Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иоанн жол даярдайт

Иоанн жол даярдайт

11-бөлүм

Иоанн жол даярдайт

ОН ЭКИ жаштагы Ыйсанын ийбадатканадагы окутуучуларга суроо берип отурганынан бери 17 жыл өттү. Азыр болсо б.з. 29-жылынын жаз айы. Ыйсанын тууганы Иоанн Иордан дарыясынын тегерегинде кабар айтып жүрөт жана элдин баары эле ал жөнүндө кеп кылып калышты.

Сырткы кебетесинен жана сүйлөгөн сөзүнөн Иоанндын башкалардан айырмаланып турган инсан экенин байкоого болот. Ал төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине булгаарыдан кур курчанган. Иоанндын жеген тамагы — чегиртке менен жапайы бал. Ал эмне жөнүндө кабарлап жүрөт? «Өкүнгүлө, анткени асман падышалыгы жакындап калды»,— деп жарыялоодо.

Бул кабар Иоаннды уккандарды кош көңүл калтырган жок. Көптөрү өкүнүү керек экенин, тактап айтканда, ойлорун өзгөртүп, мурунку туура эмес жүрүм-турумдарынан баш тартуу керек экенин моюндарына алышты. Ошондуктан Иордандын бүт аймагынан, ал тургай, Иерусалимден бери көптөгөн адамдар Иоаннга келип жатышты. Ал болсо келгендерди Иордандын суусунда чөмүлдүрүп атты. Эмне үчүн?

Иоанн адамдарды Кудайдын Мыйзам келишимине каршы күнөө кылышканы үчүн чын жүрөктөн өкүнүп жатышканынын белгиси же далили катары чөмүлтүүдө. Ошол учурда Иорданга айрым фарисейлер менен саддукейлер да келишет, аларды Иоанн мындайча айыптайт: «Чаар жылан тукумдары! — дейт ал.— Өкүнүүгө татый турган жемиш алып келгиле жана өзүңөргө: „Биздин атабыз — Ибрайым“,— деп айтпагыла. Анткени Кудай Ибрайымга балдарды мынабу таштардан да жасай алат деп айтып жатам. Мына, дарактардын тамырларынын жанында балта жатат; жакшы жемиш алып келбеген ар бир даракты кыйып, отко ыргытыш керек».

Иоанн жалпынын кызыгуусуна ээ болгондуктан, иудейлер ага дин кызматчыларын жана левиттерди жиберишет. Алар: «Сен кимсиң?» — деп сурашат.

— Мен Христос эмесмин,— дейт Иоанн.

— Анда кимсиң? — деп сурашат тигилер.— Илиясыңбы?

— Жок,— дейт Иоанн.

— Пайгамбарсыңбы?

— Жок!

Алар ошону менен эле токтоп калбай, кайра: «Анда кимсиң? Бизди жибергендерге жооп бергендей бололу. Өзүң тууралуу эмне дейсиң?» — деп сурашат.

Иоанн мындай дейт: «Мен — Исаия пайгамбар айткандай, „Иегованын жолун түз кылгыла“,— деп ээн чөлдө кыйкыргандын үнүмүн».

Тигилер: «Эгерде сен Христос да, Илия да, пайгамбар да болбосоң, анда эмнеге чөмүлдүрүп жатасың?» — деп кызыгышат.

«Мен сууда чөмүлдүрүп жатам»,— деп жооп берет ал,— бирок араңарда силер тааныбаган бирөө турат, ал менин артымдан келатат».

Иоанн, адамдардын жүрөктөрү Мессияны, келечектеги Падышаны, кабыл алгыдай болушу үчүн, жол даярдайт. Ал Падыша тууралуу Иоанн мындай дейт: «Менин артымдан келаткан менден да кубаттуу, мен анын бут кийимин алып жүрүүгө да татыктуу эмесмин». Ошондой эле Иоанн: «Менин артымдан келаткан менин алдыма турду, анткени ал менден мурун эле бар болгон»,— деп айтат.

Ошентип, Иоанндын «Асман Падышалыгы жакындап калды» деген кабары аркылуу Иегованын дайындаган Падышасынын, Ыйса Машайыктын, кызматынын башталышына аз калганы жарыяланды. Иоанн 1:6—8, 15—28; Матфей 3:1—12; Лука 3:1—18; Расул 19:4.

▪ Иоанн кандай адам?

▪ Иоанн элди эмне себептен чөмүлдүрүүдө?

▪ Эмне себептен Иоанн Падышалыкты «жакындап калды» деп айта алган?