Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ишембиде эмне кылса болот?

Ишембиде эмне кылса болот?

32-бөлүм

Ишембиде эмне кылса болот?

ДАГЫ бир ишемби күнү Ыйса Галилея деңизинен анча алыс эмес жердеги синагогага келет. Ал жерге келгендердин арасында оң колу сенек киши да бар эле. Китепчилер менен фарисейлер ал кишини Ыйса айыктырат болду бекен же айыктырбайбы деп аңдып турушат. Акыры, алар: «Ишембиде айыктыруу мыйзамга жатабы?» — деп суроо коюшат Ыйсага.

Иудей дин жетекчилеринин ою боюнча, адамдын өмүрү коркунуч алдында турса гана ишемби күнү айыктырууга болот. Мисалы, ишемби күнү чыккан сөөктү ордуна салууга же чоюлуп калган жерди таңууга болбойт деп окутушат алар. Ошондуктан алар Ыйсаны күнөөлөш үчүн эле суроо берип жатышат.

Бирок Ыйса алардын эмне ойлоп турганын билет, ошондой эле ишемби күнгө коюлган талаптарды кайсы иш бузарына карата Жазмага дал келбеген кыйкымчыл көз караштарга карманышарын да түшүнүп турат. Ошондуктан ал дин жетекчилеринин мизин кайтарууну чечип: «Ордуңан туруп, ортого чык»,— дейт колу сенек кишиге.

Анан китепчилер менен фаисейлерге кайрылып: «Араңарда жалгыз коюнун ишемби күнү аңга түшүп кеткенин көрүп, аны чыгарбай койгон адам барбы?» — дейт. Кой жакшы киреше алып келгендиктен, ээси аны кийинки күнгө чейин аңга калтырып койбойт, анткени ал ооруп калса, ээси чыгашага учурамак. Анын үстүнө, Ыйык Китепте: «Адилеттүү киши өз малынын өмүрүнө да кам көрөт»,— деп айтылган.

Андан кийин Ыйса: «Койго караганда адам канчалык баалуу! Демек, ишемби күнү жакшы иш кылса болот экен да»,— деп сөзүн улайт. Кайрымдуулукту чагылдырган мындай туура ой жүгүртүүгө каршы дин жетекчилер ым дей алышкан жок.

Китепчилер менен фарисейлердин акылсыздыгына жана кежирлигине кейүү менен Ыйса аларды ачуулуу карайт да, оорулуу кишиге: «Колуңду сун»,— деп айтат. Ал киши сунары менен, колу айыгат.

Фарисейлер тиги кишинин сакайганына кубангандын ордуна, сыртка чыгышып, ошол замат иродчулар менен кандайча Ыйсаны өлтүрүштү акылдашып киришет. Иродчулардын саясый партиясы (аларга саддукейлер да кирет) фарисейлер менен ачыктан-ачык душман, бирок Ыйсага каршы иш кылууга келгенде алардын максаты бир болгон. Матфей 12:9—14; Марк 3:1—6; Лука 6:6—11; Аңгемелер 12:10; 2 Муса 20:8—10.

▪ Ыйса менен иудей дин жетекчилеринин ортосундагы келишпестик эмнеден улам пайда болот?

▪ Ишемби күнү айыктырууга диний жетекчилер кандай карашат?

▪ Алардын туура эмес көз караштарын четке кагуу үчүн Ыйса кайсы көрсөтмөлүү мисалды келтирет?