Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Даяр болгула!

Даяр болгула!

78-бөлүм

Даяр болгула!

ЫЙСА элге ачкөздүктөн сак болуу керек экенин эскертип, окуучуларына материалдык жакка өтө эле көп көңүл бура бербегиле деп кеңеш берди. Андан кийин төмөндөгү кубаттоочу сөздөрдү айтат: «Коркпо, кичине отор, анткени силерге падышалыкты берүүнү Атаңар туура көрдү». Муну менен Ыйса асман Падышалыгына салыштырмалуу аз сандагы (алардын саны 144 000 экени кийинчерээк белгилүү болду) адамдар кирерин билдирип жатат. Ал эми түбөлүк өмүр алуучулардын көбү ошол Падышалыктын букара эли катары жерде жашайт.

«Падышалык» — кандай гана кереметтүү белек! Ыйса бул белекти алуучулар, атап айтканда, шакирттери эмне кылышы керек экенин көрсөтөт. Ал шакирттерин чакырып алып: «Колуңарда болгонду сатып, кайыр-садага бергиле»,— дейт. Ооба, алар өзүлөрүндө болгонду башкаларга рухий жактан жардам берүү үчүн колдонушу керек, ошонун аркасында алар «түгөнгүс кенчти асманга» чогулткан болот.

Андан кийин Ыйса окуучуларын өзүнүн кайтып келишине кайсы убакта болбосун даяр болууга чакырат. Ал: «Белиңер курчалуу, шамыңар жагылуу болсун, өзүңөр болсо, мырзасы үйлөнүү тоюнан кайтып келип эшикти какканда, ошо замат ачып берүүгө даяр турган адамдардай болгула. Мырзасы келгенде сергек болуп турган кулдар бактылуу! Чынын силерге айтамын: ал белин курчанып, аларды үстөл тегеректеп чыканактап жатууга чакырат да, аларга кызмат кылат».

Мырзасын күтүп жаткан кызматчылардын даярдуулугу алардын узун кийимдеринин этегин түрүп, белине курчанып алып, май толтурулган шамдалдардын жарыгында түн бир оокумга чейин кызматтарын уланта бергендиги менен көрсөтүлөт. Ыйса: «Эгерде мырзасы экинчи [кечки саат 9дан түн жарымга чейин] же атүгүл үчүнчү [түн жарымынан түнкү саат 3кө чейин] сакчылыкта келип, алардын сергек болуп турганын көрсө, анда алар бактылуу!» — деп түшүндүрөт.

Кызматчылар мырзасынан өзгөчө сыйлык алышат. Анткени мырзасы кызматчыларын үстөлдөн орун алууга чакырып, аларга кызмат кылып кирет. Мырзасы аларга кулдарга эмес, а берилген досторуна жасагандай мамиле кылат. Бул — чынында эле, аларга мырзасын күтүү менен түнү бою берилип кызмат кылгандыгы үчүн берилген эң мыкты сыйлык! Ыйса аягында: «Силер да даяр болгула, анткени адам Уулу силер ойлобогон саатта келет»,— дейт.

Анда Пётр: «Эге, сен бул мисалды бизге келтирдиңби же башкаларга дагыбы?» — деп сурайт.

Ыйса буга түз жооп бербестен, дагы башка көрсөтмөлүү мисал айтат: «Мырзасы өз кызматчыларынын үстүнөн, аларга тийиштүү тамакты өз убагында берип туруу үчүн, дайындай турган ишенимдүү жана эстүү башкаруучу ким? Эгерде мырзасы келип, анын так ошондой иш кылып жатканын көрсө, ошол кул бактылуу! Чындыкты айтам силерге: ал бүт мүлкүнүн үстүнөн аны башкаруучу кылып дайындайт».

«Мырза» — бул Ыйса Машайык. «Башкаруучу» окуучулардын «кичине оторун» түзгөн топту билдирет, «кызматчылар» деген сөз да асман Падышалыгынын 144000 мурасчысын түшүндүрөт, бирок алардын ар биринин өз-өзүнчө жасаган ишин көрсөтүп турат. Ал эми башкаруучу кам көрүшү керек болгон «мүлк» — бул мырзанын, падышанын, жердеги бардык иштери. Ага Падышалыктын жердеги букара элине кам көрүү да кирет.

Ыйса сөзүн улантып жатып, «башкаруучу» же кул тобуна киргендердин баары эле, сыягы, ишенимдүү боло бербесин айтат. Ал: «Бирок, алиги кул жүрөгүндө: „Мырзам али кайтып келбейт“ — деп айтып, кол алдындагы кызматчыларынын эркек-аялына карабай уруп-сабап кирсе, ошондой эле ичип-жеп мас боло баштаса, анын мырзасы ал күтпөгөн күнү келип калат да,.. аны катуу жазалайт»,— дейт.

Ошондой эле Ыйса анын окутуусун иудейлердин кээ бири кабыл алып, башкалары четке каккандыктан, өзүнүн келиши иудейлер үчүн оттуу убакыт болуп калганын айтат. Үч жылдай мурун Ыйса сууда чөмүлтүлгөн эле, эми болсо анын өлүм менен чөмүлтүлүүсү аягына чыгып келатат, ошондуктан ал: «Ошол аткарылганга чейин мен кандай гана кыйналып жатам!» — деп айтат.

Бул сөздөрдү окуучуларына айткандан кийин Ыйса кайрадан элге кайрылат. Ал өзүнүн Мессия экенин көрсөткөн айкын далилдерди жана анын маанисин адамдар кежирлик менен кабыл албай жатканына өкүнөт. «Силер,— дейт Ыйса,— батыштан булут көтөрүлүп келатканын көргөнүңөрдө ошо замат: „Бороон болот“,— дейсиңер, анан ошондой болот. Ал эми түштүктөн шамал сокконун байкаганыңарда: „Күн ысык болот“,— дейсиңер, анан ошондой болот. Эки жүздүүлөр, жер менен асмандын өңүн аныктаганды билесиңер, а эмне үчүн бул өзгөчө убакытты аныктаганды билбейсиңер?» Лука 12:32—59.

▪ «Кичине оторго» канча адам кирет жана алар эмне алышат?

▪ Окуучуларынын даяр болушу зарыл экенин Ыйса кандайча көрсөтөт?

▪ Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы «мырза», «башкаруучу», «кызматчылар», «мүлк» кимди жана эмнени билдирет?