Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исаиянын пайгамбарлыгынын аткарылышы

Исаиянын пайгамбарлыгынын аткарылышы

33-бөлүм

Исаиянын пайгамбарлыгынын аткарылышы

ЫЙСА фарисейлер менен иродчулардын аны өлтүрүү амалын издеп жатышканын билип, окуучулары менен Галилея деңизине кетет. Ал жакка Палестинанын бардык аймактарынан атүгүл ага чектеш жерлерден да эл агып келип жатты. Ыйса көптөрдү айыктыргандыктан, катуу ооругандардын баары ага колдорун тийгизүү үчүн умтулушууда.

Эл абдан көп эле, ошондуктан Ыйса окуучуларына дайыма даяр кайык алып жүрүшүн буйрат, себеби элге кысылбаш үчүн, жээктен ары сүзүп барып аларды окута алмак. Мындан сырткары, кайыктын жардамы менен башка жерлерге барып, ал жактагы адамдарга да жардам берсе болот.

Шакирт Матфей Ыйса өзүнүн кызматында «Исаия пайгамбар аркылуу айтылганды» аткаргандыгын белгилеп, анан пайгамбарлыкта айтылган сөздүн өзүн жазган:

«Мына, менин тандаган кызматчым, жаным жактырган сүйүктүүм! Мен ага өзүмдүн рухумду коём жана ал элдерге адилеттүүлүк эмне экенин түшүндүрөт. Ал уруш чыгарбайт да, кыйкырбайт, анын үнүн башкы көчөлөрдөн эч ким укпайт. Адилеттүүлүктү жеңишке жеткирмейин, чала сынган камышты сындырбайт жана араң эле бүлбүлдөп күйгөн биликти өчүрбөйт. Анын ысымын болсо элдер медер кылышат».

Албетте, Кудай жактырган сүйүктүү кызматчы — Ыйса. Ал жалган диндин салттарынын айынан айырмалоого кыйын болуп калган чыныгы адилеттүүлүк эмне экенин адамдарга айкын түшүндүрүп берүүдө. Анткени Кудайдын мыйзамын туура эмес түшүнүп алышкан фарисейлер ишембиде атүгүл оорулуу адамга да жардамга келишмек эмес! Кудайдын адилеттүүлүгүн түшүндүрүү менен Ыйса адамдарды каада-салттардын оор жүгүнөн бошотууда, дал ошонусу үчүн диний жетекчилер аны өлтүрүүнү каалап жатышат.

Ал эми «ал уруш чыгарбайт да, кыйкырбайт, анын үнүн башкы көчөлөрдөн эч ким укпайт» деген эмнени билдирет? Ыйса адамдарды айыктырганда аларга «өзүнүн ким экенин айтууга катуу тыюу салган». Ал өзү тууралуу көчөлөрдө жар салынышын же ушак таралып кетишин каалаган эмес.

Ошондой эле Ыйса, каймана тил менен айтканда, чала сынган камышка окшоп ийилип, тебелендиде калган көптөгөн адамдарга жубатуучу кабарын алып келүүдө. Алар мына-мына өчөйүн деп, араң эле бүлбүлдөп күйгөн билик сыяктуу. Ыйса чала сынган камышты сындырбайт жана бүлбүлдөп турган биликти өчүрбөйт. Ал кайрымдуулугу жана сүйүүсү менен момундарды бекемдей билет. Чынында эле, Ыйсага элдер таянса болот! Матфей 12:15—21; Марк 3:7—12; Исаия 42:1—4.

▪ Ыйса адилеттүүлүктү кандайча, уруш чыгарбай жана башкы көчөлөрдө үнүн көтөрбөй, айкын жарыялап жатат?

▪ Чала сынган камыш менен бүлбүлдөп күйгөн биликке кимдер окшош жана Ыйса аларга кандай мамиле жасайт?