Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Деги Ыйса ким?

Деги Ыйса ким?

59-бөлүм

Деги Ыйса ким?

ЫЙСА окуучулары менен Вифсаидага келгенде, ал жердин тургундары Ыйсага, ал колун тийгизип айыктырышы үчүн, сокур кишини алып келишет. Ыйса аны колунан жетелеп кыштактын четине алып чыгат да, көзүнө түкүрүп туруп: «Бир нерсе көрүп атасыңбы?» — деп сурайт.

«Адамдарды көрүп атам,— деп жооп берет ал,— анткени даракка окшогон бир нерселерди ажыратып атам, бирок алар басып жүрүшөт». Ыйса кишинин көзүнө колун коёт да, аны толугу менен айыктырат, ошондуктан ал ачык көрүп калат. Андан кийин ага кыштакка кирбей, үйүнө түз баруусун буюрат.

Эми Ыйса окуучулары менен Палестинанын эң эле түндүк жагына — Филипп Кесариясынын тегерегиндеги кыштактарга — жөнөйт. Филипп Кесариясы абдан кооз жерде, Вифсаидадан 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Ал жакка алпаруучу жол улам өр тартып отурат, анткени шаар деңиз деңгээлинен 350 метр бийиктикте жайгашкан. Демек, алардын сапары бир нече күнгө созулат.

Жолдо баратып Ыйса тиленип келүү үчүн окуучуларын бир аз убакытка калтырат. Анын өлөрүнө болгону тогуз же он айча калды, ошондуктан ал окуучулары үчүн тынчсызданууда. Көптөрү андан баш тартып кетишти. Башкалары болсо Ыйсанын падыша болуудан жана душмандардын анын падышалык бийлигин далилдөө үчүн асмандан жышаан көргөз деген талабын аткаруудан баш тарткандыгы үчүн шек санашып, көңүлдөрү калып калды. Ал эми расулдары эмне деп ойлойт болду экен? Алар Ыйса тиленип жаткан жерге келгенде, ал:

— Адамдар мени ким деп эсептешет? — деп сурайт.

— Кээ бирлери — Чөмүлдүрүүчү Иоанн, башкалары — Илия, дагы бирөөлөрү Иеремия же пайгамбарлардын бири дешет,— деп жооп беришет алар. Ооба, адамдардын ою боюнча, Ыйса — тирилтилген пайгамбар!

— А силер мени ким деп эсептейсиңер? — деп сурайт Ыйса.

— Сен тирүү Кудайдын Уулу Христоссуң — деп, Пётр шаша жооп берет.

Ыйса Пётрду мактап туруп:

— Сага айтамын: Сен Пётрсуң, мына ушул аскага жыйналышымды курам жана гадестин дарбазасы аны жеңе албайт,— дейт. Ыйса жыйналыш кура тургандыгы жөнүндө жана ошол жыйналыштын мүчөлөрүн, алар жердеги кызматын аяктагандан кийин, атүгүл өлүм да туткундай албарын биринчи жолу айтып жатат. Андан кийин Ыйса Пётрга: «Мен сага асман падышалыгынын ачкычтарын берем»,— деп айтат.

Муну менен Ыйса Пётрга өзгөчө тапшырма берилерин ачып берүүдө. Бул расулдардын арасынан Пётр биринчи орунду ээлейт же жыйналыштын негизи болот дегенди билдирбейт. Жыйналыш негизделе турган аска — Ыйсанын өзү. Бирок Пётрга асман Падышалыгына кирүү мүмкүнчүлүгүн бөлөк элдин адамдарына да «ачып» бериш үчүн колдонгонго үч ачкыч берилет.

Биринчи ачкычты Пётр 33-жылы Эгин оруп-жыюу майрамында колдонгон: ал күнөөлөрү үчүн өкүнгөн иудейлерге куткарылуу үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүрүп берген. Андан кийин ал ишеним көрсөткөн самариялыктардын Кудайдын Падышалыгына кире алышы үчүн экинчи ачкычты пайдаланган. Ал эми 36-жылы Пётр так эле ушундай мүмкүнчүлүктү сүннөткө отургузулбаган бутпарастарга — Корнилий жана анын досторуна — ачып бериш үчүн үчүнчү ачкычты колдонгон.

Ыйса расулдары менен болгон маегин улантат. Ал өзүнүн Иерусалимде азап тартарын жана өлөрүн билдирет жана бул кабар аларды кайгыга салат. Ыйсанын тирилип, кайра асманга кетерин түшүнбөгөндүктөн, Пётр аны четке чакырып: «Эге, өзүңдү ая; мындайга эч кабыла көрбө»,— деп сунуш кылат. Бирок Ыйса андан терс бурулат да: «Менден кет, Шайтан! Сен мага кедергисиң, себеби Кудайга эмес, адамга жакканды ойлойсуң»,— деп жооп берет.

Сыягы, Ыйса менен бирге расулдардан сырткары башкалар да бараткан көрүнөт. Ыйса аларды чакырат да, анын жолун жолдоо оңойго турбасын түшүндүрүп: «Эгерде ким мени ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын жана өзүнүн кыйноо мамысын алып, мени ээрчигенин токтотпосун. Анткени ким жанын сактагысы келсе, ал андан айрылат; ал эми ким мен үчүн жана жакшы кабар үчүн жанынан айрылса, ал аны сактап калат»,— дейт.

Ооба, Ыйсанын жактыруусуна арзыш үчүн, анын окуучулары тайманбас болуп, өз кызыкчылыктарынан баш тартышы керек. Ыйса: «Анткени ким ушул ойноштук кылган жана күнөөлүү муундун арасында менден жана менин сөздөрүмөн уялса, адам Уулу да Атасынын даңкында ыйык периштелер менен келгенде андан уялат»,— деп айтат. Марк 8:22—38; Матфей 16:13—28; Лука 9:18—27.

▪ Эмне себептен Ыйса окуучулары үчүн тынчсызданат?

▪ Адамдар Ыйсаны ким деп эсептешет?

▪ Пётрга кандай ачкычтар берилет жана ал аларды кандайча колдонот?

▪ Эмне үчүн Пётр Ыйсадан тил угат?