Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүзүмдүк жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалдардын жардамы менен ашкерелөө

Жүзүмдүк жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалдардын жардамы менен ашкерелөө

106-бөлүм

Жүзүмдүк жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалдардын жардамы менен ашкерелөө

ЫЙСА ийбадатканада. Эми эле ал бардыгын кайсы бийлик менен кылып жатканын түшүндүрүп бер деп талап кылган диний жетекчилердин ооздорун жап кылды. Алар баш-аягын жыйгыча эле, Ыйса: «Кандай деп ойлойсуңар?» — дейт. Анан алардын кандай адамдар экенин билдирүү үчүн, көрсөтмөлүү мисал келтирет.

— Бир кишинин эки уулу болуптур. Ал биринчисине келип: „Уулум, бүгүн жүзүмдүккө барып иштеп кел“,— дейт. Тиги болсо: „Барайын, таксыр“,— деп жооп берет, бирок барбайт. Экинчисине барып ал дагы эле ошону айтат. Тигиниси болсо: „Барбаймын“,— дейт. Бирок кайра айткан жообуна өкүнүп, иштегени барат. Экөөнүн кайсынысы атасынын эркин аткарды? — деп сурайт Ыйса.

— Акыркысы,— деп жооп беришет анын каршылаштары.

— Чынын силерге айтам,— дейт Ыйса,— салык жыйноочулар менен бузуку аялдар Кудайдын падышалыгына силерден мурун баратышат.

Салык жыйноочулар менен бузуку аялдар башында Кудайга кызмат кылуудан баш тартышкан. Бирок кийин экинчи уулдай болуп, өкүнүшүп, Кудайга кызмат кыла башташат. Ал эми диний жетекчилер болсо, биринчи уулдай болуп, адегенде Кудайга кызмат кылабыз дешкен, бирок, Ыйса айткандай, сөзүндө турушкан жок: «Силерге Иоанн [Чөмүлдүрүүчү] адилет жолу менен келди, бирок ага ишенген жоксуңар. Бирок салык жыйноочулар менен бузуку аялдар ага ишеништи, ал эми силер муну көрдүңөр, бирок ал тууралуу кийин өкүнгөн жоксуңар жана ага ишенбедиңер».

Андан кийин Ыйса диний жетекчилердин катасы Кудайга кызмат кылбай коюшканында гана эмес экенин көрсөтөт. Алар, анысы аз келгенсип, чындап эле каардуу, жаман адамдар. «Жүзүмдүк отургузган бир киши, үй ээси, болуптур,— дейт Ыйса,— ал жүзүм отургузуп аны айландыра тосуп, жүзүмдүгүнүн ичине жүзүм сыгууга чуңкур казып жана мунара салат, андан кийин аны жүзүмчүлөргө ижарага берет да, башка өлкөгө жөнөп кетет. Түшүм жыйноо маалы келгенде, ал өзүнүн түшүмүн алыш үчүн, жүзүмчүлөргө кулдарын жиберет. Бирок жүзүмчүлөр анын кулдарын кармап алышып, бирин токмоктошту, экинчисин өлтүрүштү, дагы башкасын ташбараңга алышты. Ал дагы башка, мурункусунан да көбүрөөк, кулдарын жиберет, бирок тигилер аларга да ошондой мамиле кылышат».

«Кулдар» — пайгамбарларды билдирет. Аларды «үй ээси», Иегова Кудай, өзүнүн жүзүмдүгүндөгү жүзүмчүлөрүнө жиберген болчу. Ал эми жүзүмчүлөр — израиль элинин жетектөөчү өкүлдөрү, а израиль эли болсо, Ыйык Китепте айтылгандай, Кудайдын жүзүмдүгү.

«Жүзүмчүлөр» «кулдарды» уруп-сабап, өлтүрүшкөндүктөн, Ыйса мындай деп айтат: «Акырында ал [үй ээси]: „Уулума алар сый мамиле кылышат“,— деп айтып, аларга өз уулун жиберет. Жүзүмчүлөр анын уулун көрүшүп, бири-бирине: „Бул — мурасчы; жүргүлө, аны өлтүрүп, мурасын ээлеп алалык!“ — дешет. Алар аны кармап алышып, жүзүмдүктөн ары сүйрөп чыгып, өлтүрүп салышат».

Ыйса диний жетекчилерден:

— Ошентип, жүзүмдүктүн ээси келгенде, тиги жүзүмчүлөрдү эмне кылат? — деп сурайт.

— Бул каардуу адамдарды ал ырайымсыз өлүмгө берет,— дейт диний жетекчилер,— ал эми жүзүмдүгүн болсо өз убагында түшүмүн ага берип туруучу башка жүзүмчүлөргө ижарага берет.

Мына ушундайча диний жетекчилер, өзүлөрү каалабай туруп, өздөрүнө өкүм чыгарып жатат. Анткени алар да Иегованын «жүзүмдүгүндө», башкача айтканда, израиль элинде, израилдик «жүзүмчүлөрдүн» катарына киришет. Ал жүзүмчүлөрдөн Иегова күтүп жаткан түшүм — анын Уулуна, чыныгы Мессияга, ишенүү. Бирок алар андай түшүм алып келишкен жок, ошондуктан Ыйса аларга: «Силер эмне Жазмадан [Забур 117:22, 23]: „Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды. Бул Иеговадан жана биздин көз алдыбызда таң калыштуу“,— дегенди эч качан окуган жок белеңер? Ошондуктан силерге айтарым: Кудайдын падышалыгы силерден алынып, анын түшүмдөрүн берүүчү элге берилет. Ошондой эле ким бул ташка жыгылса, анын таш-талканы чыгат. Ал эми бул таш кимдин үстүнө түшсө, ал жанчылат»,— деп эскертет.

Китепчилер менен диний жетекчилер Ыйсанын алар тууралуу айтып жатканын эми түшүнүштү, ошон үчүн аны, мыйзамдуу «мурасчыны», өлтүрүүнү каалашат. Ошондуктан ал элден Кудайдын Падышалыгында бийлик кылуу укугу алынат жана тиешелүү түшүм бере турган «жүзүмчүлөрдүн» жаңы эли түзүлөт.

Диний жетекчилер Ыйсаны ошол замат өлтүрүүгө батына алышпайт, анткени аны пайгамбар деп ишенишкен элден коркушат. Матфей 21:28—46; Марк 12:1—12; Лука 20:9—19; Исаия 5:1—7.

▪ Ыйсанын биринчи көрсөтмөлүү мисалындагы эки уул кимдерди билдирет?

▪ Экинчи көрсөтмөлүү мисалдагы «үй ээси», «жүзүмдүк», «жүзүмчүлөр», «кулдар» жана «мурасчы» кимдерди билдирет?

▪ «Жүзүмчүлөр» эмне болушат жана алардын ордун кимдер ээлешет?