Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иоанндын ишеними аз болгонбу?

Иоанндын ишеними аз болгонбу?

38-бөлүм

Иоанндын ишеними аз болгонбу?

БИР жылдан бери камакта жаткан Чөмүлдүрүүчү Иоаннга Наиндеги жесир аялдын баласынын тирилтилгени жөнүндө билдиришет. Бирок Иоанн мунун маанисин Ыйсанын өзү кантип түшүндүрөрүн билгиси келет, ошон үчүн: «Келе турган Сенсиңби, же башка бирөөнү күтүшүбүз керекпи?» — деп суратыш үчүн эки окуучусун жиберет.

Бул суроо кызыктай сезилиши мүмкүн, себеби мындан эки жыл мурун эле Ыйса чөмүлтүлүп жатканда, ага Кудайдын руху түшкөнүнө жана Кудай жактыруусун билдиргенине Иоанн өзү күбө болбоду беле. Балким, кимдир бирөө Иоанндын ишеними солгундап калды деп ойлошу мүмкүн. Бирок андай эмес. Эгерде Иоанн шектене баштаса, Ыйса анын окуучуларына Иоанн тууралуу жакшы сөздөрдү айтпайт эле. Анда Иоанн эмнеге минтип сурады?

Мүмкүн, Иоанн Ыйсанын Мессия экендигине карата ырастоону анын өзүнөн алгысы келгендир. Түрмөдө кыйналып отурган Иоанн үчүн бул абдан чоң бекемдөө болмок. Бирок анын суроо бергенинин дагы башка себептери бар. Кыязы, Иоанн, алдын ала айтылгандарга ылайык, Ыйсадан кийин анын ордун басуучу катары Мессия кыла турган иштерди аткара турган дагы бирөөнүн келер-келбесин билгиси келген окшойт.

Кудайдын Майланганы падыша жана куткаруучу боло турганы жөнүндөгү ыйык китептик пайгамбарлык менен Иоанн тааныш болчу. Бирок Ыйса чөмүлтүлгөндөн бери бир топ айлар өтүп кетти, а Иоанн болсо дагы эле түрмөдө. Ошондуктан Иоанн, сыягы, минтип сураса керек: «Кудайдын Падышалыгын көзгө көрүнгөн күчтө тургуза турган сенби же Мессиянын даңкы жөнүндөгү кереметтүү пайгамбарлыкты аткара турган дагы башка бирөөнү, орун басуучуну, күтүшүбүз керекпи?»

Иоанндын окуучуларына: «Ооба, келе тургандын өзү менмин!» деп айткандын ордуна, Ыйса алардын өздөрү ачык күбөлүк алышына мүмкүнчүлүк берип, көптөгөн адамдарды ар кандай оору-сыркоолорунан айыктырат. Андан кийин Иоанндын окуучуларына: «Баргыла да Иоаннга эмне көрүп, эмне укканыңарды айткыла: сокурлар көрүп атышат, аксактар басып жүрүшөт, пес оорулуулар тазаланууда, дүлөйлөр угуп атышат, өлгөндөр тирилтилүүдө жана жакырларга жакшы кабар таралып жатат»,— деп айтат.

Башкача айтканда, Иоанндын суроосунан Ыйса кылып жаткандарынан да көптү кылат, балким, анын өзүн да бошотот деген үмүтү бар экени байкалып турат. Бирок Иоаннга Ыйса кылып жаткан кереметтеринен ашыкча нерсени күтпөө керектигин айттыртат.

Иоанндын окуучулары кеткенден кийин, Ыйса адамдарга Иоанн Иегованын Малахия 3:1де алдын ала айтылган «жарчысы» гана болбостон, Малахия 4:5, 6да айтылган Илия пайгамбар экенин да түшүндүрөт. Ошентип, Ыйса Иоаннды өзүнө чейинки пайгамбарлардын катарына кошуп мактайт. Ал: «Чынын айтам силерге: аялдардан туулгандардын арасынан Чөмүлдүрүүчү Иоанндан чоңу көтөрүлгөн эмес, бирок кичинекейи асман падышалыгында андан чоң. Чөмүлдүрүүчү Иоанндын күндөрүнөн тартып азыркыга чейин асман падышалыгы адамдар болгон күчү менен умтулуп келаткан максат болуп саналат жана умтулгандар ага ээ болот»,— дейт.

Асман Падышалыгында кичинекейи Иоанндан чоң деп айтуу менен Ыйса анын асман Падышалыгына кирбей тургандыгын билдирүүдө. Иоанн Ыйсага жол даярдаган, бирок ал Ыйса окуучулары менен өзүнүн Падышалыгында бирге башкара тургандыгы жөнүндө осуят же келишим түзгөнгө чейин өлөт. Ошон үчүн Ыйса Иоаннды асман Падышалыгына кирбейт деп айтып жатат. Ал Кудайдын Падышалыгынын жердеги букара элинин катарына кирет. Лука 7:18—30; Матфей 11:2—15.

▪ Ыйса келе тургандын өзүбү же башканы күтүшүбүз керекпи деп Иоанн эмне үчүн сурайт?

▪ Ыйсанын сөзүнө ылайык, Иоанн кайсы пайгамбарлыкты аткарды?

▪ Эмне үчүн Иоанн Ыйса менен асманда болбойт?