Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иеговага болгон сыйынууга карата ынтаа

Иеговага болгон сыйынууга карата ынтаа

16-бөлүм

Иеговага болгон сыйынууга карата ынтаа

ЫЙСАНЫН уялаш инилеринин ысымдары — Жакып, Жусуп, Симон жана Жүйүт. Алар Ыйса жана анын окуучулары менен Галилея деңизинин боюнда жайгашкан Капернаум шаарына барардан мурун, кыязы, керектүү оокаттарын чогултуш үчүн, үйүнө, Назаретке жөнөшөт.

Эмне себептен Ыйса кызматын Кана шаарында же Назаретте, же Галилеянын башка бир адырлуу жерлеринде улантпастан, Капернаумга жол тартты? Биринчиден, Капернаум — бир топ чоң, ары ыңгайлуу жайгашкан шаар, экинчиден, Ыйсанын жаңыдан эле чогултулган окуучуларынын көбү Капернаумда же анын тегерегинде жашашат. Ушул жагын эске алганда, алар үйлөрүнөн алыс кетпей эле, Ыйсадан таалим ала алышат.

Бир нече айдан кийин Ыйса, өзү ырастагандай, Капернаумда бир топ кереметтерди жасайт. Бирок андан көп өтпөй, Ыйса окуучулары менен кайрадан жолго чыгат. Б.з. 30-жылынын жаз айы, эми алар Пасах майрамына катышуу үчүн Иерусалимге жөнөшөт. Окуучулары Иерусалимден Ыйса жөнүндө буга чейин биле элек нерселерди билишет.

Кудайдын Мыйзамына ылайык, израилдиктер жандыктардан курмандык алып келиши керек. Ушуга байланыштуу соодагерлер Иерусалимде жаныбарларды жана канаттууларды сатышат. Бирок алар соодаларын ийбадаткананын так өзүндө, болгондо да, кымбат баа сурашып, элди алдоо жолу менен жүргүзүшүүдө.

Мындай көрүнүш Ыйсаны абдан ачуулантат. Ал аркандан камчы жасайт да, соодагерлерди сыртка кубалайт жана акча алмаштыруучулардын тыйындарын чачып, үстөлдөрүн көмкөрөт. Көгүчкөн саткандарга ал каардануу менен: «Алгыла мунуңарды бул жерден! Атамдын үйүн соода үйүнө айландырганыңарды токтоткула!» — дейт.

Муну көрүп, Ыйсанын окуучулары Кудайдын Уулу тууралуу: «Сенин үйүңө болгон ынтаам мени кыйнайт»,— деген пайгамбарлыкты эстешет. Ал эми иудейлер Ыйсадан: «Мындай иш кылат экенсиң, анда бизге кандай жышаан көрсөтөсүң?» — деп сурашат. Ыйса аларга: «Бул ийбадаткананы кыйраткыла, мен аны кайра үч күндө тургузамын»,— деп жооп кайтарат.

Иудейлер Ыйсаны кадимки ийбадаткана тууралуу айтып жатат деп ойлошот да, андан: «Бул ийбадаткананы кырк алты жылда курушкан, а сен муну үч күндө кайра тургузасыңбы?» — деп сурашат. Бирок Ыйса өзүнүн денесинин ийбадатканасы тууралуу айткан. Үч жылдан кийин, ал өлүмдөн тирилгенде, окуучулары анын айткан сөздөрүн эстешет. Иоанн 2:12—22; Матфей 13:55; Лука 4:23.

▪ Канадагы үйлөнүү тоюнан кийин Ыйса каякка жол тартат?

▪ Эмне себептен Ыйсанын ачуусу келет жана ал эмне кылат?

▪ Ыйсанын окуучулары анын кылган иштеринен улам эмнени эстешет?

▪ «Бул ийбадаткана» тууралуу Ыйса эмне дейт жана аны менен эмнени айткысы келген?