдеме айттыртайын деген оюу болгон. Ошондуктан Ыйса: «Мыйзамда эмне жазылды эле? Эмне деп окуйсуң?» — деп, мыйзамчыны өз оюн айтууга чакырат.

Мыйзамчынын жообу анын Кудайдын мыйзамдарын терең билгендигин күбөлөндүрөт, анткени ал 5 Муса 6:5тен жана 3 Муса 19:18ден цитата келтирип: «„Иегованы, өз Кудайыңды, бүт жүрөгүң, бүт жан дүйнөң, бүт күч-кубатың, бүт акылың менен сүйүшүң керек“ жана „жакыныңды да өзүңдү сүйгөндөй сүйүшүң керек“»,— деп айтат.

«Сен туура жооп бердиң,— дейт Ыйса,— ушундай кыл, өмүргө ээ болосуң».

Бирок мыйзамчы буга алымсынбайт. Анткени Ыйсанын жообуна анча түшүнбөй калат. Ал өзүнүн көз караштарынын тууралыгын жана башкаларга жасаган мамилесинин адил экенин Ыйсанын ырасташын каалайт. Ошондуктан: «Менин жакыным ким?» — деп суроо берет.

«Жакыным» деген сөздү иудейлер өзүлөрүнө гана тиешелүү деп ойлошот; алардын түшүнүгү боюнча, буга 3 Муса 19:18-аят далил. Атүгүл кийинчерээк расул Пётр: «Иудейге ата-теги башка адам менен мамиле түзүүгө же ага жакын барууга тыюу салынарын силер жакшы билесиңер»,— деп айткан. Демек, мыйзамчынын ою боюнча — балким, ага Ыйсанын окуучулары да кошулушат — адил болуш үчүн, иудейлерге гана жакшылык кылуу жетиштүү, ал эми иудей эместер алардын жакыны болуп саналбайт.

Эми Ыйса угуучуларынын көз карашын кантип алардын көңүлүн орутпагыдай кылып оңдой алат? Ал, болжолу, турмушта кездеше турган бир окуяны айтып берет. «Бир адам [иудей],— дейт Ыйса,— Иерусалимден Иерихонго түшүп келатып каракчыларга кабылат, алар анын кийимин чечип алып, өзүн болсо сабап, араң жан кылып таштап кетишет».

«Ошол жол менен,— дейт Ыйса сөзүн улап,— бир дин кызматчысы түшүп келаткан эле, бирок тигини көрүп, жолдун аркы чети менен өтүп кетет. Ошондой эле левит да ал жерге жеткенде аны көрүп, токтобой жолдун аркы чети менен өтүп кетет. Ал эми бир самариялык адам ошол жол менен сапар тартып келатып ал адамга кабылат жана аны көрүп боору ооруйт».

Ийбадатканада кызмат кылган көптөгөн дин кызматчылар менен левиттер Иерусалимдин ийбадатканасынан 23 чакырым алыстыкта, Иерихондо, жашашат. Иерихондун жолу менен ылдый түшүүнүн өзү эле коркунучтуу, анткени ийбадаткана Иерихондон 900 метр бийиктикте жайгашкан. Дин кызматчылардан жана левиттерден уруулаштары кырсыкка кабылган учурда жардам күтүлөрү турган иш. Тилекке каршы, алар муну кылышпайт. Бирок самариялык адам ага жардам берет. Иудейлердин самариялыктарды канчалык жек көрөрү алардын жакында эле Ыйсаны кемсинтүү максатында «самариялыксың» деп аташканынан көрүнүп турат.

Самариялык адам иудейге кандайча жардам берет? «Ал ага жакын келет да, анын жарааттарын, май менен шараптан сүйкөп, таңды,— дейт Ыйса.— Андан кийин аны жаныбарына мингизип, жолоочулар токтоочу жайга алып келип ага кам көрдү. Эртеси күнү эки динарий [болжол менен эки күндүк эмгек акы] алып чыгат да, аны жолоочулар түнөөчү жайдын кожоюнуна берип: „Бул үчүн кам көрүп кой, эгер мындан да көбүрөөк коротсоң, кайтып келгенимде төлөп берем“ — дейт».

Ыйса бул окуяны айтып бүткөндөн кийин мыйзамчыдан: «Кандай деп ойлойсуң, ушул үчөөнүн кимиси каракчыларга кабылган адамдын жакыны болуп калды?» — деп суроо берет.

Самариялык адамдын кылган жакшылыгын моюнга алуу мыйзамчы үчүн кыйын болгондуктан ал тек гана: «Ага кайрымдуулук көрсөткөнү»,— деп жооп берет.

«Баргын, сен да ошондой кыл»,— дейт Ыйса аягында.

Эгерде Ыйса мыйзамчыга иудей эместер да анын жакыны экенин түз эле айтса, ал кабыл алмак эмес жана аны Ыйсанын угуучуларынын көбүрөөк бөлүгү да колдоп кетмек. Турмушта кездешүүчү бул окуя биздин жакындарыбыз болуп өз улутубуздун өкүлдөрү же өлкөбүздө жашаган адамдар гана эсептелбесин ачыктан-ачык көрсөтүп турат. Ыйса кандай гана кереметтүү окутуп жатат! Лука 10:25—37; Расул 10:28; Иоанн 4:9; 8:48.

▪ Ыйсага мыйзамчы кандай суроо менен кайрылат жана бул суроону ал эмне себептен берген деп айтсак болот?

▪ Иудейлер жакыныбыз деп кимдерди эсептешет жана эмне үчүн Ыйсанын окуучулары да ушундай ойдо болгон деп божомолдой алабыз?

▪ Ыйса мыйзамчыга туура көз карашты четке кагалбагандай кылып түшүнүшүнө кандайча жардам берген?