Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жабыр тарткандарга боор ооруу

Жабыр тарткандарга боор ооруу

57-бөлүм

Жабыр тарткандарга боор ооруу

ЫЙСА фарисейлерди өзүлөрүнүн кызыкчылыгына гана пайда алып келген салттары үчүн айыптагандан кийин, окуучулары менен ал жерден кетет. Жакында эле алар бир аз эс алып алганы ээнирээк жерге барышканда, артынан көп адамдар келип калганы эсиңде чыгар. Бул жолкусунда болсо Ыйса окуучулары менен түндүктү көздөй, Тир менен Сидон тарапка, жөнөйт. Ал жакка чейин бир топ чакырым. Маалыматтарга караганда, Ыйса окуучулары менен ушул жолу гана Израилдин чегинен ары өтүп отурат.

Алар түнөгөнгө үй табышат жана Ыйса алардын келгени тууралуу эч ким билбешин каалайт. Бирок ал Израиль жеринен алыс жүрсө да байкалбай калган жок. Ошол аймакта, Сирия Финикиясында, туулган бир грек аял ага келип: «Эге, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыл. Кызымды жин-перилер катуу ээлеп алган»,— деп жалбарат. Бирок Ыйса ага эч жооп айтпайт.

Акыры окуучулары Ыйсадан: «Бул аялды кетирип ийчи, антпесе артыбыздан кечке кыйкырып алды»,— деп суранышат. Ыйса аялга көңүл бурбай аткандыгынын себебин түшүндүрүп: «Мен баарына жиберилген эмесмин, бирок Израиль үйүнүн жоголгон койлоруна жиберилгем»,— дейт.

Бирок аял буга да болбойт. Ал Ыйсага жакындап келип чөгөлөп: «Эге, мага жардам берчи!» — деп жалбарат.

Аялдын жалынып-жалбаруусу Ыйсанын жүрөгүн кандай гана козгосо керек! Бирок Ыйса негизги милдети Кудайдын элине, израилдиктерге, жардам берүү үчүн келгенин дагы бир жолу баса белгилейт. Ошол эле учурда Ыйса, сыягы, аялдын ишенимин сынагысы келип, сөзүн иудейлердин башка улуттагы адамдарга болгон терс пикирлерине бурат. Ал: «Балдардан нанды алып, кичинекей иттерге ыргытыш жакшы эмес»,— деп айтат.

Ыйсанын үнүнөн жана өңүнөн көрүнүп турган боорукерлик анын иудей эместерге эң жакшы маанайда экенин төгүндөлгүс түрдө тастыктап турат. Ошондуктан ал бутпарастарга колдонгон салыштыруусун айтып жатып да «иттер» дебестен, «кичинекей иттер» деп жумшартып айтууда. Аял буга кенедей да таарынбайт, анын ордуна Ыйсанын иудейлердин терс пикирин кыйытып айтып жатканын колдонуп, момундук менен: «Ооба, Эге, бирок кичинекей иттер деле кожоюнунун үстөлүнөн түшкөн күкүмдү жешет эмеспи»,— деп айтат.

«О, аял, ишенимиң күчтүү экен; сен каалагандай болсун»,— деп жооп берет Ыйса. Так эле ошондой болот! Аял үйүнө келгенде, кызынын толугу менен айыгып төшөктө жатканын көрөт.

Андан кийин Ыйса окуучулары менен Сидондун жээк аймактарынан Иордандын баш жагын көздөй өлкөнү аралап жөнөйт. Алар Иордандын, сыягы, Галилея деңизине куюучу жеринен өйдөрөөк жагынан өтүп, деңиздин чыгыш тарабында жайгашкан Он шаарга барышат. Алар тоого чыгышканда, ал жерге да шал, мунжу, сокур, дудук жана башка оорулууларды алып бир топ адамдар келишет. Оорулууларды алар Ыйсанын так эле бутунун алдына ташташат жана ал баарын айыктырат. Адамдар дудуктардын сүйлөп, шал адамдардын басып калганын жана сокурлардын көрө баштаганын көрүп таң калышат да, Израилдин Кудайын даңкташат.

Ыйса дүлөй да, кекеч да болгон бир кишиге өзгөчө көңүл бурат. Көптөгөн дүлөйлөр, айрыкча адамдардын арасында турганда, өздөрүн ыңгайсыз сезишет эмеспи. Ыйса ал кишинин бөтөнчө тынчсызданып турганын байкаса керек. Ошондуктан анын абалын түшүнүп, аны элден обочо алып чыгат. Экөө жалгыз калганда, Ыйсанын эмне кылгысы келип атканы айкын болот: ал манжаларын кишинин кулактарына тыгып, түкүрүп туруп анын тилине тиет, анан асманды карап терең дем алат да: «Ачыл»,— деп айтат. Тиги кишинин кулагы угуп, кадимкидей сүйлөп калат.

Ыйса көптөгөн оорулууларды айыктырат. Адамдар ага ыраазылыгын билдирип: «Ал бардыгын жакшы кылып атат. Атүгүл дүлөйлөрдүн кулагын ачып, дудуктарды сүйлөтүп жатат»,— деп айтып жатышты. Матфей 15:21—31; Марк 7:24—37.

▪ Эмне үчүн Ыйса грек аялдын кызын дароо эле айыктырган жок?

▪ Андан кийин Ыйса окуучулары менен каякка барат?

▪ Ыйса дүлөй жана кекеч адамга кандайча боорукерлик көрсөтөт?