Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жол даярдоочу төрөлөт

Жол даярдоочу төрөлөт

3-бөлүм

Жол даярдоочу төрөлөт

ЕЛИСАВЕТАНЫН төрөөрүнө аз калды. Мариамдын аныкында жүргөнүнө үч ай болду. Эми Мариамга коштошууга жана Назареттеги үйүнө жол тартууга убак келди. Болжол менен алты айдан кийин ал да балалуу болот.

Мариам кеткенден көп өтпөй, Елисавета уул төрөдү. Төрөттүн жеңил болушу жана Елисаветанын да, баласынын да дени сак болушу кандай гана кубанычтуу! Кошуналарына жана тууган-тушкандарына Елисавета ымыркайды көрсөткөндө, алар кошула кубанычка батышты.

Израилде, Кудайдын Мыйзамы боюнча, бала төрөлгөнүнөн сегиз күн өткөндөн кийин сүннөткө отургузулушу керек. Ошо себептен жоро-жолдоштору жана тууган-туушкандары келишет. Алар баланын ысмы атасыныкындай Захария деп коюлушу керектигин айтышат. Бирок Елисавета: «Жок! Анын ысмы — Иоанн болот»,— деп, сөзгө аралашат. Балага так ушундай ат коюу керек экендигин Жебирейил периште айтканын эстесең.

Бирок жоро-жолдоштору: «Сенин урук-тууганыңда андай аттуу эч ким жок»,— деп макул болушпай, анын ордуна колдору менен жаңсап, уулунун ысмын ким деп койгусу келерин баланын атасынан сурашат. Захария тактайча сурайт да, баарын таң калтырып: «Анын ысмы — Иоанн»,— деп жазат.

Ошондон кийин Захария керемет жолу менен кайрадан тилге келет. Ал сүйлөө жөндөмдүүлүгүнөн периштенин Елисавета уулдуу болот деп кабарлаганына ишенбей койгондо ажырап калганы эсиңде чыгар. Захариянын сүйлөп жатканын көргөн кошуналары таң калып, өздөрүнчө: «Бул бала ким болот болду экен?» — деп жатышты.

Захария ыйык рухка толуп: «Израилдин Кудайы Иегова даңкталсын, анткени ал өз элине назарын салып, ага куткаруу берди. Жана кызматчысы Дөөттүн үйүндө биз үчүн куткаруу мүйүзүн көтөрдү»,— деп шаттанат. «Куткаруу мүйүзү» — бул албетте, али төрөлө элек Ыйса Теңир. Ал аркылуу, Захария айткандай, Кудай «бизди душмандарыбыздын колунан куткарып, бизге өмүрүбүздүн бардык күндөрүндө берилгендикте жана адилеттүүлүктө тайманбастан ыйык кызмат кылуу артыкчылыгын берет».

Уулу Иоанндын келечеги жөнүндө Захария мындай дейт: «А сени, ымыркай, Эң Жогоркунун пайгамбары деп аташат, анткени сен Иегованын жолдорун даярдоо үчүн, анын элине күнөөлөрүн кечирүү аркылуу келүүчү куткаруу жөнүндөгү билимди берүү үчүн, анын алдында сен келесиң, анткени Кудайыбыз терең ырайым көрсөттү. Ушу ырайым аркылуу бизге жогору жактан жарык келет, максаты — караңгыда жана өлүм көлөкөсүндө отургандарга жарык берүү, буттарыбызды тынчтыктын жолуна ийгиликтүү багыттоо».

Али күйөөгө чыга элек Мариам ушу кезде Назареттеги үйүнө келет. Кош бойлуу экени билингенде, ал эмне болот болду экен? Лука 1:56—80; 3 Муса 12:2, 3.

▪ Иоанн Ыйсадан канчага улуу?

▪ Иоанндын төрөлгөнүнө сегиз күн болгондо эмне болот?

▪ Кудай өз элине кандайча назарын салды?

▪ Иоанн алдын ала айтылган кайсы ишти аткарышы керек?