Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүзүм багындагы жумушчулар

Жүзүм багындагы жумушчулар

97-бөлүм

Жүзүм багындагы жумушчулар

«БИРИНЧИ болгон көптөр — акыркы, ал эми акыркылар — биринчи болушат»,— деп Ыйса жаңы эле айтты. Эми ошол сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп бериш үчүн, бир окуяны айтып берет. «Асман падышалыгы,— деп баштайт ал сөзүн,— жүзүмдүгүнө жумушчуларды жалдоо үчүн, таң заарда чыккан адамга, үй ээсине, окшош».

Андан ары Ыйса: «Жумушчулар менен бир күнгө бир динардан макулдашып алып, [үй ээси] аларды жүзүмдүгүнө жиберет. Анан ал саат үчтөрдө чыгып, базар аянтында жумушсуз турган дагы башкаларды көрөт; аларга да: „Силер да жүзүмдүккө баргыла, анан силерге тиешелүүсүн берем“,— дейт. Ошентип, алар жөнөшөт. Ал кайрадан саат алтыларда жана тогуздарда чыгып, дагы ошондой кылат. Акырында, саат он бирлерде чыгып, ал башка жумушсуз тургандарды табат жана аларга минтип айтат: „Силер эмнеге эртеден бери жумушсуз турасыңар?“ Алар: „Анткени бизди эч ким жалдаган жок“,— деп жооп беришет. Ал аларга: „Анда силер да жүзүмдүккө баргыла“,— дейт».

Үй ээси же жүзүмдүктүн кожоюну — бул Иегова Кудай, ал эми жүзүмдүк — израиль эли. Жүзүмдүктө иштеген жумушчулар болсо Мыйзам келишиминде тургандар, биринчи кезекте, расулдардын убагында жашаган иудейлер. Эмгек акы бир күн толук иштегендер менен гана макулдашылган жана бир күндүк жумуш үчүн бир динар төлөнмөк. «Саат үч» эртең мененки тогуз болгондуктан, берки саат 3, 6, 9 жана 11лерде жалдангандар болгону 9 саат, 6 саат, 3 саат жана 1 эле саат иштешет.

Он эки саат иштеген жумушчулар, башкача айтканда, толук бир күнгө жалдангандар бардык убакта диний кызматта жүргөн иудей жетекчилерин билдирет. Алардан айырмаланып, Ыйсанын окуучулары жашоолорунун көп убактысын балыкчылык менен же башка жумуш менен өткөрүшкөн. Болгону 29-жылы күзүндө «үй ээси» Ыйса Машайыкты аларды өзүнүн окуучулары катары чогултушу үчүн жиберген болчу. Мына ошондой мааниде алар «акыркылар» же саат 11лерде жалданган жумушчулар болуп калышты.

Акырында, Ыйса өлгөндө, каймана маанидеги иш күнү аяктап, жумушчуларга эмгек акысын төлөп бере турган убак келет. Акчаны төлөп берүү адаттагындан башкача жүргүзүлөт, анткени акчаны адегенде аягында жалдангандар алышат. Муну төмөндөгү сөздөрдөн байкасак болот: «Кеч киргенде жүзүмдүктүн ээси ишти башкаруучуга мындай дейт: „Жумушчуларды чакыр да, акыркысынан баштап, биринчисине чейин эмгек акыларын төлөп бер“. Саат он бирлерден баштап иштегендердин ар бири бирден динар алат. Биринчилер болсо келип, көп алабыз деп ойлошот, бирок алар да бирден динар алышат. Алар эмгек акысын алышкандан кийин үй ээсине нараазы болуп, мындай дешет: „Бул акыркылар бир саат иштешти, а сен аларды бизге, күндүн кыйынчылыгы менен ысыгын башынан өткөргөндөргө, теңеп салдың!“ Бирок үй ээси алардын бирине жооп кылып: „Дос, мен сага адилетсиз мамиле кылган жокмун. Сен мени менен бир динарга макулдашпадың беле? Өзүңдүкүн алгын да кете бер. А мен бул акыркыга сага канча берсем, ошончо бергим келип жатат. Эмне, өзүмө караштуу нерсемди каалаганымдай жумшоого акым жокпу? Же менин ак көңүлдүгүмдү көрө албай жатасыңбы?“ — дейт. Ыйса аягында: «Ошентип, акыркылар — биринчи, биринчилер акыркы болушат»,— деп кайталайт.

Динар Ыйса өлгөндө эмес, а 33-жылдын Эгин оруп-жыюу майрамында Машайык, «башкаруучу», окуучуларына ыйык рух бергенде төлөнөт. Ыйсанын окуучулары «акыркылар» же саат он бирлерде жалданган жумушчулар сыяктуу. Динар ыйык рухтун өзүн билдирбейт. Ал Ыйсанын окуучулары жерде колдонушу керек болгон нерсени — алардын тиричилик каражаты жана түбөлүк өмүрү эмнеден көз каранды болсо, ошону — билдирет. Динар — Кудайдын Падышалыгын кабарлоо үчүн рухий Израилге, майлангандар тобуна, кирүү артыкчылыгын билдирет.

Көп өтпөй биринчи жалдангандар Ыйсанын окуучулары эмгек акыларын алышканын байкашат жана алардын каймана маанидеги динарды кандайча колдонуп жатышканын көрүшөт. Бирок биринчи жалдангандар ыйык рухтан да чоң нерсени каалашат жана Падышалык ишиндеги ыйык рухту алуу менен байланышкан милдеттерден да көптү алууну эңсешет. Алардын нааразы болгону жана каршылык көрсөткөнү Машайыктын окуучуларын, жүзүмдүккө «акыркы» болуп келген жумушчуларды, куугунтуктаганы менен көрсөтүлөт.

Ыйсанын бул көрсөтмөлүү мисалы биринчи жүз жылдыкта гана аткарылды беле? Жок, XX кылымда христиан дүйнөсүнүн духовенствосунун өкүлдөрү ээлеген абалы жана жоопкерчиликтери боюнча Кудайдын каймана маанидеги жүзүмдүгүндө иштөөгө «биринчилерден» болуп жалданган. Алар Кудайга кызмат кылууда кандайдыр бир маанилүү ишти тапшырууга татыктуу боло турган берилген кабарчыларды — Күзөт Мунарасы Коому менен кызматташкандарды — «акыркылар» деп эсептешкен. Бирок дал ошо духовенство тараптан жек көрүндү болгондор динар алышкан, алар Кудайдын асман Падышалыгынын рух менен майланган элчилери катары кызмат кылуу артыкчылыгына татыктуу болушту. Матфей 19:30—20:16.

▪ Жүзүмдүк эмнени билдирет? Жүзүмдүктүн ээси менен 12 жана 1 саат иштеген жумушчулар кимдерди билдирет?

▪ Символдук иш күнү качан аяктаган жана эмгек акысы качан төлөнгөн?

▪ Динарды төлөө эмнени билдирет?