Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бул чын эле Кудайдын Уулу тура»

«Бул чын эле Кудайдын Уулу тура»

126-бөлүм

«Бул чын эле Кудайдын Уулу тура»

ЫЙСАНЫН устунга кадалганынан көп өтпөй, чак түштө айлананы үч саатка созулган сырдуу караңгылык басат. Анын себеби Күндүн тутулушу болушу мүмкүн эмес, анткени Күн Ай жаңырган маалда гана тутулат, ал эми Пасах Ай толгон маалга туш келет. Андан сырткары, Күндүн тутулушу бир нече мүнөткө гана созулат. Демек, мындай караңгылык Кудайдын кийлигишүүсү менен болгон! Ыйсаны шылдыңдап жаткандар муну көрүп, нес болмок турсун, эми ооз ачып сүйлөгүс болушса керек.

Эгер бул сестентерлик кубулуш каракчылардын бири жолдошун жемелеп, Ыйсадан аны эстешин сураганга чейин болуп өтсө, мүмкүн, ушул анын тобо келтиришине себеп болсо керек. Ошол караңгылыктын маалында төрт аял: Ыйсанын энеси, таежеси Саломия, Мариам Магдалина менен кичүү Жакыптын энеси Мариам кыйноо мамысынын жанына келет көрүнөт. Аларга кошулуп Ыйсанын жакшы көргөн окуучусу Иоанн да келет.

Өзүнүн бапестеп өстүргөн уулунун устунда кадалып, кыйналып жатканын көргөн энесинин жүрөгү «кылыч сайылгандай» ачышат. Ыйса болсо өзүнүн кыйналганын ойлобойт, тескерисинче, энесине убайым тартат. Башын зорго Иоаннга буруп, ал Мариамга: «Аялзаты, сенин уулуң мына!» — дейт. Анан Мариам тарапка башын буруп, Иоаннга: «Бул сенин энең!» — дейт.

Мына ошентип, Ыйса, сыягы, жесир калган энесин сүйүктүү расулунуна табыштайт. Мариамдын башка уулдары Ыйсага азырынча ишенбегендиктен, ал ошенткен. Мунусу менен Ыйса энесинин денелик гана эмес, рухий муктаждыгына да кам көрүп, эң сонун үлгү көрсөтөт.

Күндүзү саат үч чендерде Ыйса: «Суусадым»,— дейт. Ал берилгендиги акырына чейин сыналышы үчүн, Атасынын аны, мындайча айтканда, коргобой койгонун сезет. Ошондуктан: «Кудайым менин, Кудайым, мени эмне үчүн калтырдың?» — деп аянычтуу кыйкырат. Муну жакын тургандар угуп: «Илияны чакырып атат»,— дешет. Алардын бири чуркап барып, иссоп чырпыгына соргуч илип, кычкыл шарапка малат да, аны Ыйсага ичирет. Кай бирлери: «Тим койгула! Илия муну түшүргөнү келер бекен көрөлү»,— дешет.

Ага ачыган шарапты беришкенде, ал: «Аткарылды!» — дейт. Ооба, Атасы аны жерге эмне максат менен жиберсе, Ыйса бардыгын баштан-аяк аткарды. Акырында: «Ата, рухумду сенин колуңа тапшырдым» — деп, өзүндөгү жашоо күчүн Кудайга тапшырат, анткени Кудайдын аны кайра кайтарып берерине толук ишенген. Анан башы шылк дей түшөт да, жан берет.

Ыйсанын дем алганы токтор замат, аска-жарды ураткан катуу жер титирөө болуп өтөт. Жер ушунчалык катуу титирегендиктен, Иерусалимдин тегерек-четиндеги мүрзөлөр кыйрап, сөөктөр сыртта калат. Муну өтүп баратып көргөндөр шаарга барып, айтып беришет.

Андан сырткары, Ыйса өлгөн маалда Кудайдын ийбадатканасындагы Касиеттүү жай менен Ыйыктардын ыйыгынын ортосундагы көшөгө үстүнөн астына чейин айрылып калат. Кыязы, ал узундугу 18 метр, чебер саймаланган, абдан оор көшөгө болсо керек. Ошол таңданткан керемет Кудайдын Уулун өлтүргөндөргө каарданганын гана көрсөтпөстөн, Ыйсанын өлүмүнүн аркасында Ыйыктардын ыйыгына, асмандын өзүнө, жол ачылганын түшүндүрөт.

Жер титирөөнү, дегеле болуп жаткандардын баарын көргөн элдин үрөйү учат. Жазалоо жерин кайтарып турган жүзбашы болсо: «Бул чын эле Кудайдын Уулу тура» — деп, Кудайды даңктап жиберет. Пилат Ыйсанын Кудайдын Уулу экендиги чынбы-калппы териштирип жатканда, ал жерде ушул жүзбашы да болсо керек. Эми Ыйсанын чынында эле Кудайдын Уулу экенине, анын тарыхтагы эң улуу адам экенине анык көзү жетет.

Болуп өткөн кереметтер башкаларга да абдан таасир этет. Алар катуу кайгырып, уятынан көкүрөгүн муштагылап, үйлөрүнө кайтышат. Ошол маанилүү окуялар арыдан карап турушкан Ыйсаны жолдогон аялдарга терең таасир калтырат. Ал жерде расул Иоанн да турган. Матфей 27:45—56; Марк 15:33—41; Лука 23:44—49; 2:34, 35; Иоанн 19:25—30.

▪ Эмне үчүн үч саатка созулган караңгылык Күндүн тутулушунун натыйжасында болушу мүмкүн эмес?

▪ Улгайган ата-энелери барларга Ыйса өлөр алдында кандай үлгү көрсөтөт?

▪ Өлөрүнүн алдында Ыйса эмнелерди айтат?

▪ Жер титирөөнүн натыйжасында эмнелер болот жана ийбадатканадагы көшөгөнүн экиге бөлүнүшү эмнени билдирет?

▪ Жазалоо жерин кайтарган жүзбашыга болуп өткөн кереметтер кандай таасир этет?