Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жоголгонду издөө

Жоголгонду издөө

85-бөлүм

Жоголгонду издөө

ЫЙСА Кудайга момундук менен кызмат кылууну каалагандарды тапканга чын ыкыласы менен аракет кылууда. Ошондуктан Падышалык жөнүндө бардыгы менен, ал тургай, оңолгус деп эсептелген күнөөкөрлөр менен да сүйлөшүп жатат. Азыр так ошондой адамдардын Ыйсаны угуш үчүн келип жаткан кези.

Муну көргөн фарисейлер менен китепчилер Ыйсаны сынга алып киришет, анткени Ыйса, алардын ою боюнча, татыксыз адамдар менен сүйлөшүп жатат. Алар: «Бул адам күнөөкөрлөрдү кабыл алып, алар менен чогуу тамактанып жатат»,— деп наалышат. Мындай нерсе алар үчүн абдан кемсинтилгендик болуп саналат. Фарисейлер менен китепчилер карапайым элди таман алдындагы топурактай көрүшөт. Андай адамдарды жек көргөндүгүн билдириш үчүн фарисейлер аларды ам-хаа́рец деп атап алышкан. Бул сөздү еврей тилинен которгондо «жер адамдары» дегенди билдирет.

Ыйса болсо бардыгына сый мамиле жасап, мээримдүүлүктү жана сезимталдыкты көрсөтүүдө. Ошондуктан карапайым элдин көбү, атүгүл жаман иштери менен белгилүү болгондор да аны угууга абдан ынтызар. Эми болсо өзүлөрүнүн көз карашы боюнча татыксыз деп эсептелген адамдарга көңүл бургандыгы үчүн Ыйсаны айыптап жаткан фарисейлердин сөзүнө назар салалы.

Ыйса алардын сындаганына жооп катары көрсөтмөлүү мисал келтирет. Бул мисалды, ал бечара ам-хаа́рец адамдар жолдон адашып, жоголуп жүрсө, өздөрүн адил жана Кудайдын короосундабыз деп эсептеп, бейкапар жүргөн фарисейлердин көз карашына ылайык кылып айтат. Анда эмесе, фарисейлерден Ыйса эмне тууралуу сураганын угалы:

«Араңардан кимиңер, жүз кою болсо жана алардын бири жоголуп кетсе, токсон тогузун ээн талаага калтырып коюп, жоголгон коюн тапкыча издебейт? Ал эми тапканда кубанып, аны ийнине көтөрүп алат. Үйүнө келип достору менен кошуналарын чакырып, аларга мындай дейт: „Мага кошулуп кубангыла, анткени жоголгон коюмду таптым“».

Ыйса бул мисалдын маанисин ошол замат мындайча түшүндүрөт: «Силерге айтарым, өкүнүүгө муктаж болбогон токсон тогуз такыбаага караганда, өкүнгөн бир күнөөкөр үчүн асманда көбүрөөк кубаныч болот».

Фарисейлер өзүлөрүн такыбаа сезишкендиктен өкүнүүгө муктаж эмеспиз деп ойлошот. Алардын айрымдары эки жыл мурун Ыйсаны салык жыйноочулар менен бирге тамак ичкендиги үчүн айыпташканда, Ыйса аларга: «Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деп айткан болчу. Өкүнүү зарыл экенин баамдабаган бул кекирейген фарисейлер асмандагыларга кубаныч алып келбейт. Ал эми чын жүрөгүнөн өкүнгөн күнөөкөрлөр алып келет.

Жоголгон күнөөкөрлөрдүн кайрылуусу чоң кубанычка себеп болорун дагы бир жолу баса белгилеш үчүн, Ыйса бөлөк көрсөтмөлүү мисал келтирет. Ал айтат: «Кайсы аял, эгер анын он драхмасы болсо жана бир драхмасын жоготуп алса, шам жандырып алып аны тапмайынча үйүн шыпырып, кылдат издеп чыкпайт? Ал эми тапканында аялдарды, өзүнүн досторун жана кошуналарын чакырат да: „Мага кошулуп кубангыла, анткени жоголгон драхманы таптым“,— дейт».

Андан кийин Ыйса биринчи мисалдагыдай эле буга да түшүндүрмө берет: «Ошентип, силерге айтарым, өкүнгөн бир күнөөкөр үчүн Кудайдын периштелеринин арасында кубаныч болот».

Кудайдын периштелеринин жоголгон күнөөкөрлөрдүн кайрылышы үчүн көргөн сүйүүгө толгон ушул камкордугу кандай гана сонун! Бир кездерде басынтылган жана жек көрүндү болгон ам-хаа́рец адамдардын Кудайдын асман Падышалыгына кирери андан дагы сонун. Демек, алар асманда периштелердин ордунан да жогорку абалды ээлешет! Бирок периштелер аларга көз артышпайт жана таарынышайт. Тескерисинче, алар ошол күнөөкөр адамдардын, жердеги турмуштун ар кандай жагдайларын баштарынан өткөргөндүктөн, сезимтал, боорукер асман падышалары жана дин кызматчылары болуп кызмат кыла алышарына момундук менен ишенишет. Лука 15:1—10; Матфей 9:13; 1 Коринфтиктер 6:2, 3; Аян 20:6.

▪ Ыйса эмне үчүн күнөөкөрлөр деп эсептелген адамдар менен пикир алышат жана фарисейлер аны ушунусу үчүн кандайча айыпташат?

▪ Фарисейлер карапайым адамдарга кандай карашат?

▪ Ыйса кайсы көрсөтмөлүү мисалдарды келтирет жана биз алардан эмнеге үйрөнө алабыз?

▪ Периштелердин кубанганы эмнеси менен сонун?