Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иерусалимдеги жыл сайын өткөрүлүүчү майрамдар

Иерусалимдеги жыл сайын өткөрүлүүчү майрамдар

10-бөлүм

Иерусалимдеги жыл сайын өткөрүлүүчү майрамдар

ЖАЗ келди. Жыл сайын ушул маалда Жусуптун үй-бүлөсү туугандары жана жоро-жолдоштору менен Пасах майрамын белгилөө үчүн Иерусалимге жөнөйт. Иерусалим Назареттен болжол менен 100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Албетте, жол жүрүүнүн алдында элдин көңүлү кадыресе көтөрүңкү болот. Бул жылы Ыйса 12 жашта жана майрамды ал өзгөчө кызыгуу менен күтүүдө.

Пасах майрамы Ыйса жана анын үй-бүлөсү үчүн бир эле күндө бүтчү нерсе эмес. Иерусалимде алар Пасах майрамынын бөлүгү болуп саналган, жети күнгө созулуучу Ачыткысыз нан майрамын белгилөө үчүн да калышат. Демек, Назареттен Иерусалимге барып, майрамга катышып, кайра Назаретке келүү үчүн жолго эки жумадай убакыт кетет. Бирок бул жылы Ыйсага байланыштуу жолго андан да көбүрөөк убакыт кетти.

Иерусалимден кайтып келатканда күтүлбөгөн окуя болот. Жусуп менен Мариам Ыйсаны чогуу жол тартып келаткан туугандарынын жана жоро-жолдошторунун арасында деп ойлошот. Бирок түнөккө токтогон маалда да Ыйса көрүнбөгөндүктөн, экөө аны алар менен кошо келаткандардын арасынан издей башташат. Тилекке каршы, Ыйса эч жерде жок. Ошентип, Жусуп менен Мариам кайра Иерусалимге жөнөшөт да, аны ошол жактан издешет.

Алар Ыйсаны бир күн кечке издешет, бирок эч кандай натыйжа чыкпайт. Кийинки күнү да табышпайт. Акыры, үчүнчү күнү алар ийбадаткананы көздөй жөнөшөт. Ал жерге барышса, бөлмөлөрдүн биринде Ыйса иудей окутуучуларынын ортосунда аларды угуп жана суроо берип отурган болот.

«Уулум, бул эмне кылганың? — деп сурайт Мариам.— Атаң экөөбүз дүрбөлөңгө түшүп, сени издеп жүрбөдүкпү».

Ыйса алардын аны каяктан издешти билишпегенине таң калат. «Мени эмне үчүн издешиңер керек эле? — деп сурайт ал.— Менин Атамдын үйүндө болушум керек экенимди билген жок белеңер?»

Ата-энесинин муну билишпегенине Ыйса түшүнбөй жатты. Ошентсе да Ыйса алар менен үйгө жөнөйт жана аларга болгон баш ийүүсүнөн жазбайт. Ал чоңойгон сайын акыл-эске толуп, Кудайга да, адамдарга да сүйкүмдүү болду. Ооба, бала кезинде эле Ыйса рухийликке умтулуу жагынан гана эмес, ата-энени сыйлоо жагынан да сонун үлгү көрсөткөн. Лука 2:40—52; 22:7.

▪ Жыл сайын жазында Ыйсанын үй-бүлөсү каякка барчу жана буга канча убакыт кетчү?

▪ Алар Иерусалимден кайтып келатканда, 12 жашар Ыйсага байланыштуу кандай окуя болот?

▪ Ыйса азыркы жаштарга кандай үлгү көрсөткөн?