Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иоанн ылдыйлайт, Ыйса өсөт

Иоанн ылдыйлайт, Ыйса өсөт

18-бөлүм

Иоанн ылдыйлайт, Ыйса өсөт

ОТУЗУНЧУ жылы Пасах майрамынан кийин Ыйса окуучулары менен Иерусалимден кетет. Бирок алар үйлөрүнө, Галилеяга, жөнөбөстөн, адамдарды чөмүлтүү үчүн, Иудея жерине барышат. Чөмүлдүрүүчү Иоанн да ушул ишти бир жылдан бери жүргүзүүдө жана аны окуучулары дагы эле коштоп жүрүшөт.

Бирок адамдарды Ыйса өзү эмес, анын жетектөөсү менен окуучулары чөмүлтөт. Алар жүргүзүп жаткан чөмүлдүрүү менен Иоанн жүргүзүп жаткан чөмүлдүрүүнүн мааниси бирдей. Бул чөмүлдүрүү иудейлердин Кудайдын Мыйзам келишимине каршы кетирген күнөөлөрү үчүн өкүнгөндүгүн билдирген. Бирок Ыйса тирилгенинен кийин, окуучуларына башка маанини билдирүүчү чөмүлдүрүү жүргүзүүнү буйрат. Ошон үчүн азыркы кезде Ыйсанын жолдоочуларынын чөмүлдүрүүсү адам өзүн Иегова Кудайга кызмат кылуу үчүн арнагандыгын билдирет.

Ыйсанын кызматынын алгачкы күндөрүндө Ыйса да, Иоанн да өз-өзүнчө кызмат кылышууда, бирок экөө тең күнөөлөрү үчүн өкүнгөндөрдү окутуп, чөмүлдүрүп жатышат. Иоанндын окуучуларында ичи тардык пайда болуп, ага Ыйса жөнүндө: «Рабби... ал чөмүлдүрүп атат жана баары ага баратышат»,— деп арызданышат.

Бирок Ыйсанын ийгиликтери үчүн Иоанндын ичи тарыбайт, кайра ого бетер кубанып, окуучуларынын да буга кубанышын каалайт. Ал окуучуларынын көңүлүн төмөнкүгө бурат: «Мен Христос эмесмин, бирок мен анын алдында жиберилгенмин деп айтканыма өзүңөр күбөсүңөр». Андан соң: «Колукту күйөөгө таандык. Күйөө жолдош болсо күйөөнүн жанына туруп, анын үнүн угуу менен абдан кубанууда. Ушу кубанычым толугу менен артты»,— деп жакшы мисал келтирет.

Иоанн окуучуларын жарым жылча мурун Ыйсага тааныштырганда эле, Күйөөнүн жолдошу катары кубанган. Анын окуучуларынын кээ бири Христостун колуктусун түзгөн асман тобунун божомолдуу мүчөлөрү болуп калышкан. Ал топ Ыйсанын рух менен майланган жолдоочуларынан турат. Иоанн жанындагы окуучуларынын да Ыйсаны ээрчишин каалайт, анткени анын максаты Ыйсанын ийгиликтүү кызмат кылышына жол даярдап берүү эле. Муну Чөмүлдүрүүчү Иоанн: «Ал өсүшү, мен ылдыйлашым керек»,— деп түшүндүрүп берет.

Башында Чөмүлдүрүүчү Иоанндын окуучусу болуп жүргөн, азыр болсо Ыйсанын жаңы окуучусу болуп калган Иоанн Ыйсанын кайдан келгенин жана адамдарды куткаруудагы маанилүү ролу жөнүндө: «Асмандан Келүүчү — баарынан жогору. [...] Атасы Уулун жакшы көрөт жана анын колуна баарын берди. Уулуна ишеним көрсөткөн түбөлүк өмүргө ээ; Уулуна баш ийбеген өмүрдү көрбөйт, бирок Кудайдын каары анын үстүндө болот»,— деп жазган.

Иоанн Чөмүлдүрүүчү өзүнүн кызматынын кыскартылышы жөнүндө сөз кылгандан көп өтпөй падыша Ирод тарабынан камакка алынат. Ирод бир тууганы Филипптин аялына, Иродиадага, үйлөнүп алган болчу. Анын кылган бул туура эмес ишин Иоанн эл алдында ашкерелегендиктен, падыша аны түрмөгө камоону буйрат. Ыйса Иоанндын камалганын угуп, окуучулары менен Иудеядан Галилеяга кетет. Иоанн 3:22—4:3; Расул 19:4; Матфей 28:19; 2 Коринфтиктер 11:2; Марк 1:14; 6:17—20.

▪ Ыйсанын өлгөнүнө чейинки жетекчилиги астында жүргүзүлгөн чөмүлдүрүү кандай мааниге ээ болгон? Тирилгенден кийинкисичи?

▪ Иоанн окуучуларынын арыздануулары негизсиз экенин кандайча көрсөтөт?

▪ Эмне себептен Иоанн түрмөгө каматылат?