Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иаирдин үйүнөн кайрадан Назаретке жөнөйт

Иаирдин үйүнөн кайрадан Назаретке жөнөйт

48-бөлүм

Иаирдин үйүнөн кайрадан Назаретке жөнөйт

БУЛ күнү Ыйса көп иш бүтүрдү: ал Он шаардан Капернаумга кайык менен келип, кан агуудан жабыркаган аялды айыктырды жана Иаирдин кызын тирилтти. Бирок ал күн али аяктай элек. Ыйса Иаирдин үйүнөн кетип баратканда, артынан эки сокур киши ээрчип: «Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыл»,— деп кыйкырышат.

Ыйсаны «Дөөттүн Уулу» деп атоо менен булар Ыйсанын Дөөттүн тактысынын мурасчысы экенине, демек, анын келечекте Мессия болоруна да ишенимдерин көргөзүп жатышат. Бирок Ыйса алардын өтүнүчүнө маани бербегендей болуп коёт, балким, ишенимдерин сынагысы келсе керек. Сокур кишилер анысына да карабайт. Алар Ыйсаны ээрчип, ал токтогон үйгө чейин барышат жана ал үйгө киргенде, тигилер да артынан киришет.

Ыйса алардан:

— Муну кыла аларыма ишенесиңерби? — деп сурайт.

— Ооба, Эге,— деп алар ишенимдүү жооп беришет.

Ыйса алардын көздөрүнө колун тийгизет да: «Силерге ишенгениңерге жараша болсун»,— дейт. Ошо замат алардын көздөрү ачылат! Ыйса болсо: «Байкагыла, муну эч ким билбегендей болсун»,— деп экөөнө катуу буйрук берет. Бирок алар ушунчалык кубангандыктан, Ыйсанын буйругуна көңүл бурбай, ал тууралуу аймактагы бүт айылдарга жар салып киришет.

Айыккан кишилер кеткенден кийин, Ыйсага жин-пери ээлеп алып, дудук кылып салган кишини алып келишет. Ыйса жин-перини кууп чыгарар замат, тиги киши тилге келет. Бул кереметтерди көргөн адамдар таң калышып: «Мындайды Израилден эч качан көргөн эмеспиз»,— деп жатышты.

Болуп жаткандарды фарисейлер да байкап турушкан. Албетте, алар жасалган кереметтерди жокко чыгара алышпайт. Бирок алар атайылап эле ишенүүнү каалабагандыктан, кайра эле Ыйсаны жасаган кереметтери Кудайдан эмес деп күнөөлөшүп: «Ал жин-перилерди алардын башчысынын жардамы менен кууп чыгарып жатат»,— дешет.

Бул окуялардан кийин Ыйса Назаретке жол тартат, ушу жолкусунда аны менен кошо шакирттери да барат. Ал өз шаарынын синагогасында окутканынан бери бир жылдай өтүп кетти. Адегенде угуучулары Ыйсанын айткандарына суктанышкан, андан кийин алар анын сөздөрүнөн өздөрүн кемсинтилгендей сезишип, өлтүргүлөрү келишкен. Эми болсо Ыйса боорукерлик көрсөтүп, дагы бир жолу өзүнүн мурунку кошуналарына жардам берүүгө аракет кылып жатат.

Ыйса башка жерлерде жүргөндө ага эл топтолуп келчү, бирок бул жерде, сыягы, андай болгон жок. Ошон үчүн ал ишемби күнү синагогага барып элди окутат. Ыйсанын угуучуларынын көбү таң калышып: «Мындай зор иштерди жасаганга акылмандык менен күчтү ал кайдан алган? Ал жыгач устанын уулу эмеспи? Анын энесинин аты Мариам, бир туугандарыныкы Жакып, Жусуп, Симон жана Жүйүт эмеспи? Карындаштары да — баары арабызда жүрбөйбү? Мунун баарын ал кайдан алган?» — деп жатышты.

Алар Ыйсаны жөнөкөй эле адам катары көрүшөт: Ыйса алардын көз алдында чоңойгон, бир туугандарын болсо билишет. Анан кайдан жүрүп эле Мессия болуп калсын? Бардык далилдерге — анын акылмандыгына жана кереметтерине — карабастан аны четке кагышат. Атүгүл үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү да, тууганчылык мамиледе болгондуктан, Ыйсага ишенишпейт. Ошондуктан Ыйса: «Өз мекенин, туугандарын, өз үйүн эсепке албаганда, пайгамбарга урмат-сый көрсөтүлбөй койбойт»,— деген тыянакка келет.

Ооба, Ыйса алардын ишенбегендерине таң калат. Ал Назаретте бир нече эле адамды колун коюп айыктырат да, мындан ары ал жерде бир да керемет жасабайт. Матфей 9:27—34; 13:54—58; Марк 6:1—6; Исаия 9:7.

▪ Сокурлардын Ыйсаны «Дөөттүн Уулу» деп атаганы эмнени билдирип турат?

▪ Фарисейлер Ыйсанын кереметтери эмненин аркасында жасалып жатат деп түшүндүрүп беришет?

▪ Эмне себептен Ыйсанын мурунку кошуналарына жардам берүү үчүн Назаретке кайра баруусун боорукерлик көрсөткөн деп айтсак болот?

▪ Ыйсаны Назаретте кандай тосуп алышат жана эмне үчүн?