Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Галилея деңизинде

Галилея деңизинде

130-бөлүм

Галилея деңизинде

РАСУЛДАР Ыйсанын айтканы боюнча Галилеяга кайтып келишет. Бирок алар ал жактан эмне кылышты билишпейт. Бир канча убакыт өткөн соң, Фома, Нафанаил, Жакып, анын бир тууганы Иоанн жана башка эки расулга Пётр:

— Балык кармаганы баратам,— дейт.

— Биз да сени менен барабыз,— дешет берки алтоо.

Алар түнү бою аракет кылышканы менен, балык түшпөйт. Таңга маал жээкте Ыйса пайда болот, бирок расулдар аны таанышпайт.

— Балдар, жегенге бирдемеңер барбы? — деп кыйкырат ал.

— Жок,— деп жооп беришет беркилер.

— Торду кайыктын оң тарабына салгыла, ошондо табасыңар,— дейт ал.

Алар анын айтканындай кылышты эле, балыктын көптүгүнөн торун тартып чыгара албай калышты.

— Бул — Эгебиз! — деп кыйкырат Иоанн.

Муну угар замат, Пётр сырт кийимин белине байлай сала сууга секирет. Ал жээкке жетиш үчүн 90 метрче сүзүп барат. Берки расулдар балыкка толгон торду сүйрөп, чакан кайык менен сүзүп келишет.

Алар жээкке чыгышканда, жагылган оттун чогунда балык жаткан, анын жанында нан турган болот. «Азыркы кармаган балыгыңардан алып келгилечи»,— дейт Ыйса. Пётр кайыкка барат да, торду жээкке сүйрөп чыгат. Тордо 153 чоң балык бар экен!

«Келгиле, тамактангыла»,— дейт Ыйса.

Расулдардын бири да андан: «Сен кимсиң?» — деп суроого даай албайт. Анткени анын Ыйса экенин баары билип турушкан. Бул анын тирилгенинен кийинки жетинчи жолу келиши. Расулдардын тобуна ал үчүнчү жолу келип жатат. Алар Ыйса берген нан менен балыктан жешет.

Тамактанып бүтүшкөн соң, кыязы, Ыйса кармалган балыктарды карап, Пётрдан: «Иоанндын уулу Симон, сен булардан да мени жакшы көрөсүңбү?» — деп сурайт. Ыйса Пётрдун ал аны кайсы ишке даярдаса, ошол ишти балык уулоодон да жакшы көрөр-көрбөсүн сурап атканы түшүнүктүү.

— Ооба, Эге, менин сени канчалык баалаарымды өзүң деле билесиң,— деп жооп берет Пётр.

— Менин козуларымды бак,— дейт Ыйса.

— Иоанндын уулу Пётр, мени жакшы көрөсүңбү? — деп Ыйса дагы сурайт.

— Ооба, Эге, менин сени канчалык баалаарымды билесиң го,— деп Пётр ынанымдуу жооп берет.

— Менин койлорумду кайтар,— деп кайра буйрат Ыйса.

Анан ал үчүнчү ирет сурайт:

— Иоанндын уулу Симон, сен мени баалайсыңбы?

Пётрдун көңүлү чөгө түшөт. Балким, анда Ыйса анын берилгендигине күмөн санап атабы деген ой туулса керек. Кечээ эле жакында, Ыйсанын тагдыры чечиле турган сот териштирүүсү жүрүп жатканда, Пётр үч жолу андан баш тартпады беле. Ошондуктан Пётр: «Эге, сага бардыгы белгилүү, сени канчалык баалаарымды өзүң билесиң»,— дейт.

«Койлорумду бак»,— деп буйрат Ыйса үчүнчү ирет.

Кайсы ишти аткаруу керектигин башкаларга да түшүндүрүш үчүн, Ыйса Пётрду колдонгон. Жакында Ыйса жерден кетет, ошол себептүү ал алардын Кудайдын кой короосуна келгендерге кызмат кылууда жетекчиликти колго алышын каалайт.

Ыйсаны Кудайдын тапшырган ишин аткарып жаткандыгы үчүн кармап, өлүм жазасына тартышты. Эми ошондой жагдайга Пётр да кабыларын түшүндүрүп, Ыйса ага мындай дейт: «Жашыраак кезиңде белиңди өзүң курчап, каалаган жагыңа кете берчүсүң. Ал эми карыганыңда колуңду сунуп бересиң, сени башка бирөө курчайт да, каалабаган жагыңа жетелеп жөнөйт». Пётрду азаптуу өлүм күтүп турса да, Ыйса аны: «Мындан ары да мени жолдо»,— деп чакырат.

Артына кылчайып Пётр Иоаннды көрөт да, деп сурайт:

— Эге, а булчу?

— Эгер анын мен келгиче турушун кааласам, сага мунун кандай тиешеси бар? Сен мени мындан ары да жолдо,— деп жооп берет Ыйса.

Окуучуларынын көбү бул айтканын расул Иоанн эч качан өлбөйт экен деп түшүнүп алышат. А бирок, кийинчерээк расул Иоанндын өзү түшүндүрүп бергендей, Ыйса аны өлбөйт деген эмес. Ыйса жөн гана: «Эгер анын мен келгиче турушун кааласам, сага мунун кандай тиешеси бар?» — деген болчу.

Кийинчерээк Иоанн: «Ыйсанын кылган башка да иштери көп. Алардын баарын майда-чүйдөсүнө чейин жазып олтурсак, менимче, жазылган түрмөктөрдү дүйнөнүн өзү да батыра алмак эмес»,— деген да маанилүү сөздөрдү айткан. Иоанн 21:1—25; Матфей 26:32; 28:7, 10.

▪ Расулдардын Галилеяда эмне кылышты билбегендиги эмнеден көрүнөт?

▪ Расулдар Галилея деңизинде жүрүшкөндө Ыйсаны кантип таанышат?

▪ Ыйса тирилгенинен кийин канча жолу келет?

▪ Расулдардын кайсы ишти аткарыш керектигин Ыйса кандайча баса көрсөтөт?

▪ Пётрдун кандай өлүм менен өлөрүн Ыйса кантип түшүндүрөт?

▪ Ыйсанын Иоанн жөнүндө эмне деп айтканын окуучуларынын көбү туура эмес түшүнүп алышат?