Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Вифанияда Симондун үйүндө

Вифанияда Симондун үйүндө

101-бөлүм

Вифанияда Симондун үйүндө

ЫЙСА Иерихондон Вифанияга жөнөйт. Убакыттын көбү жолго кетет, себеби 19 чакырымдай аралыкты басып өтүш керек, анын үстүнө жол да барган сайын өр тартып отурат. Иерихон деңиз деңгээлинен болжол менен 250 метр ылдый жайгашса, Вифания деңиз деңгээлинен 750 метр бийиктикте жайгашкан. Вифанияда Лазар жана анын бир туугандары Марфа менен Мариам жашай турганы, балким, эсиңдедир. Бул чакан кыштак Иерусалимден 3 чакырымдай алыстыкта, Зайтун тоосунун чыгыш боорунан орун алган.

Иерусалимде болсо Пасах майрамын майрамдоого көп адамдар чогулуп калган эле. Алар каада боюнча тазаланыш үчүн атайы эрте келишкен. Мүмкүн, өлүккө тийип же дагы бир башка себептерден улам арамдалып калышкан. Ошондуктан алар Пасах майрамына катышып калуу үчүн, тазалануу каадасын аткарып жатышат. Ал адамдар ийбадатканага чогулушкан кезде көптөрү Ыйсаны Пасахка келет болду бекен деп ойлонуп жатышты.

Иерусалим Ыйса тууралуу талаш-тартыштын уюгуна айланды. Аны диний жетекчилер колго түшүрүп, өлтүрүүнү каалап жатышканы баарына белгилүү. Атүгүл алар ким Ыйсанын келген жерин билсе кабарлап коюшун буйрук кылышкан. Акыркы айлардын ичинде эле бул диний жетекчилер Ыйсаны өлтүрүүгө үч жолу аракет кылышты: Алачыктар майрамында, Арналуу майрамында жана Лазарды тирилткенде. Ошондуктан Ыйсанын адамдарга дагы бир жолу көрүнөр-көрүнбөсү баарын кызыктырууда. Алар бири-биринен: «Кандай деп ойлойсуңар?» — деп сурап жатышты.

Иудейлердин календары боюнча, Пасах майрамы 14-нисанда белгилениши керек. Ыйса болсо Вифанияга майрамга алты күн калганда, жума күнү кечинде, башкача айтканда, 8-нисандын башында келет. Ал алтынчы күнү жөнөй алмак эмес, анткени иудейлердин мыйзамына ылайык, ишемби күнү — жума күнү күн баткандан баштап ишемби күнү күн батканга чейин — жол жүрүүгө тыюу салынган. Вифаниядан Ыйса, адаттагыдай эле, Лазардыкына барып, жума күндүн түнүн да ошол жерде өткөрсө керек.

Ишемби күнү Ыйса менен аны коштоп жүргөндөрдү Вифаниянын дагы бир тургуну Симон аттуу киши кечки тамакка чакырат. Ал мурун пес оорусу менен ооруган болчу, балким, Ыйса аны бир кездерде айыктырса керек. Марфа адатынча конокторду тейлеп жүрөт. А Мариам болсо, өзүнүн кулк мүнөзүнө жараша, бүт көңүлүн Ыйсага бурат, бирок бул жолкусунда анын жасаган иши талаш туудурат.

Мариам жарым килограммдай жыпар жыттуу май, «таза нард», куюлган алебастр идишин ачат. Бул май абдан баалуу. Анын баасы бир жылдык эмгек акыга барабар! Мариам Ыйсанын башына жана бутуна майды куюп, чачы менен сүрткөндө, үй ичи майдын жыпар жытына толуп чыгат.

Бирок шакирттер нааразы болуп: «Мынчалык ысырап кылуунун эмне кереги бар?» — дешет. Жүйүт Искариот болсо: «Бул жыпар жыттуу майды үч жүз динарга сатып, кедей-кембагалдарга таратып берүүгө эмне үчүн болбосун?» — дейт. Чын-чынына келгенде, Жүйүт кембагалдарга анча деле күйүп-бышпайт, анткени ал шакирттер алып жүргөн акча кутусунан уурдап коюп жүрөт.

Ыйса Мариамды колдойт. Ал: «Аны жайына койгула,— деп буюрат.— Эмне үчүн анын тынчын алып жатасыңар? Мен үчүн ал жакшы иш кылды. Анткени кембагалдар ар дайым жаныңарда жүрбөйбү, кайсы убакта кааласаңар, аларга жакшылык кыла аласыңар, а мен жаныңарда ар дайым боло бербейм. Ал колунан келгенин жасады: денемди көргө коёрдун алдында жыпар жыттуу май менен алдын ала майлап койду. Чынын силерге айтам: жакшы кабар дүйнөнүн кайсы бурчунда айтылбасын, бул аялды эске алып, анын кылган иши жөнүндө да айтышат».

Ыйса Вифанияга келгенден бери эки күн өттү жана анын бул жерде жүргөнү бардыгына угулду. Ошондуктан көп адамдар Ыйсаны жана аны менен кошо жүргөн Лазарды көрүш үчүн, Симондун үйүнө келишет. Диний жетекчилер болсо Ыйсаны эле эмес, ал тирилткен Лазарды да өлтүрүүнү чечишет, анткени көп адамдар өлгөн адамдын тирүү жүргөнүн көрүп Ыйсага ишенип калышкан эле. Бул диний жетекчилер кандай гана зулум! Иоанн 11:55—12:11; Матфей 26:6—13; Марк 14:3—9; Расул 1:12.

▪ Иерусалимдеги ийбадатканада эмне тууралуу талаш жүрөт жана эмне үчүн?

▪ Эмне үчүн Ыйса Вифанияга ишемби күнү эмес, а жума күнү келет?

▪ Ыйса Вифанияда ишемби күндү, болжолу, кимдикинде өткөрөт?

▪ Мариамдын жасаган кайсы иши талаш туудурат жана Ыйса аны кандайча колдойт?

▪ Диний жетекчилердин зулумдугу эмнеден көрүнүп турат?