Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишембиде жасалган жакшы иштер

Ишембиде жасалган жакшы иштер

29-бөлүм

Ишембиде жасалган жакшы иштер

ОТУЗ биринчи жылдын жаз айы. Ыйса Иудеядан Галилеяга баратып, Самарияда кудуктун жанынан аял менен сүйлөшкөндөн бери бир нече ай өттү.

Ыйса Галилеянын бардык жеринде элдерди окуткандан кийин кайрадан Иудеяга келип, синагогада кабар айтат. Ыйык Китепте анын Иудеяда ушу жолку келишинде жана өткөн жылдын Пасах майрамынан кийинки айларда жүргүзгөн иштери тууралуу Галилеяда кылган кызматына салыштырмалуу аз айтылат. Калыбы, Иудеяда аны Галилеядагыдай жакшы угушкан эмес.

Арадан көп өтпөй Ыйса 31-жылдын Пасах майрамын белгилеш үчүн иудейлердин башкы шаары Иерусалимди көздөй жол тартат. Иерусалимде Кой дарбазасынын жанында Вифезда деп аталган көлмө бар, ал жерге көптөгөн оорулуулар — сокурлар, аксактар — келишчү. Алар суу толкуган учурда түшсө оорудан айыгууга болот деп ишенишчү.

Ишемби күнү Ыйса ал жерден 38 жыл бою ооруп келаткан адамды көрөт. Анын көп убакыттан бери азап чегип жатканын билип, Ыйса андан:

— Айыгууну каалайсыңбы? — деп сурайт.

— Мырза, суу толкуган маалда мени түшүрө турган кишим жок, а өзүм жеткиче, менден мурун башка бирөө түшүп кетет,— деп жооп берет ал.

— Тур, замбилиңди ал да баскын,— деп буйрат Ыйса. Оорулуу адам ошол замат сакайып, замбилин колуна алып жөнөй берди.

Бирок, иудейлер ал адамды көрүп:

— Бүгүн ишемби, мыйзам боюнча замбил көтөргөнүң жарабайт,— дешет.

Анда сакайган киши:

— Мени айыктырган мага: «Замбилиңди ал да баскын»,— деп айтты,— деп жооп берет.

— «Тур, замбилиңди ал да баскын»,— деп сага айткан ким? — деп сурашат алар.

Ыйса топко аралашып кеткендиктен, сакайган адам анын атын билбей калган эле. Кийин бул адам Ыйсаны ийбадатканадан жолуктурганда аны ким айыктырганын түшүнөт.

Ал адам баягы иудейлерди таап, аларга Ыйсанын айыктырганын айтат. Иудейлер муну угар замат Ыйсага келишет. Эмнеге? Анын кереметтерди кандайча жасап жатканын билиш үчүнбү? Жок. Алар Ыйсаны ишембиде жакшы иштерди кылгандыгы үчүн айыпка салышат, атүгүл аны куугунтуктай башташат. Лука 4:44; Иоанн 5:1—16.

▪ Ыйса Иудеяда акыркы жолу болгондон бери канча убакыт өттү?

▪ Эмне үчүн Вифезда деп аталган көлмө кеңири белгилүү?

▪ Көлмөнүн жанынан Ыйса кандай керемет жасайт жана иудейлер буга кандай карашат?