Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жин-пери ээлеп алган баланын айыктырылышы

Жин-пери ээлеп алган баланын айыктырылышы

61-бөлүм

Жин-пери ээлеп алган баланын айыктырылышы

ЫЙСА, Пётр, Жакып, жана Иоанндар жок кезде (сыягы, алар Ермон тоосунда жүргөндө), башка шакирттер оор абалга кабылышат. Кандайдыр бир нерсе болгонун Ыйса кайтып келер замат байкайт. Себеби шакирттер менен китепчилердин ортосунда талаш-тартыш жүрүп жатат жана аларды көп адамдар тегеректеп алыптыр. Адамдар Ыйсаны көрүп таң калышат да, аны тосуп алыш үчүн алдынан чуркап чыгышат. «Алар менен эмне жөнүндө талашып жатасыңар?» — деп сурайт Ыйса.

Топ элдин арасынан бир киши суурулуп чыгып, Ыйсанын бутуна чөгөлөп: «Устат, сага уулумду алып келгем, анткени анда тилсиз жин бар; кайсы жерден аны кармабасын, ошо замат жерге көтөрүп чабат, ал болсо оозунан көбүк чыгарып, тиштерин кычыратып, алсырап калат. Шакирттериңе аны кууп чыгаргыла деп айтып көрдүм, бирок алардын колунан келбеди»,— дейт.

Шакирттердин балага жардам бере албагандыгы үчүн китепчилер чуу салып, атүгүл аларды шылдыңдап да күлүшсө керек. Так ушул кыйын учурда Ыйса келет. «О, ишенимден безген муун,— дейт ал,— силер менен дагы канча болушум керек? Силерге дагы канча чыдашым керек?»

Ыйса бул сөздөрдү ошол жерде тургандардын баарына айтса керек, бирок, биринчи кезекте, окуучуларына оорчулук келтирип жаткан китепчилерге айтканы толук ыктымал. Андан кийин Ыйса баланы алып келүүнү буюрат. Бала Ыйсага жакындаганда, жин-пери аны катуу карыштырып, жерге көтөрүп чабат. Бала болсо оозунан көбүк чыгарып, жерге оонап калат.

— Мунун ушундай болгонуна көп болдубу? — деп сурайт Ыйса.

— Бала чагынан бери; жин аны жок кылуу үчүн далай жолу отко да, сууга да ыргытты,— деп жооп берет баланын атасы жана: — Эгерде бир нерсе кыла алсаң, бизди аяп, жардам бере көр,— деп көптөн-көп өтүнөт.

Баланын атасы бир топ жылдан бери жардам издеп келген окшойт. Эми болсо, Ыйсанын окуучулары жардам бере албай коюшканда, такыр эле үмүтү үзүлүп калды. Үмүтү өчкөн атаны бекемдеп Ыйса: «Сен: „Эгер кыла алсаң?“ — деп жатасың. Ишенгенге бардыгы мүмкүн»,— деп айтат.

Баланын атасы үнүн бийик чыгарып: «Ишенем! Кайсы жагынан ишенимим аз болуп жатса, жардам бер»,— дейт.

Ыйса адамдардын аларды көздөй чуркап келатканын көрүп, жин-периге: «Тилсиз жана дүлөй жин, сага буйрук кыламын: андан чык да, экинчи ага кирбегин»,— деп тыюу салат. Жин баладан чыгып баратып аны кыйкырууга кайрадан мажбурлайт жана карыштырат. Бала тырп этпей жатып калгандыктан, адамдардын көбү: «Ал өлүп калды!» — дешет. Бирок Ыйса колдон алганда, бала турат.

Мурун, Ыйса окуучуларын кабар айтууга жөнөтүп жүргөндө, алар жиндерди кубалап чыгара алышчу. Ошондуктан алар үйдө Ыйса менен өздөрүнчө калышканда: «Эмне үчүн биз аны кууп чыгара алган жокпуз?» — деп сурашат.

Ыйса мунун себеби алардын ишениминин жетишсиздигинде экенин көрсөтүп: «Жиндин мындай түрүн тиленүүсүз чыгара албайсың»,— дейт. Бул жин-пери өзгөчө күчтүү эле, ошондуктан аны кууп чыгаруу үчүн алдын ала даярдык көрүү керек болчу. Демек, күчтүү ишеним жана Кудайга күч-кубат жана жардам сурап кайрылуу зарыл эле.

Андан кийин Ыйса сөзүн улап: «Чынын айтам силерге: эгерде ишенимиңер сары кычынын данындай эле болсо, бул тоого: „Бу жактан тиги жакка жыл“,— деп айтсаңар, ал ордунан жылмак жана силер үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе болмок эмес»,— дейт. Ишеним кандай гана зор күчкө ээ боло алат!

Иеговага кызмат кылуудагы өсүүбүздү басаңдаткан тоскоолдуктар менен кыйынчылыктар кээде бизге өтө зор жана аша алгыс тоолордой сезилиши мүмкүн. Бирок Ыйсанын айтуусуна караганда, эгерде жүрөгүбүздө ишенимди өстүрүп-өрчүтсөк жана бекемдесек, ал жетилет. Андай ишенимдин күчү менен алдыдагы тоодой болгон тосколдуктарды жана кыйынчылыктарды жеңе алабыз. Марк 9:14—29; Матфей 17:19, 20; Лука 9:37—43.

▪ Ыйса Ермон тоосунан кайтып келгенде эмненин үстүнөн чыгат?

▪ Жин-пери ээлеп алган баланын атасын Ыйса кандайча бекемдейт?

▪ Эмне үчүн шакирттер жин-перини кууп чыгара алышкан жок?

▪ Ыйсанын айтуусу боюнча, ишеним кандай зор күчкө ээ боло алат?