Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жума күнү коюлат, жекшембиде мүрзө бош калган болот

Жума күнү коюлат, жекшембиде мүрзө бош калган болот

127-бөлүм

Жума күнү коюлат, жекшембиде мүрзө бош калган болот

ТҮШ эбак оогон. Күн киргенде ишемби, 15-нисан, башталат. Өлгөн Ыйсанын жансыз денеси устунда асылып турат. Ал эми жанындагы эки каракчы али тирүү. Жума күндүн түш оогондон кийинки маалы Даярдык деп аталчу, анткени ал маалда эл ишемби аяктагыча калтырылып койгус иштерин бүтүрүп, тамак-ашын даярдашат.

Келе жаткан ишемби жөн гана ишемби (аптанын жетинчи күнү) эмес. Ал — кош ишемби же «улуу» ишемби. Антип аталышынын себеби 15-нисан, жети күндүк Ачыткысыз нан майрамынын биринчи күнү (ал кайсы күнгө туш келбесин, дайыма ишемби болуп эсептелген), бу саам кадимки ишемби күнгө туш келет.

Кудайдын Мыйзамы боюнча, өлүктөр устунда түнгө калбоого тийиш. Ошондуктан асылып тургандар батыраак өлүшү үчүн, иудейлер Пилаттан алардын буттарын сындыра чаап ийүүнү сурашат. Аскерлер эки каракчынын буттарын сындыра чабышат. Бирок аларга Ыйса эбак өлгөнсүп көрүнгөндүктөн, анын бутун сындырышкан жок. Муну менен: «Анын бир да сөөгү сынбайт»,— деген пайгамбарлык аткарылат.

Ыйсанын өлгөнүнө чындап ынаныш үчүн, аскерлердин бири анын капталын найза менен жара саят. Найза жүрөк тушуна кирип, Ыйсанын денесинен кан менен суу агат. Муну көрүп турган расул Иоанн ошондо: «Алар чанчылгандын Өзүнө карашты»,— деген дагы бир пайгамбарлык аткарылганын айтат.

Синедриондун кадыр-барктуу мүчөсү аримафеялык Жусуп да жазанын аткарылышына көз салып турган болчу. Ал жогорку соттун Ыйсага каршы жүргүзгөн адилетсиз иштерине кошулган эмес. Чынында, Жусуп — Ыйсанын окуучусу. Анысын ачык билдирүүдөн ал коркор эле. Ал эми азыр Ыйсанын денесин алып кетүүгө батынып Пилаттан уруксат сурап барат. Пилат күзөттө турган жүзбашыны чакырып, Ыйсанын өлгөнүн анын оозунан уккандан кийин, өлүктү түшүрүп берүүнү буйрук кылат.

Жусуп денени алат да, аны көргө коюуга даярдап, таза кепинге оройт. Ага Синедриондун дагы бир мүчөсү, Никодим, жардамдашат. Ал да Ыйсага ишенерин буга чейин ачык көрсөтпөгөн, анткени кызмат ордунан кол жууп калуудан коркчу. Бирок азыр ал жүз Рим кадагына (33 килограмм) жакын жыпар жыттуу май менен кымбат алоэнин аралашмасын алып келет. Ыйсанын сөөгүнө алиги жыпар жыттуу заттарды иудейлердин каадасы боюнча сүйкөп, кепинге орошот.

Сөөктү жакын жердеги бакта жайгашкан жардын боорунан казылган Жусуптун жаңы мүрзөсүнө коюшат да, оозун чоң таш менен жаап коюшат. Ишемби баштала электе сөөктү койгонго жетишип калыш үчүн, аны шашылыш даярдашкан эле. Ошондуктан, сыягы, сөөктү даярдоого жардам беришкен Мариам Магдалина менен Кичүү Жакыптын энеси Мариам жыпар жыттуу зат, май алып даярдап коюш үчүн, үйлөрүнө кетүүгө шашылышат. Алар Ыйсанын денесин узагыраак убакытка сактап калыш үчүн, ишембиден кийин жакшылап майлап-даярдайлы деп ойлошот.

Эртеси, ишембиде, диний жетекчилер менен фарисейлер Пилатка жөнөшөт. «Мырза, алиги жалганчынын тирүү кезинде: „Үч күндөн кийин кайра тирилем“,— деп жүргөнүн эстеп келдик. Ошондуктан мүрзөнү үч күнгө чейин кайтарууну буйру: окуучулары келип, аны уурдап кетип, анан элге: „Ал өлгөндөрдөн тирилди!“ — деп айтышпасын. Анда эле акыркысы биринчисинен да өткөн жалганчылык болот»,— дешет алар.

«Сакчыларыңар бар эмеспи,— деп жооп берет Пилат,— баргыла, билгениңердей кайтара бергиле». Алар жөнөп кетишет. Мүрзөнү кайтартууга чара көрүшүп, ташка мөөр бастырышат да, римдик аскерлерге кайтартып коюшат.

Жекшемби күнү таң заарда Мариам Магдалина менен Жакыптын энеси Мариам, Саломия, Иоанна жана башка аялдар, Ыйсанын денесин майлап чыгуу үчүн, мүрзөгө жыпар жыттуу чөп-чар менен майларын көтөрүп келишет. Жолду карай алар: «Эстелүүчү мүрзөнүн оозундагы ташты ким жылдырып берет»,— деп кыжаалат болуп келишет. Бирок мүрзөгө жетишкенде, жер титирегенин жана ташты Иегованын периштеси жылдырып салганын көрүшөт. Сакчылар жок, мүрзө да бош калган! Матфей 27:57—28:2; Марк 15:42—16:4; Лука 23:50—24:3, 10; Иоанн 19:14, 31Иоанн 20:1; Иоанн 12:42; 3 Муса 23:5—7; 5 Муса 21:22, 23; Забур 34:20 [33:21]; Захария 12:10.

▪ Эмнеден улам жума күнү Даярдык деп аталчу жана «улуу» ишемби деген эмне?

▪ Ыйсанын денеси тууралуу кандай пайгамбарлыктар аткарылды?

▪ Ыйсанын сөөгүн коюш үчүн, Жусуп менен Никодим эмне кылышкан жана алардын Ыйса менен кандай байланышы бар эле?

▪ Дин кызматчылар Пилатка кандай өтүнүч менен кайрылышат жана алар кандай жооп алышат?

▪ Жекшемби күнү таңда эмне болот?