Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүзбашынын күчтүү ишеними

Жүзбашынын күчтүү ишеними

36-бөлүм

Жүзбашынын күчтүү ишеними

ЫЙСА Тоодогу насаатын жердеги кызматына бөлүнгөн убакытынын дээрлик жарымы өтүп калганда айткан. Демек, жерде жүргөндө бүтүрүүчү иштерин аякташына анда болгону бир жыл тогуз айча калды.

Ыйса кызмат кылуусуна таяныч пункт болуп берүүчү Капернаум шаарына келет. Ал жерден ага иудей аксакалдары өтүнүч менен кайрылышат. Аларды бутпарас адам, тактап айтканда, иудей улутунан болбогон Рим аскеринин жүзбашы жиберген.

Жүзбашынын сүйүктүү кызматчысы катуу ооруп, өлүм алдында жаткан эле, ошондуктан жүзбашы Ыйсанын аны айыктырышын каалайт. Иудейлер болсо жүзбашы үчүн Ыйсадан: «Сенин бул ишти кылышыңа ал татыктуу, анткени ал элибизди сүйөт жана биз үчүн синагога куруп берген»,— деп аябай өтүнүшөт.

Ыйса ошол замат тигил кишилер менен кошо жөнөйт. Бирок алар үйгө жакындап калганда, жүзбашы: «Мырза, убараланбай эле кой, анткени үйүмө киришиңе мен татыксызмын. Ошон үчүн сага барганга өзүмдү татыксыз көрдүм»,— деп айттыртыш үчүн досторун алардын алдына жиберет.

Башкаларга буйрук бергенге көнүп калган жүзбашы кандай гана момундук көрсөткөн! Бирок ал Ыйса үчүн да тынчсызданса керек, анткени, салт боюнча, иудейлер иудей эместер менен сүйлөшпөшү керек экенин билчү. Атүгүл Пётр да бир жолу: «Иудейге ата-теги башка адам менен мамиле түзүүгө же ага жакын барууга тыюу салынарын силер жакшы билесиңер»,— деп айткан.

Кыязы, жүзбашы ошол салт бузулуп калып, залакасы Ыйсага тийишин каалабаган көрүнөт, ошон үчүн ал өтүнүчүн достору аркылуу айттырат: «Сөз айтып эле койчу, кызматчым айыгып кетсин. Анткени мен да бийлик алдындагы адаммын, ошентсе да кол алдымдагы жоокерлердин бирине: „Бар!“ — десем, ал барат, башкасына: „Кел!“ — десем, ал келет, ошондой эле кулума: „Муну жаса!“ — десем, ал жасайт».

Бул сөздөрдү угуп, Ыйса таң калат. «Чынын айтам силерге,— дейт Ыйса,— мындай күчтүү ишенимди Израилде бир да адамдан тапкан эмесмин». Ыйса жүзбашынын кызматчысын айыктыргандан кийин, учурдан пайдаланып, чындыкты кабыл албаган иудейлер ажыраган бата чындыкты кабыл алган иудей эместерге берилерин түшүндүрөт.

«Көптөр чыгыш менен батыштан келишет,— дейт Ыйса,— жана асман падышалыгында Ибрайым, Исак, Жакыптар менен бирге үстөл тегеректеп жамбаштап жатышат, ал эми падышалыктын уулдары караңгылыкка ыргытылат. Ал жакта алардын ыйы жана тиш кычыратуусу болот».

«Караңгылыкка ыргытыла» турган «падышалыктын уулдары» — Машайык менен бирге падышалык кылуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тарткан иудейлер. Падышалык кылуу артыкчылыгы биринчи кезекте аларга сунуш кылынган болчу. Ал эми Ибрайым, Исак жана Жакыптар — Кудайдын Падышалык түзүлүшүн билдирет. Мына ушундайча Ыйса бутпарастардын, каймана тил менен айтканда, «Асман Падышалыгында» жамбаштап жатууга чакырыларын көрсөткөн. Лука 7:1—10; Матфей 8:5—13; Расул 10:28.

▪ Эмне үчүн иудейлер бутпарас жүзбашы үчүн өтүнүшөт?

▪ Жүзбашы Ыйсаны кайсы себептен улам үйүнө чакырбаганын кандайча түшүндүрсө болот?

▪ Акыркы сөздөрү менен Ыйса эмнени айткысы келген?