Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Зулум адамдан качуу

Зулум адамдан качуу

8-бөлүм

Зулум адамдан качуу

ЖУСУП шашылыш кабар угузуу үчүн Мариамды ойготот. Эми эле Иегованын периштеси келип, ага минтип айткан: «Тур, баланы жана анын энесин ал да, Египетке кач, мен сага кабар бергенге чейин ошол жакта кал, анткени Ирод баланы өлтүрүү үчүн издегени жатат».

Алар токтоосуз түрдө качып жөнөшөт. Буга алар өз убагында үлгүрүп калышты, себеби Ирод астрологдор аны алдап, өлкөсүнөн чыгып кеткенин билип калган болчу. Эсиңдедир, астрологдор Ыйсаны тапкандан кийин, бул тууралуу Иродго да билдирип коюшу керек болчу. Ироддун каары кайнап чыгат. Ал Ыйсаны өлтүрүү максатында Вифлеемдеги жана анын аймагындагы эки жашка чейинки бардык эркек балдарды өлтүрүүгө буйрук берет. Балдардын жашын Ирод Чыгыштан келген астрологдордун билдирүүсүнүн негизинде эсептеп билген.

Кичинекей балдардын өлтүрүлүп жатканын көрүү — кандай гана үрөй учурарлык нерсе! Ироддун жоокерлери үйдөн үйгө атырылып киришип, эркек бала табары менен, аны энесинин колунан жулуп алып жатышты. Алар канча бала өлтүрүшкөнүн билбейбиз, бирок энелердин өкүрүгү жана зар какшоосу менен Кудайдын пайгамбары Иеремиянын Ыйык Китепте жазылган пайгамбарлыгы аткарылды.

Жусуп болсо, үй-бүлөсү менен Египетке аман-эсен жетип, ошол жерде калат. Бирок бир жолу түнүчүндө Иегованын периштеси Жусупка түш аркылуу кайрадан көрүнөт. «Тур, баланы жана анын энесин ал да, Израиль жерине жөнө,— дейт периште,— анткени баланын жанын издегендер өлдү». Мына ушундайча үй-бүлө мекенине кайтат да, ошонун аркасында Кудай Уулунун Египеттен чакырылышы тууралуу дагы бир ыйык китептик пайгамбарлык аткарылат.

Жусуп Египетке качканга чейин жашаган жери Иудеяга, Вифлеем шаарына, отурукташайын десе керек. Бирок Иудеяда Ироддун ырайымсыз уулу Архелай падышалык кылып жатканын Жусуп билип калат. Ошондой эле анын дагы бир жолку түшүндө Иегова да коркунуч тууралуу эскертет. Ошондуктан Жусуп үй-бүлөсү менен түндүктү көздөй Галилеяга, Назарет шаарына, жөнөйт. Ушул жерде, иудейлердин диний жашоосунун борборунан алыстыкта, Ыйса чоңоёт. Матфей 2:13—23; Иеремия 31:15; Осия 11:1.

▪ Ирод астрологдордун кайтып келбегенин билген соң, азат бойду дүркүрөткөн кандай буйрук берет жана Ыйса кандайча корголот?

▪ Жусуп үй-бүлөсү менен Египеттен кайтканда эмне үчүн Вифлеемге барган жок?

▪ Ошол убакта ыйык китептик кайсы пайгамбарлыктар аткарылган?