Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ийбадатканадагы кызмат аяктады

Ийбадатканадагы кызмат аяктады

110-бөлүм

Ийбадатканадагы кызмат аяктады

ЫЙСА ийбадатканага акыркы жолу келди. Үч күндөн кийин боло турган сотуна жана өлүм жазасына байланышкан окуяларды кошпогондо, анын ушуну менен жердеги кабар айтуу кызматы аяктайт. Азыр болсо Ыйса китепчилер менен фарисейлерди катуу айыптайт.

Ал бийик үн менен дагы үч жолу: «Кайгы силерге, китепчилер менен фарисейлер, эки жүздүүлөр!» — дейт. Анын биринчи жолу «кайгы» дегенинин себеби фарисейлер менен китепчилер «чөйчөк менен табактын сыртын тазалап жатышат, ал эми алардын ичи уурулукка жана ченемсиздикке толгон». Ыйса: «Алардын сырты да таза болушу үчүн, адегенде чөйчөк менен табактын ичин тазала»,— деп кеңеш берет.

Ыйса экинчи жолу «кайгы» деп, китепчилер менен фарисейлердин рухий жактан чирип, ичинен бузулуп кетишкендиги үчүн айткан, бирок алар анысын жасалма такыбаалыгы менен жапканга аракет кылышат. Ошондуктан Ыйса: «Силер акталган, сыртынан кооз болуп көрүнгөн, бирок ичи өлүктөрдүн сөөгүнө жана ар кандай ыпыластыкка толгон мүрзөлөргө окшошсуңар»,— дейт.

Акыркысы болсо, алардын эки жүздүүлүгү өздөрүнүн кылган жакшылык иштерине көңүл бурдуруу үчүн, пайгамбарларга мүрзө салышып, аларды жасалгалашканы менен көрсөтүлөт. Бирок, Ыйса айткандай, алар — «пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн уулдары». Ооба, чындап эле ошондой, анткени алардын эки жүздүүлүгүн ашкерелеген ар бир адамды коркунуч күтүп турат.

Ыйса аларды курч сөздөр менен ашкерелегенин улантып: «Чаар жылан тукумдары, геенна сотунан кантип кутуласыңар?» — дейт. Геенна деп Иерусалимдин тургундары таштандыларын ыргытып жүргөн өрөөндү аташат. Демек, Ыйса каардуу китепчилер менен фарисейлер түбөлүккө жок боло турганын айтып жатат.

Ыйса анын өкүлдөрү катары жиберилгендерге фарисейлердин кандай мамиле жасаганы тууралуу: «Алардын айрымдарын өлтүрүп, устунга кадайсыңар, айрымдарын болсо синагогаларыңарда уруп-сабап, шаардан шаарга куугунтуктайсыңар; жер үстүндөгү бардык такыбаалардын төгүлгөн каны, такыбаа Авелдин канынан тартып ийбадаткана менен курмандык жайдын ортосунда өлтүрүлгөн Варахийдин [2 Тарых китебинде Иодай деп аталат] уулу Захариянын канына чейин силердин башыңарга түшсүн. Чынын силерге айтам: булардын баары ушул муундун башына түшөт»,— деп айтат.

Захария израиль жетекчилерин катуу айыптагандыктан, алар «ага каршы уюшуп, падышанын буйругу боюнча, аны Иегованын үйүнүн короосунда ташбараңга алышкан». Ыйсанын айтканына караганда, Израиль бардык такыбаалардын төгүлгөн каны үчүн жооп берет. Алардан өч алуу күнү 37 жылдан кийин, 70-жылы, келет. Ал жылы Рим аскерлери Иерусалимди талкалашып, миллиондон ашык иудейлерди өлтүрүшөт.

Ыйса ошолор тууралуу ойлонуп, аябай кайгырат. «Иерусалим, Иерусалим,— дейт ал кайрадан үнүн бийик чыгарып,— балдарыңды, тоок балапандарын канатынын алдына чогулткандай, канча жолу чогулткум келди, бирок силер каалабадыңар! Мына, үйүңөр өзүңөргө ээн калтырылат».

«„Иегованын атынан келатканга бата тийсин!“ — деп айтмайынча мени мындан ары көрбөйсүңөр»,— деп кошумчалайт Ыйса. Ал күн Машайыктын катышуусунда, башкача айтканда, ал асмандагы Падышалыгына келген убакта болот, ошондо адамдар аны ишеним көзү менен көрүшөт.

Буларды айткандан кийин Ыйса ийбадаткананын казынасына адамдардын акча салганы көрүнүп турган жерге барат. Байлар көп-көптөн акча салып жатышты. Бирок бир жакыр жесир аял келип, эң төмөнкү баадагы эки майда тыйын салат.

Ыйса окуучуларын чакырып: «Чынын силерге айтам, бул жакыр жесир аял казына идишине акча салгандардын баарынан көп салды»,— дейт. Муну уккан окуучулары таң калса керек. Андыктан Ыйса аларга: «Бардыгы өздөрүнөн артканды салды, ал эми бул аял жоктугунан колунда болгонунун баарын, тиричиликке дегенинин баарын, салды»,— деп түшүндүрүп берет. Ушундан кийин Ыйса ийбадатканадан кетет жана экинчи бул жакка кайтып келбейт.

Ыйсанын окуучуларынын бири ийбадаткананын чоңдугуна жана кооздугуна суктанып: «Устат, карачы, кандай таштар да, кандай имараттар!» — дейт үнүн бийик чыгарып. Ооба, билдирүүлөргө караганда, таштардын узундугу 11 метрден, туурасы 5 метрден, бийиктиги болсо 3 метрден ашыгыраак болчу.

«Бул зор имараттарды көрүп турасыңбы? Бул жерде уратылбаган таш үстүндө таш калбайт»,— деп жооп берет Ыйса.

Андан кийин Ыйса расулдары менен Кедрон өрөөнүнөн өтүп, Зайтун тоосуна чыгат. Тоодон алар укмуштай кооз ийбадаткананы алаканга салгандай көрө алышат. Матфей 23:25—24:3; Марк 12:41—13:3; Лука 21:1—6; 2 Тарых 24:20—22.

▪ Ыйса ийбадатканага акыркы жолу келгенинде эмне кылат?

▪ Китепчилер менен фарисейлердин эки жүздүүлүгү кандайча көрсөтүлөт?

▪ «Геенна соту» деген эмнени билдирет?

▪ Эмне үчүн Ыйса жесир аялды байларга караганда көп курмандык кылды дейт?